Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Кахф Сүрөсү (Үңкүр) эмне жөнүндө?

Автор:   •  Апрель 21, 2021  •  Реферат  •  828 Слов (4 Страниц)  •  463 Просмотры

Страница 1 из 4

Кахф Сүрөсү (Үңкүр) эмне жөнүндө? Бул сүрөнүн кыскача түшүндүрмөсү

Мен Бруней-Даруссаламдын султандыгында жашаган кезимде, бейшемби күндөрү бирөөнү көчөгө алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Качан болбосун бардыгы : "Бүгүн жума түнү, үй-бүлөбүз менен бирге Кахр сүрөсүн окуйбуз"- деп жооп беришет эле.  Жума күнү курандын он сегизинчи сүрөсүн окуу сүннөт. Өзүңөр билгендей, исламга ылайык, Шамдан кийин жаңы күн башталат. Ошондуктан бейшемби күнкү кечти - Кахр Сүрөсүн окууга арноо керек. Кахр Сүрөсү сегиз бөлүккө бөлүнгөн, аларды көз салып көрөлү.

Жума күндөрү Кахф сүрөсүн окууда чоң ырайым бар, анткени ишенимдүү хадистерге ылайык, ал адамды кийинки жума күнүнө чейин коргойт, ошондой эле Дажжалдын келишинен жана анын зыянанан сактайт.

"Ким Кахр сүрөсүнүн биринчи он аятын үйрөнсө, ал Дажжалдын [көздүн жоосун алган) азгырыгынан корголот."

Бул сүрө эмне жөнүндө? Андан кандай сабак алсак болот? Ислам аалымы Наоман Али Хан аны 8 семантикалык бөлүккө бөлгөн.

Биринчи бөлүк (1- 8-аяттар) Бул Аллах Тааланын Куран пенделерине түшүрүлгөндүгү жана анда эч кандай катачылык (кемчилик же туура эместик) жок экендиги, бул такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана "Аллахтын баласы бар" деп калп жайгандарга эскертүү экендиги жөнүндө риваяты. Ошондой эле Аллах бизди дүйнөнүн сулуулугу менен сынайт, андан кийин кумга айлантат деп айтылат.

Экинчи бөлүк: (9-26-аяттар) Бул залим башкаруучунун идеологиясын тааныбай, шаардан качып, үңкүргө жашынган жаштар жөнүндө окуя. Аллах аларды 300 жылдан ашык уктаган абалда калтырган. Алар башка, адилеттүү падыша бийликке келгенде ойгонушкан. Адамдар бул нерсени ойгонгон жаштардын бири базарга барып, өз доорундагы тыйын менен соода баштаганда байкашкан. Наабайчы, эски тыйындарды көрүп, таң калып, айланадагыларга баарын айтып берет. Ал жашаган шаары жана падыша жөнүндө суроолорду берип,  тарыхтын адамы экендигин түшүнөт. Алланын Өзүн кудай элестеткен зулумдар өлүп, сөөктөрү чаңга айланганына жана такыба адамдар куткарылып, сакталып калганына таң калышат.

Үчүнчү бөлүк (27-31-аяттар). Биринчи риваят менен абдан айкалышкан. Муну төмөнкү мисалдардан көрө алабыз:

Эгер биринчи риваятта Аллах Куранда эч кандай катачылык жок болгонун айткан болсо, экинчи риваяттын башында эле Аллах сөзү өзгөрүлбөс деп айткан. Аллах Куран өзгөрүлбөстөн түшүрүлгөндөй эле, аны тышкы факторлор менен өзгөртүү мүмкүн эместигин көрсөтүүдө.

Эгер биринчи риваят Алланын китеби үчүн ыраазычылык сөздөрүнөн башталса, ал эми экинчи риваят Аллахтын бул китепти окуу буйругу менен башталат. Ошентип, Аллах Куранга ыраазы болуу менен чектелбестен, аны окуп, ага баш ийишибиз керектигин айтылат.

Үчүнчү ( 27- 31- аяттар) : Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) бардык адамдарды сүйгөн, ыйман келтирбегендер үчүн катуу кайгырып алардын ачуу тагдырынан корккондугу жана чындык аларга гана Аллах маалым болгондугу эскерилет.

"Айткын:" Чындыкты силерге Аллах берет (аны мен ойлоп тапкан жокмун). Ким ишенгиси келсе, ишенсин, ким каалабаса, ишенбесин.

Бул баардыгы Алланын каалоосу менен болорун эскертет. Биз Аллахтын динин жеткирүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасашыбыз керек, ал эми жетекчилик бир гана ага таандык.

...

Скачать:   txt (11 Kb)   pdf (74 Kb)   docx (11 Kb)  
Продолжить читать еще 3 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club