Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Ак-Суу районунун калкынын миграциясы

Автор:   •  Апрель 21, 2022  •  Дипломная работа  •  22,331 Слов (90 Страниц)  •  176 Просмотры

Страница 1 из 90

Мазмуну

Кириш сөз…………………………………………………………………………3

Бөлүм 1. Ак-Суу районунун  экономикалык-географиялык абалы жана жаратылыш шарттары…………………………………………………………6

1.1. Ак-Суу районунун экономикалык-географиялык абалы…………….6

          1.2. Ак-Суу районунун жаратылыш шарттары…………………………..6

Бөлүм 2. Ак-Суу районунун калкынын географиясы жана эмгек  ресурстары………………………………………………………………………22

            2.1. Калктын санынын осүүсү жана  өзгөрүү динамикасы……………22

  2.2. Калктын жаш – жыныстык жана  улуттук составы………………30

  2.3. Калктын социалдык курамы  жана эмгек ресурстары……………33

             2.4. Калктын жана калктуу пункттардын  жайгашуусу………………48

 Бөлүм 3. Ак-Суу районунун калкынын миграциясы……………………53

   3.1. Миграциялык процесстердин жүрүшү............................................53

   3.2. Ак-Суу районунун калкынын ички  миграциясындагы    

        тенденциялар………………………………………………………..57

   3.3. Ак-Суу районунун калкынын тышкы  миграциясы жана  

        анын өзгөчөлүктөрү………………………………………………..60

Корутунду………………………………………………………………………67

Колдонулган  адабияттар……………………………………………………...70

Тиркемелер

Кириш сөз

        Бул ишти жазуумдун максаты илимий адабияттардын жана статистикалык, райондун социалдык бөлүмдөрүнөн алынган  маалыматтардын негизинде  өлкөбүздүн өз алдынча суверендуу мамлекет болуп, бир коомдон экинчи коомго отүү, башкача айтканда базар экономикалык мамилесине өтүү мезгилинде Ак-Суу районунун демографиялык абалын жана калктын негизги өндүргүч күчтөрүн, эмгек ресурстарын  изилдөө.

Дипломдук иштин актуалдуулугу Ак-Суу районунун калкын, анын географиясын жана өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле жалпысынан райондо демографиялык процесстер кандай жүрүп жатканын изилдөө актуалдуу проблемардын бири.

Дипломдук иштин максаты Ак-Суу райондундагы калктын географиясына мүнөздөмө берип, анын өзгөчөлүктөрүн аныктоо, ошондой эле азыркы мезгилдеги Ак-Суу  райондундагы эмгек ресурстарын анализдөө бул иштин негизги максаты болуп саналат.

Азыркы мезгилде демографиялык көрсөткүчтөр  калктын динамикасы, төрөлүү, өлүм, жаш-жыныстык курамы, улуттук курам, социалдык структура, эмгек ресурстары жана калктын миграциясы рынок шартына ылайык өзгөрүүдө. Калктын жыш, текши жана аймак боюнча жайгашышы, жалпысынан каралган аймактын калкынын жайгашуу функциялык типтерин, отшуусун, жаш структурасын, калктын жыштыгын, текши бир калыпта жайгашуусун жана алардын аймак боюнча бөлүнүшүн өз ичине камтыйт.  Мунун негизинде айыл жергесин чоь масштабда изилдөө калктуу пунктардын пайда болуу мезгилин, аймак боюнча өзгөчөлүгүн жана алардын келечекте кандай өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирет.

Райондун   географиялык      абалы ыңгайлуу, салыштырмалуу түздүктүү рельеф, бул көп тармактуу экономиканын өсүшүнө таасир этет. Райондо өнөр жайдан казып алуу өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнүккөн. Ал эми айыл чарбада калк дан өсүмдүктөрүн, тамеки, пахта, жашылчаларды,момо жемиштерди өстүрүү менен алектенет. Бирок базар мамилелерине өтүү менен калкты иш менен камсыз кылууда көп проблемалар келип чыкты. Бүгүнкү күндө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында гана салыштырмалуу бир калыпта жумуш менен камсыздандыруу болупжатат.

Экономикалык кайра жаратуунун чечүүчү фактору адам фактору. Социалдык багыт алган экономика жөнүндө айтканда, муну мамлекеттик социалдык жактан кайрымдуулук саясаты деп, чарба жүргүзүүчүлөрдүн ошондой аракети деп ойлоо керек. Муну өз калиталын, эмгегин жумшал өндүрүштү жогорулата ала турган кишинин ишмердүүлүккө, экономикалык жөндөмдүүлүккө үндөгөн багыт деп айтууга болот, жөндөмдүү, устат жана натыйжалуу, түздөн-түз өндүрүштө, тейлөө чөйрѳсүндө өндүрүмдүү иштеген жаьы адамдын калыптандыруу азыркы эң бир маанилүү милдеттердин бири.

...

Скачать:   txt (268.5 Kb)   pdf (596.1 Kb)   docx (1.4 Mb)  
Продолжить читать еще 89 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club