Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Башталгыч класс окуучуларын кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы педагогикалык идеялар аркылуу тарбиялоо методикасы

Автор:   •  Май 20, 2018  •  Курсовая работа  •  11,742 Слов (47 Страниц)  •  2,334 Просмотры

Страница 1 из 47

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ

Темасы: БАШТАЛГЫЧ КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫН ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНДЕ КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ 

АТКАРГАН:                                    П-14Б тайпасынын студенти Солтонова Акылай Советбековна

ЖЕТЕКЧИСИ:                               Улук окутуучу   Умарова Р.Н.

РЕЦЕНЗЕНТИ:                                 __________________________________           

КОРГООГО УРУКСАТ

БЕРИЛГЕН                                       ___________________________________

ОШ – 2018

МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ............................................................................................................3

1-ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫН ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНДЕ КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУНУН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ.......................................................................7

1.1. Башталгыч класс окуучуларын тарбиялоо процессинин        психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрү.............................................7

1.2. Кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы таалим-тарбия берүү идеялары .............................................................................................................16

2-ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫН КЫРГЫЗ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИДЕЯЛАР АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИ.........................................................26

2.1. Башталгыч класс окуучуларын кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы педагогикалык идеялар аркылуу тарбиялоо методикасы .......................................................................................................26

2.2. Тажрыйбалык-эксперименттин жүрүшү жана жыйынтыгы.................40

КОРУТУНДУ. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .... . . . . . . . . . . . . . . . . . . .... . .. 53

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР. . . . . . ..... . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .....55

.

.

.

КИРИШҮҮ

Изилдөөнүн актуалдуулугу.  Изилдөөнүн актуалдуулугу коомду рухий-адептик жактан түптөөдөгү социалдык талапка негизделген. Бүгүнкү күндөгү ааламдашуунун жана интернеттештирүүнүн, маалымат технологиялары дүркүрөп өнүккөн кезеңде билим берүү жараянын жаңылоо, кыргыз элинин улуттук көрөңгөлөрүн, рухий-адептик баалуулуктарын көтөрүп чыгуу жана аларды кийинки муундарга жеткирүү милдеттери алдыга коюлду. Жаш муундарды адептик жактан тарбиялоодо оозеки чыгармалар өзгөчө орунду ээлейт. Элдик оозеки чыгармалар өткөн менен бүгүнкүнүн, улуттук дөөлөттөр менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын, мектеп менен турмуштун байланышын тереңдетүүгө жана окуучулардын маданий деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Элдик оозеки чыгармаларды кабыл алуу, анын рухий-адептик маңызын түшүнүү өз өзгөчөлүктөрүнө ээ болгондуктан, элибиздин оозеки чыгармаларда кылымдар бою топтоп келген жалпы адамзаттык мааниге ээ руханий-адептик дөөлөттөрүн жаш муундардын энчисине айландыруу окуучуларды тарбиялоодо колдонуу проблемасын актуалдаштырат.

Тарбиялоонун этникалык аспектилерин өздөштүрүү аркылуу жаш муундарды тарбиялоо идеялары алгач көрүнүктүү педагогдордун (Я.А.Коменский, К.Д.Ушинский, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинский ж.б.) эмгектеринде чагылдырылган. Соңку жылдары аталган проблеманын методологиялык, теориялык негиздери А.Алимбеков, Г.Н.Волков, В.А.Николаев, М.Г.Харитоновдун ж.б. эмгектеринде өнүктүрүлгөн.

 Окуучуларды адептик жактан тарбиялоодо кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуунун илимий-методикалык негизин ачууга багытталган изилдөөлөрдү да белгилеп кетүүбүз зарыл. Алар: жогорку класстын окуучуларын адептик жактан тарбиялоодогу элдик традициялар (Бешимов Ж.) [11]; кыргыз эл жомокторундагы тарбиялоо идеялары (Кыдыралиев К.К.); кыргыз этнопедагогикасындагы балдарды тарбиялоо өзгөчөлүктөрү (Абдраимова Р.А.) [1]; жогорку класстын окуучуларын эмгекке тарбиялоодогу элдик традициялар (Апышев Б.) [5]; эл акындарынын педагогикалык идеяларын жаштарды тарбиялоодо колдонуунун илимий-педагогикалык негиздери (Калдыбаева А.Т.) [26]; көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпретациялоонун илимий-методикалык негиздери (Муратов А.Ж.) [48]. Бул илимий эмгектерде жаш муундарды тарбиялоодогу элдик прогрессивдүү таалим-тарбиянын маңыз-мазмуну ачылып, учурдагы жалпы билим берүүчү мектептердеги окуу-тарбиялык процессте оозеки чыгармаларды колдонуунун ыкмалары, усулдары, формалары аныкталган.

...

Скачать:   txt (170.1 Kb)   pdf (622 Kb)   docx (72.6 Kb)  
Продолжить читать еще 46 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club