Жарыктын табияты жёнүндөгү алгачкы ой-пикирлер
Автор: 13061988 • Январь 25, 2018 • Лекция • 890 Слов (4 Страниц) • 5,731 Просмотры
ЖАРЫК. ЖАРЫК КУБУЛУШТАРЫ
1. Жарыктын табияты жёнүндөгү алгачкы ой-пикирлер
Жарыктын жаратылышы, анын мааниси жөнүндөгү маселелер илимпоздорду бир нече жүздөгөн жылдар кызыктырып келген.:
Англис физиги Исаак Ньютон (1643-1727) 1675-жылы жарык жөнүндөгү теориясын сунуш кылган!'Ал теория боюнча жарык, жаркырак телолордон учуп чыккан жана көзгө көрүү сезимин пайда кылган тез кыймылдагы кичине бөлүкчөлөдүн - корпускулалардын агымы болуп эсептелген Бул теория боюнча жарыктын чагылышы чагылтуучу беттен корпускулалардын, серпилгич шарчалар катуу нерсенин бетинен чагылган закон сыяктуу чагылышы менен түшүндүрүлгөн. Түсторүнүн ар башкалыгы корпускулдардын чоңдуктарына карата аныкталган: чоңураак корпускулдар кызыл түстү сезүүнү пайда кылса, өтө кичирээктери кызгылт-көк түстү сездирет деп кабыл алынган. Бул теория Ньютондун авторитетине байланыштуу бир кыйла мезгилге кабылданган. Англис илимпозу Р. Гук (1635—1703), Ньютон менен бир эле мезгилде жарыктын, корпускулярдык теориясына карама-каршы келген, жарыктын толкундук жаратылышта экендиги жөнүндөгү ёзүнүн гипотезасын айткан. Буд гипотеза XVII кылымдын улуу голланд физиги X. Гюйгенс (1629-1695) тарабынан анын 1690-жылы жарык көргөн «Жарык жөнүндөгү трактат» эмгегинде андан ары өркүндөтүлүп, жарыктын толкундук теориясы илимий деңгээлде каралган. Жарыктын жаратылышы жөнүндегү мындай көз карашты башка илимпоздор да кол- доп чыгышкан. Алардын ичинде орустун улуу окумуштуусу М. В. Ломоносов да болгон.
Кийинчерээк XIX кылымдын биринчи жарымында өздорүнүн эмгектерин оптиканын өнүгүшүнө арнашкан француз физиктери О. Френель, А. Физо, англис физиги Т. Юнг, немец физиги Й. Фраунгофер жана башкалардын илимий ачылыштары, жарык толкундук процесс экендигин ишенимдүү далилдеген. Ошентип, Ньютондун жарык жонүндөгү корпускулярдык теориясы толугу менен четке кагылып, анын ордуна жарыктын толкундук теориясы ёркүндөй баштаган.
Жарыктын чагылуусу бардык эле толкундар үчүн орун ал- ган: чагылуу бурчу тушуу бурчуна барабар деген закон боюнча түшүндүрүлгөн.
Түстөрүнүн ар кандай болушу үндүн тонунун айырмачылыгы үн толкундарынын узундуктарына жараша болгон сыяктуу эле, жарык толкундарынын узундуктарынын ар кандай болушу менен түшүндүрүлөт.
Айланабыз жарык же караңгы экендигине карабай көрүүгө мүмкүн болгон жана курчал турган айлана чөйрөсүнө жарык чыгарууга жөндөмдүү болгон нерселер (телолор) жарык булактары деп аталат. Жарык булактары табигый жана жасалма болуп бөлүнүшөт. Жарыктын табигый булактарына Күн, жылдыздар, атмосферанын жарык берүүчү газдары (чагылган, уюлдук жаркыроо), ошондой эле бир катар тирүү организмдер, мисалы, балыктар, жаркырак коңуз ж. б. кирсе, жарыктын жасалма булактарына — электр жаасы, электр лампочкасы, чырак, шам ж. б. кирет)
Жарык булагын мүнөздөө үчүн жарык күчү деген түшүнүк киргизилген. Жарык агымынын (Ф) бул агым таралуучу нерсе- лик (телесный) бурчка болгон катышы менен ченелүүчү чондук жарык күчү (J) деп аталат
СИ системасында жарык күчүнүн бирдиги катары свеча (св) кабыл алынса, жарык агымы үчүн люмен (лм) кабыл алынган. Эгер J =1 св, П= 1 стер (стерадиан) болсо, Ф = 1 лм ге барабар. Чекиттик жарык булагы бардык багыт боюнча бирдей нур чы- гарат. Нерселик бурч
Ὠ= 4тг стер ге барабар. Мындай учурда толук жарык агымы Фг = 4J барабар.[pic 1]
Жарык нерселерге түшүү менен аларды жарыктандырат. Жарык агымынын ал түшүп жаткан бетке болгон катышы менен өлчөнүүчү чондук жарыктаныш деп аталат.1
Максвелл Джеймс Клерк (1831-1879) - англия- лык физик, негизги эмгектери электродинамика, молекула лык фиэикага арналган. 1859-ж. газдар- дын молекула ларыньпг ылдамдык боюнча жай- ланышуусун тугонтуучу статистикалык аакоеду түзген (Максвелл жайланыштыруусу):[pic 2]
Максвеллдии илимдеги эн маанилуү салымы болуп 1860-65-жылдары түагөн электр-магниттик талаанын теориясы эсептелет. Бул теорияны ал электр-магниттик кубулуштардын бардык закон ченемдүүлүктөрүн туюнтуучу бир нече тецдеме- лердин системасы түрүндө (Максвеллдин тенде- мелери) формулировкалаган.[pic 3]
...