Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Акыйнектин мааниси жана тексттерин тематикалык жактан классификациялоо

Автор:   •  Ноябрь 28, 2018  •  Статья  •  12,457 Слов (50 Страниц)  •  3,431 Просмотры

Страница 1 из 50

Кыргыз-Түрк  “Манас” университети

Коомдук Илимдер институту Түркология бөлүмү

                  [pic 1]

Макала

Тема: Акыйнектин  мааниси жана тексттерин тематикалык жактан классификациялоо. 

Текшерген:  Лайли Үкүбаева

Даярдаган:  Айнагүл Кудайбердиева

                Бишкек-2018

Киришүү.  Макаланын изилдөө обьектиси – кыргыз улуттук оюндарынын арасында унутулуп бара жаткан кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү - акыйнек айтышы. Макаланын максаты – акыйнектин лексикалык  маанисин  изилдөө жана тексттерди тематикалык жактан классификациялоо.

Бул макала терминдердин түшүндүрмө сөздүгү, улуттук оюндар китептеринин, китепте жазылып калган тексттердин жана ошондой эле азыркы учурда видеотасмаларда кездешкен тексттер жазылып алынып, сыпаттама, анализдөө, салыштыруу, классификациялоо методдору менен изилденди.

Акыйнектин аталышы тууралуу ой. Кыргыз эл оозеки адабияты ичинде балдардын кордошуу, маскаралашуу, ардантуу ырлары аябай өнүккөн. Балдардын кордошуу ырлары алардын жетилүүсүнө, өз айыбын актап, намыстуу болуусуна аябай таасирин тийгизген. Ар бир бала өзүнө бүйрө болуп, маскарага калбоого бөтөнчө маани берүүгө бул ырлар өз таасирин тийгизген. Кандайдыр бир айып-кыйыбы бар баланы эреже катары чыгарылган кордоо, маскаралоо ырлары менен жөнгө келтирген. Жана келип, балдар ар кандай убакта өзүнө айтылган кордоо ырларына ыр менен жооп кайтарууга, ырдын кубатынан пайдаланууга алып барып, кыргыз балдарынын оозеки адабиятта тасыгуусуна өбөлгө болгон, чечендик, чыгармачылыкка чыныктырган.

Балдардын оозеки кордоо ырлары чогултулган материалдарга караганда эки чоң топко бөлүнөт. Анын бирөө “Акыйнек айтышуу”, дагы бирөө маскара ырлар.

Жеңишин көрүп кыргыздын,                                                                                                      Күкүктөр чоор тартышты.                                                                                                  Акыйнек куштар айтышты. (“Семетей”)

“Манас” эпосунда берилген маанисине караганда, “Акыйнек” куштун аты кептенет. Бул канаттуу жандардын ичинде күкүккө окшош сайроочу куш болуп, шакка конуп, алым сабак сайраша турган куштар болгон.

Кыргыдардын балдарынын “Акыйнек айтышуу” ырлары да эки жаат боюнча, же эки бала алым сабак айтышып ырдашат. Ошого акыйнек айтышкан кушка элестүү түрдө, кыргыз балдарынын бул айтышуу ыр түрүн “Акыйнек” деп атап койгонбу деген ой келет. [Кыргыздар VI. Б., 2011]

Ыр ырдашып сындашуу,                                                                                                                  Ыр жандуу кыргыз салты экен.                                                                                                                  Сынга сындай жооп айтсак,                                                                                                                    Атабыз кыргыз наркы экен.

Айтышууда сөздүн мааниси. Сөз деген эмне? Сөз деген миңдеген жылдар бою муундан-муунга өтүп, өнүктүрүлүп келген ыйык дөөлөт, улуу мурас, жан дүйнөбүздүн азыгы.

Адамдын төрөлүп, тили чыгып, өмүрүнүн соңуна чейинки тирүүлүгү сөз менен коштолот. Баары сөздө уюган. Акыл-ойдун, асыл түшүнүктөрдүн баары сөз аркылуу таралат.

Ата-бабаларыбыз таамай айтылган сөздүн күчү менен жоолашкандарды эпке келтирип, сөздү туу тутуп жашап келишкен.

“Кен байлыктуу жерденбиз, өзүбүз чечен элденбиз.                                                                       Өтүмдүү куш тил менен душмандарды жеңгенбиз.” – деп,

айтышуу менен кыргыздар чечендигин даңазалап, сөзмөрлүгүн өстүрүп, сөздү бапестеп келишкен. Бапестеген сөздөрү менен ар кандай айтыштарда, жарыштартарда каршылаштарын утуп келген. Биздин бүгүнкү темабыз болгон, акыйнек, акый - кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү. Акый айтуу – кыргыздар болжолу байыркы көчмөн доордо жашаган учурда келип чыккан болуу керек. Акый айтышкандар тууган-уругуна, айыл-конушуна жараша эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салып айтып, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык менен коркоктугун, социалдык тегин көбүрөөк, таамайыраак ашкерелеген, жеке сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. Ыр негизинен мыскылдоо, шакаба кылуу мүнөзүндо болуп, бир-бирин сындап, оңолууга таасир берген. Кемчилигин көргөзүү, чечендикти, сөз тапкычтыкты сынатуу максатында оюн-зоок, тамаша кечелерде айтылган. Акыйнек оюнунда курбу-курдаштар, тели-теңтуштар сынды көтөрүүгө мажбур болот. Акый  айтуу музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган.

...

Скачать:   txt (40.7 Kb)   pdf (201.5 Kb)   docx (77.4 Kb)  
Продолжить читать еще 49 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club