Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Арт-терапия деген эмне?

Автор:   •  Декабрь 29, 2023  •  Реферат  •  1,278 Слов (6 Страниц)  •  93 Просмотры

Страница 1 из 6

Арт-терапия деген эмне?

  Арт-терапия бул чыгармачылык терапия – ал адамдардагы психикалык ооруларды искусство жана чыгармачылык аркылуу дарылоо.”Арт” деген сөзү англис тилинен алынган,ал “исскуство” дегенди билдирет. Арт-терапиянын негизги максаты – пациенттин психоэмоционалдык абалына оң таасир берүү. Ал адамга болгон сезимдердин жана эмоциялардын бардык спектрин ачууга, билдирүүгө жана изилдөөгө мүмкүндүк берет.Арт-терапия көпчүлүк учурда кичинекей балдарга колдонулат,бирок чоңдорго,карыларга да колдонулат.

Арт-терапия чыгармачылык процессти ички сезимдерди билдирүүнү коопсуз жолу катары колдонулат. Кардарлар живопись, скульптура же жөнөкөй кол өнөрчүлүктү,процессти, натыйжаны да аларга кандай сезимде болгонун талдай алышат. Алар искусствону изилдеп жатканда, адамдар алардын ойлоруна, сезимдерине жана жүрүм-турумуна таасир этиши мүмкүн болгон темаларды жана конфликттерди издей алышат.Текстура жана ар кандай көркөм каражаттар  адамдын оюн, сезимдерин жана психологиялык абалын ачып берүүгө жардам берет.

Арт-терапиянын тарыхы

Британиялык сүрөтчү Адриан Хилл "арт-терапия" терминин колдонгон биринчи адам болгон. Ал санаторийде кургак учуктан айыгып жүргөндө сүрөт тартуунун дарылык таасирин ачкан.Сүрөтчү чыгармачылык ишин бейтаптар менен баштаган, бул тууралуу анын "Искусство ооруга каршы" китебинде баяндалган. Адриан Хилл 1964-жылы Британиялык арт-терапевттердин ассоциациясын негиздеп, анын биринчи президенти болгон.

Сүрөтчү Эдвард Адамсон Адриан Хиллге кошулуп, 1946-жылы психиатриялык ооруканасында иштөөнү уланткан. Эдвар Адамсон ушул ооруканага залды ачып, залда бейтаптарга чыгармачылык менен аракеттенген.Ал 35 жыл бою жүздөгөн адамдар менен жалгыз иштөөнү улантты. Ал жана анын өнөктөшү Джон Тимлин 1984-жылы “Исскуство бул шыпаа” деген китебин басып чыгарышкан.

Эдвард Адамсон Британиянын Арт-терапевттер Ассоциациясынын башчысы болуп, арт-терапия боюнча биринчи окуу программасын түзүүгө катышканы менен, анын идеялары замандаштары тарабынан сынга алынып, бүгүнкү күндө популярдуу эмес.


Арт-терапия кимдерге керек?

  «Арт-терапия Альцгеймер оорусуна чалдыккандарга жардам берет» деп Доктор Бри Канцлер ырастайт.

 Арт-терапия адамдын психикалык саламаттыгынын бир катар ооруларын дарылоодо кошумча каражат катары эффективдүү.  

Алардын арасында:

  • Ар кандай стресстер.
  • Депрессия.
  • Фобия жана коркуу.
  • Жеке жашоосуна наразычылык.

Психоанализ арт-терапияны адамдын социалдык жана жүрүм-турумун коомдо сублимациялоо ыкмасы катары аныктайт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам өзүнө да, коомго да зыян келтирбеш үчүн өзүнүн ички проблемаларын кагазга же чопого өзүнүн сезимин түшүрөт.

 Арт-терапия агрессиянын чабуулдары менен күрөшүүгө жардам берет жана психологиялык травмалардын кесепеттерин айыктырууга катышат. Ал дары-дармек менен психотерапияны катарында боло албайт, бирок сапаттык жактан толуктап турат.

Арт-терапиянын түрлөрү

  • Изотерапия - сүрөт тартуу
  • Фототерапия- даяр сүрөттөр менен иштөөнү (коллаж) камтыйт же бейтап камера колдонуп, анын сезимдерин жана эмоцияларын чагылдырат деп ойлогон нерсени сүрөткө тартат. Сүрөттөр жана коллаждар адамдын үмүтүн же кайгысын элестетүүгө жардам берет, андан кийин психотерапевттин жардамы менен бардыгын каралат.
  • Жомок терапиясы-жомоктогу окуялар менен чыныгы жашоодогу жүрүм-турумдун ортосундагы байланышка негизделген.
  • Пластилин терапиясы.
  • Данс-терапия -бийлөө терапиясы.
  • Оюн терапиясы – бул оюндарды колдонгон балдарга жана чоңдорго  таасири тийгизет.
  • Музыкалык терапия - белгилүү бир чыгармаларды угуу.
  • Библиотерапия-китеп аркылуу.
  • Кинотерапия – психологдун жардамы менен тасманы көрүү жана талкуулоо (талдоо).
  • Психо-гимнастика – катышуучулар өз оюн айтып, талкулоо.

Изилдөө-жүргүзмөлөрү

Изилдөөдө чоң кишилердин психо-травма  алгандар, арт-терапиянын жардамы менен психо-травма симптомдорун жана депрессиянын төмөндөшүн кыйла азайтары аныкталган. Бул ыкма ошондой эле рак менен ооруган бейтаптарга алардын жашоо сапатын жакшыртууга жана психологиялык симптомдорду жоюуга жардам берет. Изилдөөлөр ошондой эле арт-терапия карылар үйүндө жашаган улгайган адамдардын депрессияны азайтарын жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин жакшыртаарын көрсөтүп турат.

...

Скачать:   txt (14.5 Kb)   pdf (93.1 Kb)   docx (196.5 Kb)  
Продолжить читать еще 5 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club