Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар
Автор: Sara55666 • Май 4, 2023 • Реферат • 4,947 Слов (20 Страниц) • 325 Просмотры
Тема: Электромагниттик термелүүлөр жана толкундар
План:
- Термелүүнүн фазасы. Өчүүчү термелүү.
- Басаңдама электр магнитик термелүүлөр.
- Аргасыз электро-магниттик термелүүлөр
- Электр-магниттик толкундардын байланыш каражаттарында пайдаланышы
- Амплитудалык модуляция. Детектирлөө
Электрдик термелүүчү контурду, б.а. индуктивдүүлүк L болгон катушкадан жана сыйымдуулугу С болгон конденсатордон чынжырды карайлы. Эгер конденсатордун обклаткаларына [pic 1]q заряддарын жиберүү менен аны кандайдыр бир U потенциалдардын айырмасына дейре заряддап, анан К ачкычын туюктасак, анда конденсатор катушка аркылуу заряддсыздана баштайт. Чынжырда пайда болгон электр тогу, R каршыгы аз болсо, өтө тез жогорулайт. Убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган электр тогу катушакнын учтарында өзүнчө индукциянын э.к.к. барабар болгон потенциялдардын айырмасын пайда кылат:
[pic 2]Өз. инд=L[pic 3] (17.1)
(конденсатордун обкладкаларындагы потенциялдардын айырмасынынбелгисине карама-каршы юелгиде). Контурдагы болуучу мындан аркы электр-магниттик термелүү процесстери жөнүндөөткөн параграфта толук айтылган. Анны бул жерде кайтолоонун зарылдыгы жок. Мындан ары гармоникалык термелүүнүн алышына токтолобуз.
Эгерде контурдун өлчөмү (туташтыруучу өткөргүчтөр, катушканын
оромдорунун узундугу) кичине, ток күчүнүн өзгөрүү ылдамдыгы анча чоң эмес болсо, анда убакыттын берилген моментинде контурдун каалаган жеринде ток күчү бирдей деп эсептөөгө болот. Мындай шартта туюк контур үчүн Кирхгофтун экинчи эрежесин колдоно алабыз: убакыттын каалаган моментинде баардык э.к.к-нүн жана чыналуунун төмөндөшүнүн алгебралык суммасы нөлгө барабар.
Бул эреже турактуу ток үчүн гана так мааниге ээ. Өзүнчө индукциянын э.к.к. конденсатордон пластикаларындагы потенциалдар айырмасынын белгисине карама-каршы белгиге ээ болгондугуна байланыштуу Кирхгоф эрежеси төмөнкүдөй жазылат:
U-[pic 4]Өз. инд+IR=0, (17.2)
U=[pic 5][pic 6]Өз. инд=-L[pic 7]экендигин эске алсак, анда (17.2) барабардыгын
[pic 8] (17.3)
түрүндө да жаза алабыз. Алгач контурдагы өткөргүчтөрдүн каршылыктагы эң эле кичине, б.а. R[pic 9]0 жана бөлүнүп чыккан жылуулук аз деп кабыл алабыз. Мындан тышкары, контурда эч кандай электр энергиясы коромжулукка учурабайт деп болжолдойбуз: мисалга, конденсатордун обкладкаларынын ортосундагы диелектриктин мезгилдүү поляризацияланышында катушкадагы темир өзөкчө кайра магниттенгенде энергия коромжу болбойт, ошондой эле электр-магниттик энергиянын айлана чөйрөгө нурданышы жок деп эсептейбиз. Чыңалуунун толук төмөндөшүIR потенциалдардын айырмасынан U=[pic 10] жана өзүнчө индукциянын э.к.к-нүн өтө эле Кичине болгон шартта (17.3) формуласы төмөндөгүдөй жазсак болот (I=[pic 11]экендигин алып келет):
[pic 12] (17.4)
Бул теңдеме 2L жана С турактуу болсо гармоникалык термелүү кыймылындагы термелүүчү нерсенин ылдамдануусу менен тең салмактуу абалынын жылышуусу х ортосундагы байланышты
[pic 13] (17.5)
элестетет. Демек, бул эки теңдемени ((17.4) менен (17.5)) салыштыруудан термелүүнүн бурчтук жыштыгы жана мезгили
[pic 14] (17.6)
...