Окуу тарбия мекемелери менен педагогика илимин өнyктyрyyнyнyн негизги дyйнөлук тенденциялары
Автор: Amina765 • Декабрь 25, 2023 • Лекция • 3,788 Слов (16 Страниц) • 121 Просмотры
ЛЕКЦИЯ №17.
ТЕМА: ОКУУ ТАРБИЯ МЕКЕМЕЛЕРИ МЕНЕН ПЕДАГОГИКА ИЛИМИН ӨНҮКТҮРҮҮНҮНҮН НЕГИЗГИ ДҮЙНӨЛҮК ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ.
1. 1941-1990-жж. Кыргызстандагы билим берүү педагогика илиминин өнүгүшү.
2. Кыргызстандагы мектептердин жана педагогиканын өнүгүшү.
3. Эл агартуудагы Кыргыз жазуучуларынын орду.
1. 1941-1990-жж. Кыргызстандагы билим берүү педагогика илиминин өнүгүшү.
XIХ-ХХ кылымдардын чегинде алдыңкы Европа өлкөлөрүнүн педагогикасында байкалаарлык жылыштар болгон. Ошол кезге чейин туруктуу концепциялар (мисалы, гербартианство, спенсерианство, клерикалык педагогика) күчөтүлгөн сынга дуушар боло башташкан. Бул традиционалисттик концепцияларга альтернатива катары педагогиканын реформатордук катары кароого мүмкүн берген идеялар көтөрүлгөн ("эркин тарбия", "эмгектик мектеп", "эксперименттик педагогика" ж. б.).
Ушул шартта традиционализм педагогикасы калыптанган жана жайылтылган. Ал бир катар негизги идеялар менен мүнөздөлгөн. Анын өкүлдөрү ойлом маданиятын калыптандыруу зарылдыгын жакташкан, тарбия процессинин багытталган мүнөзүн негиздешкен, окутуу менен тарбиялоонун натыйжаларынын социалдык себептерин изилдешкен, окуу-тарбия процессинде, сөз менен, китеп менен окутууда окутуучунун биринчи даражадагы ролун моюнга алышкан.
Педагогикалык салттардын социалдык маңызы өтө эле бир жактуу эмес болгон. Мисалы, Францияда бир педагогикалык салттар Француз революциясынын идеяларынан келип чыкса, башкалары иезуит педагогикасына барып такалат. Ошондой болсо да изилдеген мезгилде бул салттардын бардыгы жалпы мамлекеттик бидим берүү саясатынын духунда бирдейленүүгө (нивелировка) дуушар болгон.
Педагогикалык традиционализм XX кылымдын башталышында Германияда кеңири таанылган. Немец педагогу И.Ф.Гербарттын (1776-1841) педагогикалык окуусу Германиянын өзүндө да, андан сырткары да официалдуу колдоого ээ болгон.
Гербарт тарбия берүүчү окутуу жолу менен тарбия берүү процессине кийлигишүүгө багытталган ойлом маданиятынын зарылдык идеясын сунуш кылган жана иштеп чыккан. Ал тарбия берүү менен окутуулу бирдиктүү интеллектуалдык процесс катары караган. Гербартта тарбия берүүчү окутуунун элементтери төмөнкүлөр: башкаруу, адеп-ахлактык насаат жана окутуу.
Гербарттын жолун жолдоочулар анын педагогикалык теориясынын сырткы түрүн жалпысынан бир аз өзгөртүшкөн. Мисалы, белгилүү немец педагогу Т.Циллор (1817-1882) окутуунун концентрациялоонун гербартиандык идеясын гуманитардык мектеп сабактарынын айланасында пропагандалаган жана үгүттөгөн. Окуу планындагы сабактар, анын маданият баекычтары теориясы боюнча жалпы маданияттын өнүгүү этаптарына жана чиркөө тарыхына так туура келгидей катарда болушу керек деп эсептеген.
Салттуу педагогикада гербартианствонун башка негиз болуучу идеялары да бир аз түрүн өзгөрткөн. Мисалы: Гербарттын педагогикасында эмгекке окутуу жана тарбиялоо интеллектуалдык өнүгүүгө көмөк берүүчү дидактикалык каражат катары каралса, ал эми гербартианциллор педагогикасында интеллектуалдык адептик тарбияга баш ийген экинчи даражадагы маселе болуп калган. Андан ары эмгекке тарбиялоо менен окутуунун ролун кемсинтүүгө америкалык гербартианчылар барышкан. Алар жалпы билим берүүнүн өтө интеллектуалдуу мүнөзүнүн жактоочулары болуу менен ага кол эмгекти киргизүүгө каршы чыгышкан.
Белгилүү француз философу Э.Дюркгейм (1858-1917) педагогикалык көз караштарын традиционалисттик духта баяндаган. Ал коомдук педагогикалык процесске тийгизген таасирине багытталган коомдук максатты жана тарбиялоонун мүнөзүн жактаган. Э.Дюркгейм тарбиянын максаты физикалык, интеллектуалдык жана адепахлактык сапаттардын белгилүү жыйындысын калыптандырууда турат деп эсептеген. Ага тигил же бул саясий коом, тигил же бул чөйрө кызыгдар болот. Анын пикири боюнча, адамдын табиятын эске алып түзүлбөгөн тарбия берүү коом үчүн зыяндуу болуп эсептелет. Э.Дюркгеймдин педагогикалык идеялары белгилүү оң мааниге ээ болгон. Дюркгейм иш жүзүндө педагогиканын жаңы тармагын педагогикалык социологияны негиздеген, тарбиялоо процессинин социалдык мүнөзүнүн шексиздигин, анын коомдук максатынын биринчи маанилүүлүгүн далилдеген.
...