Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Педагогика илиминин предмети жана маселелери

Автор:   •  Апрель 8, 2021  •  Реферат  •  2,325 Слов (10 Страниц)  •  4,141 Просмотры

Страница 1 из 10

[pic 1]

ПЕДАГОГИКА ИЛИМИНИН ПРЕДМЕТИ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИ

  1. Педагогика йлиминин пайда болушу жана калыптанышы
  2. Педагогика илиминин негизги мүнөздөмөлөрү
  3. Педагогика илиминин башка илимдер менен байланышы

  1. Педагогика илиминин пайда болушу жана калыптанышы

Педагогика илими бардык эле илимдердин системасы сыяктуу эле коомдун белгилүү бир өнүгүү этабында коомдук муктаждыктын негизинде келип чыккан. Себеби, коомдун ар бир өнүгүү этабында улуу муун кийинки муунга адамзаттын бардык топтогон өндүрүштүк, социалдык жана руханий тажрыйбаны өткөрүүгө тийиш болгон. Эгерде социалдык тажрыйба коомдун алгачкы өнүгүү этабыида жаш муундарга турмуштан алынган ар түрдүү кеңештердин, сунуштардын жыйнактары аркылуу берилсе, кийинчерээк алар жалпыланып. кайсы бир деңгээлде бир системага айланышы аркылуу берилген. Ошентип, педагогика илими алгачкы педагогикалык ой толгоолорунун жыйындысынан коомдун аныкталган өнүгүү мезгилинен тартып өзүнчө бир өзгөчөлөнгөн объектиси, предмети, методологиясы, изилдөө ыкмалары жана технологиясы бар илимге айланган.

“Педагогика” деген термин байыркы гректин "пейдос" - бала, "аго"- жетелөө деген сөздөрүнөн келип чыгып, түздөн- түз кыргыз тилине которгондо баланы жетелөө, ага жол көрсөтүү деген маанини түшүндүрөт. Байыркы Грецияда алгач педагогдор деп кул ээлеринин балдарын сейилдөөгө чыгарып, кайра алып келүүчү кулдарды аташкан. Кийинки мезгилде кул ээлөөчүлөрдүн балдарынын бош убактысын алдын-ала даярдалган, уюштурулган жерлерде атайын тандалган жана тиешелүү даярдыгы бар адамдардын жетекчилигинин алдында өткөрө башташкан. Ушундан улам өнүккөн коомдордо мектептер пайда боло баштаган. Мектеп байыркы грек тилинде "бош убакытты өткөрүү", "эмгектен эс алуу" дегенди түшүндүрөт. Коомдун өзгөрүшү менен бирге «педагогика» жана «мектеп» терминдери азыркы түздөн-түз маанисине ээ болушкан.

Педагогика илиминин башаты эң байыркы Кытай, Индия. Египет, Греция жана башка цивилизацияларындагы жаш муундарды тарбиялоо боюнча сунуштардын, пикирлердин жыйындысында жатат. Педагогикалык ой толгоолор байыркы ойчулдардын эмгектеринде айрым бир бөлүктөрү катары кездешет. Байыркы Грецияда жаштарды тарбиялоо, аларды калыптандыруу боюнча негизги сунуштар, жоболор пайда болгон. Ошол эле учурда, тарбиялоонун айрым бир багыты боюнча атайын эмгектер жаралган.

Сократ (б.з.ч. 469 - 399 ) жаңы нерселерди үйрөтүүдө суроо жооп методдун иштеп чыккан. Үйрөнүүчүнүн тигил же бул багыттагы ой толгоосун сурамжылап, ага жаңы ишмердүүлүктөрдү, жаңылыктарды түшүрүү жолу эффективдүү болоорун аныктаган.

Платон (б.з.ч. 427- 347) илимий трактаттарында тарбиялоо процессинин маңызын, анын мазмунун жана аларды уюштуруу формалары боюнча илимий көз- караштарды жазган.

Аристотель (б.з.ч. 348- 322) адеп - ахлактык, акыл-эс, дене тарбиясы боюнча классикалык эмгектерди жазып, биринчилерден болуп окутуу процессинде окуучулардын жаш курактык өзгочөлүгүн эске алуу зарылчылыгын белгилеген. Анын педагогика илимине арналган "Этика", "Жан жөнүндө", "Саясат" жана башка эмгектери жарык көргөн.

Марк Фабий Квинтиллиан (118 - 42 б.з.ч. ) адамдын эл алдында сүйлөө мүмкүнчүлүгүн артыруу боюнча "Чечендикке тарбиялоо" аттуу он эки китептен турган эмгекти жазган.

Бардык эле илимдер сыяктуу орто кылымда педагогикалык ой толгоолор дагы диндик догмалардын. дин окууларынын үстөмдүгүнүн алдында калышкан. Педагогикалык багыттагы илимий трактаттарды Тертуллиан (160-222 жылдары), Августин (354-430 жылдары), Аквинат (1225-1274 жылдары) жана башка ойчулдар жазышкан. Коомдук өнүгүүнүн бул этабында белгилүү деңгээлдеги жаңы педагогикалык теориялар жаралган эмес.

Кайра жаралуу доорундагы коомдогу болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр педагогика илимине дагы чоң таасир эткен. Мектептер, атайын окуу жайлар диндик институттардын таасиринен кайсы бир деңгээлде ажыратылган. Ошондуктан көптөгөн педагогикалык теориялар жаралган. Кайра жаралуу доорундагы көрүнүктүү педагогдорго Витторино да Фельтрэ (Италия), Франсуа Рабле (Франңия), Томас Мор (Англия), Мишель Монтень (Франңия), Эразм Роттердамский (Голландия), Людовик Вивес (Испания), Томазо Кампанелла (Италия) жана башкалар кирет.

...

Скачать:   txt (36.2 Kb)   pdf (126.5 Kb)   docx (21.4 Kb)  
Продолжить читать еще 9 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club