Жугуштуу оорулар. Алардын алдын алуу жана күрөшүү чаралары
Автор: каныкей джангазиева • Сентябрь 11, 2022 • Лекция • 3,776 Слов (16 Страниц) • 366 Просмотры
27 Тема. Жугуштуу оорулар. Алардын алдын алуу жана күрөшүү чаралары.
Жугуштуу оорулар адамдын башка ооруларынан өзгөчө орун алат. Жугуштуу оорулардын маанилүү өзгөчөлүгү болуп алардын жугуштуулугу саналат б.а. оорулу адамдан же жаныбардан ден соолугу чын адамга жугушу. Оорулардын көпчүлүгү, мисал үчүн грипп, массалык ( эпидемиялык ) жайылат, керектүү шарттар түзүлсө бүткүл айыл, шаар, область, өлкө жана континентке чейин жайылуусу мүмкүн.
Жугуштуу оорулардын массалык жайылуусунун себебтеринин бири жашаган калктын санитардык маданияты төмөн болууда, ар кандай санитардык жана гигиеналык эрежелерин сакталбагандыгы. Бул маселеде санитардык дружиналар, тиешелүү даярдыгы бар, калктын санитардык маданиятын көтөрүүдө, гигиеналык көндөмдөрдүү калптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
Мындан тышкары, эпидемияга каршы бир нече чараларды өткөрүү маанилүү, коомдук тамактануу ишканаларга, турукту жайгашкан жайларга, коомдук пайдалануу орундарга санитардык көзөмөл жүргүзүү. Ден соолукту коргоо кызматкерлерге бул маселеде чоӊ жардамды санитардык дружинницалар көрсөтөт. Жугуштуу оорулар массалык түрдө жайытылганда, өзгөчө душмандар бактериологиялык (биологиялык) куралды пайдаланганда, санитардык дружиналар эпидемияга каршы жана башка көптөгөн чараларга тартылышы мүмкүн.
Жугуштуу оорулар өтө майда көлөмдөгү микроб (микроорганизимдер) аркылуу козголот. Микроорганизимдерди микроскоптордун жардамы менен изилдейт. Азыркы замамбап электрондук микроскоп 200 000 эсе көп көбөйүш берет. Микробдордун көлөмүн миӊден бир бөлүк миллиметр-микрон аркылуу чыгаруу кабыл алынган. Микробдордун дүйнөсү өтө чоӊ жана ар түрдүү. Микроорганизимдер өтө көп санда кыртышта, сууда жана абада болот. Микроорганизимдерсиз жаратылыш заттардын айланасы боло албайт. Микроорганизимдер кыртыштарды минералдык кошуундар жана азот менен байытууга катышат, сөөктү жана өсүмдүктөрдү чиритет, көптөгөн химиялык реакцияларга катышат. Кээбир микробдордун жардамы менен (дрожжи) вино, айран, жана башка азыктар кылынып алынат. Микробдордун көптөгөн түрлөрү адамдын жана жаныбарлардын ичегисинде орун алган, терисинде жана ооз көӊдөйүндө жайгашкан.
Антибиотик сыяктуу (пеницилин, стрептомицин, левомицетин, тетрациклин, грамицидин) кеӊири тараган дарылоочу каражаттар, микроорганизмдер менен иштелип чыккан продукт болуп эсептелет.
Пайдалу микроорганизимдер менен катар зыяндуулары да бар. Алардын арасынан кээбири адамдын, жаныбарлардын, чарба өсүмдүктөрдүн жугуштуу (инфекция) оорулардын козгогучулары болуп саналат. Бул микробдор патогенндик болуп саналат.
Микроорганизимдердин төмөнкү негизги группалары кездешет:
1 Бактериялар - бир клеткалуу организимдер, жөнөкөй бөлүш менен көбөйгөн.
Кээ бир бактериялардын, мисалы сибирь жарасынын жана столбняктын бактериялары ыӊгайсыз шарттарда калыӊ кыртыш спораларды жаратат, алар кургакка, жылулуктун таасирине, күн нуруна, жана химиялык каражаттарга туруктуу болушат.
2. Козу карындар кыйла таатал түзүлүшкө ээ. Көбүнчө козу карындар көп клеткалуу организимдер болуп саналат, алардын клеткалары жипке окшош сүйрүү формада болот.
3. Жөнөкөйлөр – протоплазмасы жана чектелген ядросу бар бир клеткалуу организимдер. Кээ биринде вакуолиси бар, алар тамак сиӊирүү, чыгаруу ж.б функцияларды. аткарат.
4. Вирустар - клетка ичиндеги паразиттер. Алардын көлөмү өтө майда. Алар бактерияларды иргөө (кармоо) чыпкадан (фильтр) да оӊой чыгышат, ошондуктан чыпкалагыч (фильтрующиеся) болуп аталган.
5. Риккетсиялар бактерия жана вирустардын ортосунда орун алган. Алар жаныбарлардын жана өсөмдүктөрдүн клеткаларынын ичинде гана митечилик кылып өнүгө алат.
Патогендик микробдор өзгөчө заттарды пайда кылат - уулуу касиети бар токсиндерди. Микроорганизимдер тирүү кезинде пайда кылган токсиндер, экзотоксиндер деп аталат. Эндотосиндер микробдук клетка кыйраган бузулгандан кийин гана бошонот жана бардык патогендик микробдордо болот.
...