Педагогикалык жөндөмдүүлүк
Автор: rasul.94.kg.94 • Декабрь 25, 2018 • Доклад • 2,710 Слов (11 Страниц) • 6,637 Просмотры
2. Педагогикалык жөндөмдүүлүк
Мугалимден өзү тандап алган кесиптин үстундө ийгиликтүү иштөөсү үчүн өзгөчө, спецификалык касиеттердин болуусу да талап кылынат. Мындай спецификалык касиеттер бир жагынан социалдык чөйрөгө жараша калыптанса, экинчи жактан жаратылыштык негизге да ээ болот. Мугалимге керектүү болгон айрым кесиптик касиеттер жаратылыштык негизге ээ болмоюнча, педагог өз кесиби боюнча жогорку чекке көтөрүлө албайт. Бул мугалимден атайын жөндөмдүүлүктүн түрлөрүн талап кылат.
Педагогикалык жөндөмдүүлүктүн жаратылыштык негизи илимде бир жактуу чечимге ээ эмес. Бул түшүнүк педагогика, психология . илиминде реалдуу жашоодо. Анын жаратылышы жөнундө айрым изилдөөлөр кеңири кездешет.
Педагогикалык жөндөмдүүлүк—татаал структурага ээ. Психолог В. А. Крутецкий педагогикалык жөндөмдүүлүктү шарттуу түрдө личносттук,: дидактикалык, коммуникативдуу деп үч группага бөлөт.
Личносттук жөндөмдүүлүк. Бул касиет төмөндөгүдөй структурадан турат:
1. Балдарды жакшы көрүү. Окуучулар менен карым-катнашка өтүүгө аракеттенүү, ички дүйнөсүнө кирүүгө, аны ар тараптан үйрөнүүгө далалаттануу. Балдарга сылык, кичи пейил, ак көңүл мамиледе болуу. Окуучулар мугалимде мындай касиеттердин бар экендигин ички сезим менен билишет. Ошого жараша мамиле түзүүгө аракеттенишет.
Дидактикалык жөндөмдуулук:
Мугалимдин бул жөндөмдуулугу төмөнкудөй касиеттерден байкалат,
1.Тушундурү билуу жөндөмдүүлүгү — өз оюн окуучуларга түшүнгөндөй кылып, эн, кыйын, татаал проблемаларды окуучу лардын тилине ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгү. Татаал проблемаларды жөнөкөйлөтүү, жаратылыштагы ордун көрсөтүү менен , бирге окуучулардын тигил же бул материалды түшүнүүсүн алдын ала көрө билүү.
2. Көп жөндөмдуулугу — Мугалим кептик формада. өз оюн так, ачык берүү мүмкүнчүлүгү. Кен мугалимдер өзунун билгенин көп аркылуу туюнта албагандыктан, керектүү сөз айтылышын кое албагандан, сөз байлыгыньш жетишсиздигинен (статистика боюнча ар бир адам 15—16 миңге чейин сөз запасына ээ), кылымдар бою айрым кыргыз сөздөрунун аң-сезимсиз, автоматтык" түрдө, ойлонулбай айтылып кеткен сөздөрдүн (орусташтыруунуй натыйжасында) унутулушу, Учурунда ылайыктуу сөздү таба албай, орун сөздөрү менен айкалыштыруусу окуучуларга берген ин-формациялардын кыйын, татаал, оор болушуна алып келет. Көп учурда чечендик жөндөмдуулук деп да жүрүшөт. Кыска убакыттын ичинде тигил же бул информацияга керектүү кептердин системасын табуу мугалимдин авторитетин кескин көтөрөт.
Академиялык жөндөмдуулук — тигил жө бул сабактап берген мугалимде өз кесиби боюнча өзгөчө талант, мүмкүнчүлүк кенен болушун талап кылат. Мисалы, математик мугалим жалаң гана окуганын айтып, түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн башка жара-тылыштык «чымыны» да болушу зарыл. Адабият, тнл мугалими адгеме, ыр жазуу мумкунчулугунө эз болсо, окуучулардын ал-дында авторитета жогорулайт. Академиялык жөндөмдүүлүк мугалимдин программалык материалды терең, ар тараптан түшүнүү, окуу,-китепте айтылбай кеткен жерлерин бир канча эсе терең ту-шүнө билүү жөндөмдүүлүгүн белгилейт. Мындай мугалимдерди окуучулар өз сабагынын профессору деп аташат,
Мугалимдин профессионалдык эрудициясы, өз сабагы боюнча даярдыгы, маалыматгарды окуучуларга жеткизе билүү ыгы, методикалык билимдүлүгү окуу процессии эффективдүү башкаруу га мүмкүндүк берип, класста тартипти эркин сактоого өбөлгө болот.
Ж- Ж.нын жогорку деңгээлде өткөн сабагы окуучулардагы нервдик чьңалуучу алып таштайт, өздөрүн эркин сөзишет, түшүнбөгөн суроолордун кескин азайусу окуучуларды мугалимге жакындатат. Мунун өзү окуучулар тарабынан мугалимдин көп тескери адамдык сапаттарын кечируугө түрткү берет.
...