Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Башкы редактор жөнүндө түшүнүк

Автор:   •  Август 28, 2019  •  Курсовая работа  •  2,599 Слов (11 Страниц)  •  927 Просмотры

Страница 1 из 11

МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ……………………………………………………………………….3

1 БАП. БАСЫЛМАНЫН БАШКЫ РЕДАКТОРУ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

  1. Башкы редактор жөнүндө түшүнүк…….....................................................5
  2. Гезиттин башкы редакторунун милдеттери………………...............……8

2 БАП. БАШКЫ РЕДАКТОРДУН МИЛДЕТТЕРИ КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭРКИН ГЕЗИТТЕРДИН МИСАЛЫНДА

2.1. Басылманын түзүлүшү…………………..........…….............................…11

2.2. Редакциялоо процесси.............................................................................14

КОРУТУНДУ……………………………………………….............…………..19

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР………………………………………….20

КИРИШҮҮ

Кыргыз журналистикасы өлкөбүз эгемендик алган күндөн тарта өз тарыхына из салып жаткан кези. Кыска убакта ал далай сыноолорду башынан кечирди, жаңылып-жазганы да, ийгиликтерге жеткени да болду, эң негизгиси - дүйнөлүк тажрыйбаларга каныгуу менен өз улуттук жүзүнө ээ боло баштаган чагы.

Кайсы кесип болбосун профессионализмди аныктоо үчүн субъективдүү факторлорду эске алыш керек. Журналисттик кесип – бул табигат берген жаратуучулук жөндөм, чыгармачылык шык, гуманитардык багыт, коомдук пикирди өздөштүрө билүүсү, ыкчам жүрүш-туруш, сергек жашоо, чың ден соолук, - деп жазат Владимир Тулупов .  

Кандай гана кесипти албайлы, моралдык баалуулук, кесиптик даярдыгынын (компетенция) деңгээли да өзгөчө маанилүү. Баалуулук демекчи, рухий көрөңгө катары индивид үчүн үй-бүлөдө, мектепте, окуу жайда, эмгек жамаатында жаралат жана калыптанат. Журналист үчүн редакция ошондой калыптануунун, тарбия алуунун мектеби катары саналат.

Азыркы заманда гезит окурмандарынын саны азайганы менен жооптуу катчылардын кылган жана жасаган иштери ошол эле бойдон калды десек жаңылбайбыз.

Жалпыбызга маалым болгондой гезит мезгилдүү басмасөздүн учурдагы окуялар тууралуу маалыматтар жарыяланып туруучу тармак болуп саналат.

21-кылым өнүккөн техника жана технологиянын заманы болгондуктан, учурда окурмандар көп жаңылык жана макалаларды дал ушул интернет тармактарынан окуп алып жатышат, ошол себептен конкуренция аябагандай күч алууда. Ошону менен бирге башкы редакторлордон көптөгөн изденүүлөрдү талап кылып жаткан учур.

Курстук иштин темасынын актуалдуулугу. Ар бир гезиттин өзүнүн структурасы бар, ал структура менен ар гезит ар кандай иш алып барат. Бүгүнкү күндө басма сөз айдыңыда бир топ өзгөрүүлөр болгону менен анын иштөө системасы, аткарган кызматтары ошол эле бойдон сакталып калган десе туура болот.

Иштин максаты: Башкы редактордун аткарган кызматтарын, кылган иштерин, гезитке макалаларды кантип жайгаштыруусун жана албетте аны менен бирге айлык акы же болбосо калем акыларды кантип бөлүштүрүүсүн изилдөө.

Изилдɵнүүчү иштин милдеттери:

1.        Башкы редактор деген ким экендигин аныктоо;

2.        Башкы редактордун милдеттерин тактоо ;

3.        Редакциялоо процессин изилдɵɵ;

4.        Гезиттеги башкы редактордун ордун анализдеп чыгуу.

Иштин структурасы: Курстук иш киришүү, 2 бап, корутунду жана адабияттардан туруп, 20 бетти түздү.

1 БАП. БАСЫЛМАНЫН БАШКЫ РЕДАКТОРУ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

  1. Башкы редактор жөнүндө түшүнүк

Редактор – (француз тилинен которгондо ирээтке келтирүүнү билдирет) басмакананын же мезгилдүү басылманын кызматкери. Редактор чыгарманы же басылманы басмаканага чейинки даярдоонун бардык зарыл болгон милдеттерди аткарат. Башкы редакторлор жетекчилик вазийпаны аткарат.

Башкы редактор – редакцияны жетектөөчү (ээлеген кызматынын аталышына карабастан), жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууга жана өндүрүүгө байланыштуу акыркы чечимдерди кабыл алуучу адам[6].

Уюштуруучулар, басмакерлер, таратуучулар, жарандар, жарандардын бирикмелери, ишканалар, мамлекеттик органдар менен мамилелерде, ошондой эле сотто башкы редактор редакциянын атынан чыгат.

Гезиттин эмгек коллективи редактор башында турган редколлегиядан, жооптуу катчыдан,бөлүм редакторлорунан( бөлүм башчыларынан, түрдүү маселелерге кесиптеш адабий кызматкерлерден, репортер, баяндамачы, очеркист, фельетончу, фотожурналист, корректор) тузөт.

...

Скачать:   txt (37.5 Kb)   pdf (391.5 Kb)   docx (30.4 Kb)  
Продолжить читать еще 10 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club