Педагогика илиминин категориялары
Автор: Nuna Frt • Апрель 10, 2021 • Реферат • 1,072 Слов (5 Страниц) • 8,819 Просмотры
[pic 1]
ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН КАТЕГОРИЯЛАРЫ
- Педагогика илиминин негизги категориялары
- Педагогика илиминин түзүлүшү
- Педагогика илиминин негизги категориялары
Педагогика илимин толук өздөштүрүү анын негизги категорияларын так, анык билүүдөн көз каранды. Категория ар бир илимдин эң негизги, эң маанилүү түшүнүктөрү катары кабыл алынып, изилденип жаткан объектини, процессти, кубулушту жана алардын байланыштарын чагылдырат. Ошондуктан бардык илимдер сыяктуу эле, педагогика илимин терең өздөштүрүү үчүн биринчи ирээтте категорияларын так, туура билүү зарыл.
Педагогика илиминин негизги категорияларына тарбиялоо, калыптандыруу, өнүктүрүү, окутуу, билим берүү, билим, билгичтик жана көндүм кирет.
Педагогика илиминде «тарбиялоо» категориясы эң жалпы маанисинде инсанды калыптоо үчүн багытталган жана атайын уюштурулган процесс катары белгиленет. «Тарбиялоо» категориясы абдан маанилүү болгондуктан аны социалдык кең жана тар мааниде, ошондой эле педагогикалык кең жана тар мааниде аныкташат.
Социалдык кең мааииде тарбиялоо - бул улуу муундун кийинки жаш муунга адамзат топтогон бардык тажрыйбаны өткөрүшү. Тажрыйба түшүнүгүнө адамзатка белгилүү болгон бардык илимдер системасы тарабынан иштелип чыккан билимдер, адеп - ахлактык, этикалык, укуктук нормалар, жалпылап айтканда адамзат өзүнүн тарыхый жолунда иштеп чыккан руханий мурастар кирет. Демек, тарбиялоо эң кеңири мааниде - коомдун мүнөзүнө, мамлекеттик түзүлүшкө жана орун алган ар түрдүү коомдук аң-сезимге көз карандысыз бардык адамзаттын топтогон руханий дүйнөсүн өнүгүп келе жаткан жаш муундарга жогорку деңгээлде түшүндүрүү менен аларды калыптоо болуп саналат.
Социалдык тар мааниде тарбиялоо бул - аныкталган коомдук институттар тарабынан атайын белгиленген билимге, көз караштарга, адеп - ахлактык баалулуктарга, саясий багыттуулукка калыптандыруу үчүн адамдарга атайын таасир этүү. Демек, бул учурда тарбиялоонун кең маанисинин мамлекетибизде кабыл алынган улуттук, коомдук аң-сезимдин негизиндеги чагылышы.
Педагогикалык кең мааниде тарбиялоо окутуу - тарбиялоо мекемелеринде тарбияланып жаткан жаш муундарга алдын ала белгиленген сапаттарды калыптандыруу үчүн атайын уюштурулган, багытталган, жетектелген педагогдордун жана ошондой эле ар түрдүү коллективдин, коомдун, үй-бүлөнүн таасиринин жыйындысы.
Педагогикалык тар мааниде тарбиялоо бул - так аныкталган тарбиялоо маселелерин чечүүгө арналган тарбиялоо ишмердүүлүгүнүн жыйындысы жана анын жыйынтыгы. Башкача айтканда, тарбиялоонун жалпы жүрүшүнүн педагогикалык процесстеги чагылышы.
Калыптандыруу - адамдын инсан катары, башкача айтканда социалдык объект катары бардык тышкы жана ички факторлордун таасири алдындагы өнүгүү процесси. Тарбиялоо процесси калыптанууга таасир этүүчү негизги факторлордун бири. Калыптануунун негизинде ар бир инсан өнүгүүнүн кайсы бир аныкталган деңгээлине жетет.
Социалдашуу (социализация) - жаш муундун коомдук байланыштарын жана баарлашуунун натыйжасында аныкталган коомдогу инсандык баалуулуктарды, нормаларды, жүрүм-турум эрежелерин өздөштүрүүсү.
Өнүгүү - адамдын организминдеги сандык жана сапаттык өзгөрүү процесси жана анын жыйынтыгы. Ал тынымсыз жана үзгүлтүксүз өзгөрүүлөрдүн негизинде жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн жогоруга өтүү менен мүнөздөлөт. Өнүгүү тышкы таасирлердин (жаратылыштык жана социалдык чөйрө, тарбиялоо, коллективдик таасир.
баарлашуу), ошондой эле ички таасирлердин (анатомиялык, физиологиялык өздүк өзгөчөлүк, өздүк активдүүлүк, ишмердүүлүк) негизинде жүрөт. Өнүгүү башкарылуучу факторлордон (тарбиялоо жана өздүк) жана ошондой эле башкарылбас факторлордон (чөйрөнүн объективдүү жана стихиялык таасирлер) көз каранды.
...