Чыңгыз Айтматовдун интервьюларындагы ой толгоолордун азыркы учурдагы актуалдуулугу
Автор: azik.08.08 • Июнь 16, 2020 • Реферат • 1,633 Слов (7 Страниц) • 434 Просмотры
Чыңгыз Айтматовдун интервьюларындагы ой толгоолордун азыркы учурдагы актуалдуулугу
Ааламдын алпы Айтматов деп бекеринен дүйнө жүзү тамшанып, тан бербеген чыгар. Кыргыз элинин бактысына бир жаралган чолпон жылдыз сымал өзүнүн жарык шооласын кылымдардан кылымдарга чача берерине эч күмөнүбүз жок. Улуттук адабиятыбыздын өнүгүүсү 20-кылымдын экинчи жарымынан тарта Айтматовдун ысмы менен тыгыз байланышта каралып келет. Жазуучунун чыгармачылыгы ар тараптан иликтенип, ондогон, жүздөгөн илимий, публицистикалык макала, монографиялар, кандидаттык, докторлук диссертациялар жазылса да дагы айтыла элек, жазыла элек, изилдене элек ой-кырлары көп экендигине акыркы эле мезгилде, жазуучунун публицистикаларына абай салып олтуруп ынандым.
Айрыкча Айтматовдун чыгармачылыгынын башталышындагы журналисттик ишмердүүлүгү, публицистикалык макалалары жана көптөгөн маалымат каражаттарына берген интервьюлары, андагы даанышмандык ойлор, эч кандай калыпка салынбаган, эркин, өз алдынчалуу пикирлери, көз караштары жана сынчыл ой жүгүртүүлөрү ар тараптан, терең изилдөөлөргө муктаж экендиги байкалат. Анткени, жаш кесипкөй адистер үчүн Айтматов мектебинен чыгармачылыктын чыйырын, калыстыкты, бийик адамгерчилик сапаттарды өздөрүнө сиңирип чыгуунун өзү кандай бакыт, кандай жетишкендик болмокчу. Айтматовдук сапаттарга суктанып, өрнөк, үлгү катары даңазалоо жаш муундар үчүн табылгыс тарбиянын башаты десек болот.
Кеменгер жазуучунун адабий чыгармаларындагы орошон ойлор каармандардын образдарына, көркөм сүрөттөөлөрүнө камтылып айтылса, публицисттик ой-толгоолорунда, берген интервьюларында жалпы адамзаттык проблемалардын тегерегинде чиеленишкен философиялык ой жүгүртүүлөрү бүгүнкү күндүн адамдары үчүн да өз актуалдуулугун жоготпостон, шамчырак сымал жол көрсөтүп келе жаткандыгын белгилеп коюуга милдеттүүбүз. Белгилүү окумуштуу, айтматовтаануучу А.Акматалиевдин пикирине таянсак: «Ч.Айтматовдун феномени – баарыдан мурда, анын көркөм дүйнөгө көз карашынын системасы – элдик салтка, «Манас» баштаган эң бай фольклорго азыктанып, таянганында жана ошону менен бирге бир эле убакта Батыш жана Чыгыш элдеринин көркөм маданиятынын эң жакшы тажрыйбаларын ширелиштире билгенинде» [Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2002:6]. Мына ушундай Батыштын да, Чыгыштын да адабий, маданий жетишкендиктерине каныккан жазуучунун чеберчилиги ата-бабасынын ыйык руху, деми менен азыктангандыгын окумуштуу таамай белгилеп өткөн.
Мен бүгүнкү талкууга жазуучунун гезит-журналдарга берген айрым бир интервьюларындагы турмуштун ачуу-таттуусун, күңгөй-тескейин жакшы билген, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүү этаптарын сергек баамдап-баалаган инсан катарында айткан жаркын ойлору менен бөлүшүп кетүүнү ылайык көрүп олтурам. “Дүйнө татаалданып барат”- деп аталат “Жаш коммунист” журналынын кабарчыларына берген интервьюсу.(“Молодой коммунист” № 1. 1972-жыл) Журналдын аты эле айтып тургандай бул маекте негизинен жаштарды тарбиялоо, деги эле жаштардын көйгөйлөрү алдыңкы планга чыккан. Журналисттин “жаштардын мүнөзүн канткенде курчутуп, кантип нравалык туруктуулукка тарбиялай алабыз?”-деген суроосуна жазуучу өзүнүн турмуштук бай тажрыйбасына таянып, бүгүнкү жаштардын эркин курчутуш үчүн сөзсүз эле кыйын кезең кырдаал же жакырчылык, жокчулук болушу шарт эмес деген оюун айтат. “Азыркы советтик жаштар үчүн интеллегенттүүлүккө, билимге, чыгармачылыкка алып баруучу бардык жолдор ачык. Бирок, интеллект да, эрудиция да адамга өзүнөн-өзү келбейт, аны да күрөш менен алуу керек. Рухий бийиктиктерди багынтыш үчүн да баатырдык күчтүү эрк, чыдамкайлык, туруктуулук талап кылынат. Жаш адам өзүндөгү жалкоолук, ыкшоолук сыяктуу сапаттарды жоюп, алдына коюлган маселенин көлөмүнөн, бараанынан коркпой (мажирөөлүк кылбай), кайраттуулук, эрктүүлүк менен киришкенде гана майнап чыгат”. (Ч.Айтматов “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” 182-бет)
...