Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Интервью технологиясы

Автор:   •  Декабрь 6, 2023  •  Творческая работа  •  1,738 Слов (7 Страниц)  •  49 Просмотры

Страница 1 из 7

                                                 ИНТЕРВЬЮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ

Интервью алуунун айрым практикалык ыкмаларын жана методдорун карап көрөлү.

6.1. АЛДЫН АЛА МАШЫГУУ

Интервью алууга даярдык көрүү менен интервью берүүчү адам менен мүмкүн болушунча ээн эркин сүйлөшүү, аны жазып алууга даярдоо үчүн бир нече минута каралганы оң.

Көпчүлүк адамдар үчүн жарыкты коюу, микрофонду текшерип көрүү ж.б.д.у.с. менен интервьюга даярдык көрүүнүн бүткүл процесси адаттан тыш көрүнүш. Сиздин милдетиңиз – ушул процессти бузбастан жана андан алагды болбостон интервью берүүчү менен “сүйлөшүүгө” аракет кылууда турат. Сиз музду жарышыңыз керек.

Эгерде тажрыйбасыз адамдан интервью алып жатсаңыз алар көп учурда өздөрун кандай кармоону билишпейт андыктан аларга бир нече кесептик кеңеш бериңиз – алар кысынбай жана тартынбастан сиздин суроолуңузга жооп бере алгыдай болсун.

Жарыкты жана  микрофонду коюп жаткан учурда интервью алганы жаткан адамдар менен жалпы темада сүйлөшүңүз, интервью учурунда алар көңүлүн камерага жана башка техникага эмес, сиздин суроолоруңузга, сизге топтоштурсун  үчүн аны менен жеке мамиле түзүңүз.

Бирок алдын ала машыгуунун милдети спортсмен денесин жылытуусунда, күйүп кетпөөсүндө экендигин эске тутуңүз.

Адамдардын көпчүлүгү бир эле текстти бир нече жолу бирдей ишенимдүүлүктө кайталап бере алышпайт. Андыктан, машыгуу учурунда айрыкча олутту жана орчундуу суроолорду бербей эле койгон оң.

Ошону менен бирге интервью алып жаткан адам менен аңгемелешүүнүн тематикасын машыгуу учурунда интервьюда чагылдырылууга тийиш болгон суроолорго такоо керек. Ал эми “Кийинки кезде кинодон жакшы эмнелерди көрдүңүз?” деген сыяктуу таптакыр тиешеси жок нерселер жөнүндө маектештен сурабай койгон оң.

Эгерде сиз машыгууну ийгиликтүү жүргүзүп алсаңы, маектешкени жаткан адамдын санаасы тынчып, көңүлүн талкуулануучу маселерге топтоштурат, телетехгикага алагды болбойт – б.а. ал интервьюга даяр болот, ал эми сиз мындай толук, табыгый жана ынанымдуу жоопторду аласыз.

6.2. КАЙТАЛАНГАН СУРООЛОРГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

Кээде интервьюну жазып алуу же тү эфир учурунда сиз машыгуу учурунда берген айрым суроолорду кайталоо зарылчылыгын сезесиз.

Ошондуктан машыгуу учурунда маектешке азыр берилген суроолордун айрымдарын  берүү учурунда кайталышы мүмкүн экендигин эскертип коюңуз. Бул суроолордун жооптору көрүүчүлөр үчүн маанилүү  экендигин түшүндүрө кетиңиз. Интервьюну алдын ала репетициялоого  же адамды сизге керектүү жоопторго түртмөөлөгө болбойт – бул этикага сыйбайт. Жөн гана камера иштей баштаганда ал ушул өңдүү суроолоро даяр болууга тийиш экендигин айтыңыз.

Эгерде сиздин маектеш өтө эле уялчак же көшөргөн адам болсо, анда 6.1. жана 6.2. бөлүмдөрдөгү  каралган ыкмалар пайдасыз болуп калышы мүмкүн.

6.3. ПРОВАКАЦИЯЛЫК СУРООЛОРДУ БЕРБЕҢИЗ  

Эгерде сиздин суроолоруңуз токтоо жана конкретүү болсо, анда алда канча пайдалуу маалымат аласыз. Эгерде сиз орой жана агресивдүу болсоңуз, интервью берүүчү жооп берүүдөн баштартышы, же каршы чабуулга өтүшү мүмкүн.

Өз алдыңызга кандай максат коесуз – өзүңүздүн ачуулагандыгыңызды көрсөтөсүзбү же  берилген суроого жооп аласызбы? Эгерде сиз турктуу, бирок кичипейил болсоңуз, ошондо оң натйыжага жетишесиз. Бул оор суроолорду берүү керек, дегенди билдирбейт. Бек бирок ачык эмоциясыз суроо узатыңыз. Мындай сиз “Өз аялыңызды урганды качан токтотосуз?” деген сыяктуу провокациялык суроолорго орун болбоого тийиш.

6.4. БИР ЖОЛКУДА БИР СУРООДОН АШПАСЫН

Бир учурда эки суроо бербеңиз. Жооп берип жаткан адам же алардын бирин четтеп өтөт, же бирине жооп берип жатып экинчисин унутуп коет. Суроолорду бирден бергенге үйрөнүңүз – сиз жакшы натыйжага ушундайча жетишесиз.

Эки суроо берген болсоңуз, анын жообу кошулуп кетиши мүмкүн, бул монтаж учурунда кошумча кыйынчылыктарды жаратат, анткени сюжет үчүн сизге бир гана жооп керек эмеспи.

6.5. ЖООП БЕРҮҮЧУГӨ ОЮН АЙТКАНГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРҮҮ КЕРЕК

Сизге кастык сезимиң байкатып койгон интервью берүүчүгө оюн акырына чейин айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз, сөзүн бөлбөңүз. Айтайын дегенин аягына чейин угуңуз. Анын сөзүнөн карама – каршылыкты же жооптон четтөөгө умтулууну укканда  гана өз пикириңизди айтыңыз.

...

Скачать:   txt (23.9 Kb)   pdf (106.8 Kb)   docx (198.7 Kb)  
Продолжить читать еще 6 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club