Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү киргизүү жөнүндө

Автор:   •  Ноябрь 8, 2022  •  Доклад  •  5,892 Слов (24 Страниц)  •  132 Просмотры

Страница 1 из 24

«Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга болгон калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрдагы №609 «2020-2024-жылдарга «Иммундук алдын алуу программасын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, иммунизациялоо боюнча көз карандысыз эксперттердин техникалык тобунун (ИКЭТТ) илимий-негизделген сунуштамаларынын негизинде буйрук кылам:

  1. Тиркемелер бекитилсин:
  1.  Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөөнү киргизүү боюнча иш чаралардын планы (1-тиркеме);
  2.  Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдонмо (2-тиркеме);
  3.  Адамдын папиллома вирусуна каршы вакциналарын жүргүзүү алгоритми (3-тиркеме);
  4.  Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны киргизүү боюнча илимий-практикалык конференциянын программасы, катышуучуларынын тизмеси (4-тиркеме);  
  5. Медицина кызматкерлери үчүн тренерлерди даярдоо тренингдин программасы, тренерлеринин тизмеси, зоналдык тренингдерди ɵткɵрүү графиги (5-тиркеме).

2.        Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясатынын башкармалыгынын башчысы, Коомдук саламаттык сактоо бɵлүмүнүн башчысы, (Жусупбекова Н.Э., Мамбетисаева А.К.), Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарында адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүү киргизүү боюнча иш чаралардын бекитилген оперативдик планына ылайык, Баштапкы медициналык санитардык жардам берүү, коомдук саламаттыкты сактоо деңгээлинде аракеттерди координациялоону камсыз кылышсын.

3. Республикалык эмдөө борбору, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө департаментинин директорлору (Ишенапысова Г.С., Абдыкадыров С.А.) тɵмɵнкүлɵрдү камсыз кылышсын:

3.1.        Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарына адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнүү киргизүү;

3.2. Эмдɵɵнү коопсуз жана натыйжалуу башкаруу, эмдөө учурунда инфекциянын алдын-алууга жана инфекцияны контролдоого көзөмөл киргизүү;

3.3.  Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина менен эмдөөнүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон сандагы вакциналар жана сарпталуучу материалдар менен камсыздоо;

3.4. Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинасын учурдагы вакцинанын натыйжалуулугун сактоо үчүн муздаткыч чынжырына жайгаштырууга жана жеткирүүгө болгон даярдыгын көзөмөлдөө;

3.5. Ушул буйрук менен бекитилген программаларга ылайык адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинасын колдонуу боюнча семинарларды өткөрүү;

3.6. Адамдын папиллома вирусуна каршы иммунизацияны даярдоодо жана ишке ашырууда куратордук жана мониторингдик визиттерди жүргүзүү;

4. Облустардын саламаттыкты сактоо боюнча координаторлору, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттыкты сактоо мамлекеттик мекемесинин башчысы, райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы врачтары, тɵмɵнкүлɵрдү камсыз кылышсын:

4.1. 1-тиркемеге ылайык саламаттык сактоо уюмдарында адамдын папиллома вирусуна каршы иммунизациялоону уюштурууну жана жүргүзүүнү контролдоо;

4.2. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып республиканын бардык аймагында бекитилген усулдук сунуштамаларды эске алуу менен адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү баштоону;

4.3. 2022-жылдын октябрына чейин бардык эмдөө пункттарынын медициналык кызматкерлерине адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны колдонуу боюнча кɵрсɵтмɵлɵрдү берүүнү;

4.4. Вакцинаны эмдөөгө ылайык контингенттин санына жараша бөлүштүрүү жана вакцинаны муздаткыч чынжырынын эрежелеринине сактоо менен эмдөө пункттарына жеткирүүнү;

...

Скачать:   txt (93.8 Kb)   pdf (307.9 Kb)   docx (886.3 Kb)  
Продолжить читать еще 23 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club