Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Жашоо үчүн күрөштүн мааниси жана анын формалары

Автор:   •  Декабрь 23, 2018  •  Реферат  •  2,022 Слов (9 Страниц)  •  12,768 Просмотры

Страница 1 из 9

ПЛАН:

1. Киришүү.

2. Жашоо үчүн күрөштүн мааниси жана  анын формалары.                                                                2.1. Жашоо үчүн түр ичиндеги күрөш.                                        2.2.        Жашоо үчүн түрлөрдүн ортосундагы күрөш.                2.3. Ыңгайсыз шарттарга каршы күрөш.

        3. Тирүү организмдерге жашоо үчүн күрөштүн оң жана терс таасирлери.

      4. Жыйынтыктоо.

      5. Колдонулган адабияттар.

  1. Киришүү

Жашоо үчүн күрөш – жашап кетүүгө жөндөмдүүлүк менен бирге өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүүлүгү, түр ичиндеги жана түр аралык конкуренция , ошондой эле тышкы чөйрөнүн абиотикалык шарттарына карата организмдердин аракет жашоо үчүн күрөш    Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясынын бирден бир негизги түшүнүгү жашоо үчүн күрөштүн 3 формасы бар: түр ичиндеги; жашоо үчүн күрөш  түр аралык; жашоо үчүн күрөш чөйрөнүн ыңгайсыз шарттарына каршы күрөш. Жашоо үчүн күрөштүн негизинде табигый тандалуу жүрөт.

Түр ичиндеги особдордун күрөшү, ар түрдүү мүнөздө болот. Особдор азык, нымдуулук, жылуулук жана тийиштүү чөйрө үчүн, бири-бири менен түздөн-түз күрөшүүгө өтөт. “Жашоо үчүн күрөш” түр ичиндеги особдордун жана түрлөр менен органикалык эмес дүйнөнүн ортосундагы көп кырдуу татаал катнашты түшүндүрөт. Мында бир эле особдун жашап калышы эмес, анын тукумчулдугу жана тукум калтыруудагы артыкчылыгы да эске алынат. Кээ бир учурда алардын жашоо үчүн болгон күрөшү тайманбай кармашууга өтөт: эки жырткыч табылганы талашат же жырткыч өзүнө жем болуучу жаныбарга кол салат.

Жашоо үчүн түрлөрдүн ортосундагы күрөш. Ар башка түрлөрдүн особдорунун ортосунда жүргөн күрөш түрлөр ортосундагы күрөш деп аталат. Түрлөр бири-бирине каршы туруп, бирдей экологиялык шартта жашаган, азыктануу булактарынын бирдейлиги алардын ортосундагы күрөштүн күчөшүнө себеп болот. Бир аймакта жашаган түрлөрдүн бирөө экинчисин сүрүп чыгарышы же түрлөрдүн жашоо шартына ар башкача ылайыктанышы болбосо, түрлөр жашаган аймактарына жараша бөлүнүп кетиши түр ортосундагы күрөштүн жыйынтыгы болуп эсептелет.

Жашоо үчүн түрлөрдүн ортосундагы күрөш.Ар башка түрлөрдүн особдорунун ортосунда жүргөн күрөш түрлөр ортосундагы күрөш деп аталат. Түрлөр бири-бирине каршы туруп, бирдей экологиялык шартта жашаган, азыктануу булактарынын бирдейлиги алардын ортосундагы күрөштүн күчөшүнө себеп болот. Бир аймакта жашаган түрлөрдүн бирөө экинчисин сүрүп чыгарышы же түрлөрдүн жашоо шартына ар башкача ылайыктанышы болбосо, түрлөр жашаган аймактарына жараша бөлүнүп кетиши түр ортосундагы күрөштүн жыйынтыгы болуп эсептелет.

Тема: Жаратылышта түрлөрдүн эволюциясынын факторлору    болуп эсептелген жашоо үчүн күрөштүн формалары.                        

         2. Жашоо үчүн күрөштүн мааниси жана анын формалары.                                Бүт тирүү жандыктар көптөгөн өзүнө окшош тукум берүүгө жөндөмдүү. Мисалы, бир эле дафниянын жай мезгилинде тукум берүү мүмкүнчүлүгү астрономиялык өлчөмгө, б.а. 1030 особго жетет, бул жердин массасынан да чоң өлчөм. Бирок, тирүү организмдердин мындай токтоосуз өсүүсү, чынында эч убакта байкалбайт. Себеби, көптөгөн особдор өөрчүнүн ар түрдүү этаптарында өлүп жок болуп, тукум калтырбайт. Жаныбардын көбөйүүсүнүн чектелишинин көптөгөн себептери бар: Табияттын климаттык шарттары, өз ара жана башка түрдүн особдорунун ортосундагы күрөш. Канчалык түрдүн особдору көп болсо, особдор ошончолук өлүмгө көп учурайт. Мисалы, белуга балыгы урук таштоо убагында бир миллионго жакын урук чачат, бирок алардын арасынан аз сандагы особдор гана толук жетилет. Өсүмдүк дагы аябагандай көп урук берет, бирок табигый шартта аз сандагы гана уруктан жаңы өсүмдүк өсүп чыгат. Ресурстардын чектелиши, түрдүн чексиз көбөйүүсүнө ылайык келбеши, жашоо үчүн күрөштүн негизги себеби. Тукумдун өлүшүнө көптөгөн себептер бар ( токойдун өрттөлүшү, суу ташкыны, адамдын табиятка кийлигишүүсү д.у.с.). Белгилүү аймактагы особдордун жашоо мүмкүнчүлүгүнө караганда популяцияда особдор көп санда пайда болот. Популяцияда пайда болгон особдордун саны менен алардын жашоо шартынын ортосундагы туура келишпестик аргасыздан жашоо үчүн күрөшкө алып келет. Дарвин жашоо үчүн күрөш жөнүндө мындай деп жазган: “Мен бул сөздү кеңири метафоралык (каймана) мааниде колдонулуп жаткандыгымды жана буга бир жандыктын экинчисине көзкарандылыгын киргизгенимде, анын үстүнө бир жандыктын жашап кетиши гана эмес, анын тукум калтырып кетүүгө жетишкен ийгилиги барынан зарыл деп болжогондугумду эскертишим керек”.

...

Скачать:   txt (21.7 Kb)   pdf (736.4 Kb)   docx (553.4 Kb)  
Продолжить читать еще 8 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club