Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Бюджеттик салык саясаты

Автор:   •  Май 20, 2021  •  Лекция  •  878 Слов (4 Страниц)  •  322 Просмотры

Страница 1 из 4

Тема: Бюджеттик салык саясаты.

      Өлкө бюджети түзүү экономикалык саясаттын негизги багыттарынын бири жана татаал, дайыма өнүгүп туруучу процесс болуп эсептелет.Ошондуктан, мамлекет бюджетин бир тараптан ички экономикалык стабилдүүлүктү, экинчи тараптан жалпы экономикалык өсүштү камсыздай ала тургандай кылып түзүүгө аракет кылат. Кыргызстанда бюджет Өкмөт тарабынан иштелип чыгып кароо жана талкуулоо үчүн Жогорку Кеңешке сунулат. Адегенде бюджеттин жалпы киреше жана  чыгаша бөлүктөрү каралып чыгат, андан кийин алар администратвидик классификацияны камтыган бюджеттик классификацияга ылайык талкууланат. Бюджетти карап чыгуу чыгашалар жана айрым статьяларды талкуулоону камтыган бир нече этаптан турат. Мында тиешелүү кирешелүү булактар менен камсыздалышына өзгөчө маани берилет.

     Салык жыйымдарынын жалпы суммасы бюджетти түзүүдө негизги булак болуп эсептелет. Өлкөдө салык жыйноо 1996-жылы 11-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлөт.

     Салык Кодексине ылайык жеке жана юридикалык жактардан төмөнкү жалпы мамлекеттик салыктар алынат:

  • жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
  • юридикалык жактардан алынуучу пайда салыгыг;
  • кошумча нарк салыгы;
  • акциз (акциздик салык);
  • жер салыгы.

Мамлекеттик бюджеттин салык базасын дайыма иштөөчү жана узак мөөнөткө эсептелген механизм катары кароого болбойт. Ал экономиканын учурдагы өнүгүү деңгээли, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана ички рыноктун кызыкчылыктарын коргоо, өндүрүштүк мамилелерди жөнгө салуу сыяктуу бир нече факторлордон таасирленет. Ошондуктан бюджетти түзүү эң негизги эки максатты көздөйт:

  • прогрессивдүү салык түрлөрүн колдонуу үчүн максималдуу аракет жасоо;
  • салыктарды экономиканын өсүшүн басаңдатуучу фактор катары түшүнбөө.

       Бюджет (Budget) - Экономикалык субъекттин белгилүү бир мезгил ичиндеги, адатта жыл ичиндеги кирешелер жана чыгашаларынын ведомосту. Көпчүлүк учурда бюджет колдо болгон жана чыгымдалуучу акча каражаттарынын санын, алардын өз ара ылайык келүүсүн эсепке алуу үчүн түзүлөт. Мындан тышкары, берилген жана кеткен убакыт салыштырылган убакыт бюджети да түзүлөт. Бюджет, балансташууну, экономикалык ресурстардын кириш жана чыгыш бөлүгүнүн дал келүүсүн текшерүүнүн негизги инструменти болуп саналат. Экономикалык субъектке, анын акча каражаттарына жараша бюджет түзүлөт. Бюджеттер мамлекеттик, регионалдык, жергиликтүү (муниципалдык), үй-бүлө (керектөө) бюджеттерине бөлүнөт. Бул жерде ишканалардын, фирмалардын кирешелер жана чыгашалар балансынын формасында түзүлгөн бюджеттери да эске алынган.

      Мамлекеттик бюджет (State budget) - Мамлекеттик кирешелердин келип түшүү булактарын жана каражаттардын чыгымдалышы багыттарын көрсөтүү менен белгилүү бир мезгил аралыгына, көбүнчө бир жылга түзүлгөн, мамлекеттин кирешелер жана чыгашалардын расмий күчкө ээ болгон сметасы. Мамлекеттик бюджет өкмөт тарабынан түзүлүп, жогорку мыйзам чыгаруу органы тарабынан кабыл алынат.

Бюджет тартыштыгы (Budget deficit) - Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн киреше бөлүгүнөн ашып кетиши.

Бюджет профицити (Budget surplus) - Бюджет боюнча кирешелердин чыгашадан артышы.  

      Дүң капиталдык салымдар (Gross capital investment) - Өнөр жайы, айыл чарбасы жана өндүрүштөн башка тармактын жаңы ишканаларын куруу жана  иштеп жаткан ишканаларды реконструкциялоо, кеңейтүү жана техникалык кайра жабдуу аркылуу негизги фондуларды өзгөртүп түзүүгө инвестиция жумшоо.

      Ички дүң өнүм (ИДӨ). ВВП (Gross domestic product) - Мамлекеттин аймагында экономиканын бардык тармактарында колдонулган өндүрүш факторлорунун улуттук тиешелүүлүгүнө көз карандысыз керектөө, экспорттоо жана топтоо үчүн жыл ичинде өндүрүлгөн бардык түпкү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (б.а. түздөн-түз керектөө үчүн каралгандардын) рыноктук наркы. ИДӨнү эсептөөдө төмөнкүдөй үч ыкма колдонулат: 1) экономикадагы бардык кирешелерди: эмгек акыны, капиталга пайыздарды, пайданы жана рентаны суммалоо аркылуу; 2) бардык өндүрүштүк чыгашаларды: керектөөнү, инвестицияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды, ошондой эле таза экспортту суммалоо аркылуу; 3) бардык кошумча наркты суммалоо аркылуу эсептелинет.  

...

Скачать:   txt (12.4 Kb)   pdf (82.6 Kb)   docx (11.1 Kb)  
Продолжить читать еще 3 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club