Окуучулардын өз алдынча иштөө ишмердүүлүгүнүн орду, ролу жана мааниси
Автор: alidoc2010 • Июнь 25, 2019 • Реферат • 4,474 Слов (18 Страниц) • 2,477 Просмотры
XX кылымдын экинчи жарымында башталып, азыркы жаӊы доордо эбегейсиз зор ылдамдык менен өнүгүп бара жаткан илимий-технологиялык процесстин таасири астында орто мектептерде окуган окуучулардын өз алдынча иштөө компетенттүүлүгүнө болгон талап күндөн-күнгө жогорулоодо. Эгерде, коомдун өнүгүүсүнө ар тараптан активдүү катышып, алдына койгон максаттарына жеткиси келсе, анда алар өзүнүн чыгармачыл активдүүлүгүн тынымсыз өркүндөтүп, жеке жөндөмдүүлүгүнүн коштоосунда үзгүлтүксүз билим алуу менен аларды өнүктүрүп туруусу зарыл. Демек, азыркы жаӊы доордогу мектептердеги билим берүү системасына өзүн-өзү өнүктүрө алган, өз алдынча билим алып, аны турмушта колдоно билген, ар кандай шарттарда өз алдынча иш жүргүзүүгө, өзүнүн кесиптик ишмердүүлүк тармагындагы проблемаларды өз алдынча жана эффективдүү чечүүгө жөндөмдүү боло алган окуучуларды окутуу талабы коюлууда.
1.1. Окуучулардын өз алдынча иштөө ишмердүүлүгүнүн
орду, ролу жана мааниси.
Окуучулардын өз алдынча иштөө ишмердүүлүгү окуу процессинин эң
маанилүү компоненттеринин бири болуп эсептелет. Анын жүрүшүндө
окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрдүн калыптанышы өркүндөйт. Бул жагдайда окуучу өзүнө жоопкерчиликти алуу, өз алдынча проблемаларды чече билүү, конструктивдүү чечим кабыл алуу, кризистик ситуациядан чыга билүү ж.б.у.с. маанилүү сапаттары калыптанат жана өнүгөт.
Өз алдынча иштөө – бул мугалимдин тапшырмасы боюнча жана методикалык жетекчилиги астында, ошондой эле мугалимдин катышуусуз дагы сөзсүз аткарыла турган окуучулардын пландуу жана милдеттүү иши.
Математика предмети боюнча окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө арналган
изилдөөлөр педагогикалык теорияда жана практикада дайыма орчундуу орунду ээлеп келген жана өз алдынча иштөө түшүнүгүнө ар кандай аныктамалар берилип келген.
Окуучулардын өз алдынча иштеринин кээ бир жалпы педагогикалык аспектилери Э.М. Мамбетакуновдун, Н.А. Асипованын, Д.Б. Бабаевдин, Г.Н. Юшконун, А.В. Чернаянын, Г.Д.Панкованын, ж.б. [92,13,20,148,107,151,] авторлордун эмгектеринен белгилөөгө болот.
Окутуу процессинде окуучулардын өз алдынчалуулугун өнүктүрүүнүн теориясына жана практикасына В.К. Буряк, Е.Я. Голант, Б.П. Есипов, М.И. Махмутов, П.И. Пидкасистый, А.В.Усовалардын изилдөөлөрү зор салым кошкон.
Өз алдынча иштөө боюнча педагогикалык изилдөөлөр али да болсо уланып, натыйжада окутуу процесси жаӊы теориялар, жоболор жана фактылар менен байытылууда. Азыркы мезгилдеги психологиялык, дидактикалык жана методикалык адабияттарда окуучулардын математика предмети боюнча өз алдынча иштөөсүнүн ар кандай аспектилери каралууда. Бирок, муну менен кошо, кээ бир маселелерди чечүүдө белгилүү бир кыйынчылыктар байкалууда. Буга мисал, “өз алдынча иштөө” түшүнүгү боюнча жалпы кабыл алынган бир түшүндүрмөнүн жоктугу. Бул түшүнүктү аныктоодо кээ бир авторлор өз алдынча иштөөнү окуттуу методдоруна таандык кылса, экинчилери аны окуу сабактарын уюштуруунун формасы катары карашат, дагы башкалары - окуу ишмердүүлүгүн бир түрү катары, кээ бирлери – окутуу каражаты катары кабыл алышат [14, 303-б.].
Окуучулардын өз алдынча иштөөсү – окуу процессинин негизги курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Аны аткарууда окуучулардын билимдери, ыкмалары жана жөндөмдөрү бышыкталып, окуучулар тарабынан таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын окуп–үйрөнүү камсыздалат жана чыгармачыл ишке кызыгуу пайда болуп, ар түрдүү илимий маселелерди чечүүгө болгон жөндөмдүүлүк калыптанат.
Чет элдик педагогикалык адабияттарда өз алдынча иштөөнү белгилөө үчүн анын ар кандай аспектилерин көрсөткөн бир катар терминдер колдонулат. Германияда мугалимдин кыйыр жетектөөсү менен аткарылган ишти түшүндүргөн “кыйыр окутуу” айтылышы колдонулат. Австрия, Швейцариянын педагогикалык адабияттарында өз алдынча таанып–билүү учурунда өкүм сүргөн тынчтыкты жана обочолонууну баса белгилеген “тынч таанып–билүү” термини колдонулат. Француз жана англис адабияттарында “индивидуалдуу таанып–билүү” термини кездешет. АКШда “көз карандысыз таанып–билүү” деген термин киргизилген жана мында окуучуларга программалар таркатылып берилет, бирок материалды тандоо жана өздөштүрүү ыкмаларына салыштырмалуу (чектелген) эркиндик берилет. Турциянын адабияттарында “көз карандысыз таанып–билүү” термини колдонулат [8].
...