Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Кеп этикети

Автор:   •  Декабрь 4, 2020  •  Реферат  •  6,304 Слов (26 Страниц)  •  2,476 Просмотры

Страница 1 из 26

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Кыргыз филологиясы факультети

                        Тема: Кеп этикети

                                                                Атк.: ____________________

                                                                Тек.: ____________________

                                        Бишкек-2020

                                        Мазмуну

Киришүү

1. Кеп маданияты жөнүндө түшүнүк

2. Кеп этикети

Корутунду

Пайдаланылган адабияттар

                                        Киришүү

        Кеп маданиятынын маселелери илимий-теориялык жактан орфоэпия, орфография, стилистика жана адабий тил бөлүмдөрүндө каралат. Соңку жылдарга чейин кыргыз тили илимий-теориялык жактан бир катар илимийизилдөөгө алынганы менен (кеп, кеп маданияты, текст, стилистика) иликтөөгө азыраак көңүл бөлүнүп келди. Алсак, орфография, пунктуация өңдүү олуттуу маселелер алигиче тартипке салына элек. Бул жагдай кеп маданиятын өнүктүрүүгө өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз тили эң баалуу маданий дөөлөт катары эсептелип, кеп маданияты илимий-теориялык жактан терең, ар тараптуу изилдөөгө алынуу менен практикалык жактан да тезинен изилдениши жана өнүгүш багыттары чечилиши зарыл.

        Кеп маданияты адабий тилдин нормасына таянып, жалпы принциптерди бузбай сактоо, жагдайга, шартка ылайык оозеки жана жазуу иштерин түшүнүктүү, даана, так, көркөм, жатык бере билүүнү көздөйт. Ар бир сөздү өз ордуна, ылайыгына жараша колдонуп сүйлөп, жаза билүү – оор, машакаттуу иш. Ар бир сөздүн кыябын таап, кынай сүйлөй билүү бир – эки эле күндүн 10 ичинде иш жүзүнө аша калбайт. Ал нечендеген доордун, жүздөгөн кылымдардын жемиши катары өтө этияттык менен иргелип, элдин элегинен, учурдун сыноосунан өтүп, түгөнгүс кенч катары калыптанат.

        Илимий жана методологиялык жактан тилдеги сөздөрдү сүйлөшүү тажрыйбасында ыктуу пайдалана билүү да кеп маданиятын аныктоонун талабына төп келет. Кийинки мезгилдерде кеп маданиятын жакшыртуунун, өркүндөтүүнүн социалдык зарылчылыгы артып, бир катар кыргыз тилчиметодист окумуштуулар тил илиминин бул тармагын изилдеп, анын теориясын иштеп чыгууга аракет кылып келет. Атап айтсак, алар: А.Жапаров, С.Давлетов, А.Саадабаев, С.Мусаев, С.Рысбаев, Ж.Дүйшеев, А.Чолпонбаева, В.Мусаева, Б.Абдухамидова, Т.Үмөталиева ж.б.

        Маданияттуу кеп өзүнүн айтылышында азыркы орфоэпиянын нормасына, жазуу жүзүндө орфографиялык жана пунктуациялык эрежесине туура келгидей болуу керек. Ошондой эле оозеки жана жазуу кептеринде морфологиялык жана синтаксистик нормаларды сактоо талапка ылайык.

        Кийинки мезгилдерде кыргыз тили илимий-теориялык жактан бир катар илимий изилдөөгө алынып, кеп маданияты боюнча көптөгөн эмгектер жазылып, бир катар проблемалар ийгиликтүү чечилгендиги талашсыз. Мектептерде кыргыз тилин окутууда кеп маданиятын тилдин башка бөлүмдөрүнөн айырмалап көрсөтүү туура нукка түшүүдө. Кеп маданияты тил илиминин бир тармагы болуу менен сүйлөөдө, адабий тилдин чегинде тилди илимий жагдайда пайдаланууда, ойду туура берип, кептик кубулушту, практикалык маселелерди иликтей тургандыгына айрыкча маани бериле баштады.

        Кеп маданиятынын лингвистикада өзүнчө тармак катары калыптанып, өнүгүшү советтик доорго туура келет, б.а, бул мезгилде тилдик процессти анын байланыш куралы катары аткарган кызматын аң-сезимдүү түрдө башкарып, жөнгө салуу тууралуу ойлор (идея) пайда болуп келген. Кеп маданиятын изилдеп үйрөнүү боюнча кеңири изилдөөлөр белгилүү илимпоз-лингвисттер: Л.В.Щерба, Л.П.Якубинский, Ч.Д.Поливанов, Р.А.Будагов, В.В.Виноградов, А.И.Ефимов, Д.Е.Розенталь, С.Е.Ожегов, Н.Г.Головин, Л.И.Скворцов, В.Г.Костомаров ж.б тарабынан жүргүзүлүп, алар мазмундуу жана көлөмдүү эмгектерин жазышкан. Бирок кеп маданияты жөнүндө жогорку окумуштуулардын пикирлери бирдей эмес. Бирөөлөрү кеп маданияты деп – тигил же бул тилде туура сүйлөп жана жаза билүүнү түшүнүшсө, экинчи окумуштуулар кеп маданияты деген ойду жөнөкөй, түшүнүктүү жана логикалуу бере билүү жөндөмдүүлүгү экендигин белгилешкен. Ал эми үчүнчүлөрү кеп маданияты деп тилдин көркөм жана элестүү каражаттарын билгичтик менен пайдаланууну түшүнсө, төртүнчүсү ойдун так, кыска жана улуттук тилдин өзгөчөлүгү менен берилиши – кеп маданиятынын негизи деп эсептешкен. Ар бир көз караштын өз алдынчалыгы бар, анткени маданияттуу кепте мына ушул белгилердин бардыгы болууга тийиш.

...

Скачать:   txt (69.3 Kb)   pdf (215.1 Kb)   docx (32.1 Kb)  
Продолжить читать еще 25 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club