Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Афина укугунун негизги белгилери

Автор:   •  Декабрь 13, 2022  •  Курсовая работа  •  2,066 Слов (9 Страниц)  •  112 Просмотры

Страница 1 из 9

[pic 1]

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ Ж.АБДРАХМАНОВ атындагы
МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ

АДМИНИСТРАТИВ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ

БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАСЫ

СТУДЕНТТИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШИ


Афина укугунун негизги белгилери


[pic 2]

Аткарган: Айытбекова Ж.А.

Текшерген: Келдибеков А.Д.


МАЗМУНУ

 Киришүү..................................................................................................................3

1. Афина укугунун калыптанышы ……...........................................................4

2. Мүлктүк мамилелер ........................................................................................5

3. Үй-бүлө жана мурас укугу...............................................................................8

4. Кылмыш-жаза укугу.........................................................................................9

5. Соттук териштирүү.........................................................................................10

6. Жыйынтыктоо.................................................................................................12

Колдонулган адабияттар....................................................................................13


Киришүү

Афина (байыркы) — Байыркы Грекиянын тарыхында жана маданиятында Спарта менен катар эле чоң роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). Афинанын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки Афина (биздин заманга чейинки 2-миңинчи жылдан 6-кылымга чейин). Археологиялык изилдөөлөр боюнча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал менен курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Биздин заманга чейинки. 594— 593-жылы демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал боюнча дыйкандардын карыздары жоюлган жана эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган.

560-жыл ченде Афинада саясий төңкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-жылы Елисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеңишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (Биздин заманга чейинки 500— 449) Афиначоң роль ойногон. Ионийлик шаарлардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеңген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк Афина Делос союзун жетектеп калган.

Афинада ошол кезде эң прогрессчил мамлекеттик түзүлүш — кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында Афина эң жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Маданият, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйнөлүк архитектуранын эң сонун үлгүсү болуп калды. Бирок Афина державасынын ичиндеги карама-каршылыктар анын башка полистер менен кагылышуусуна түрткү болгон жана бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431—404) чыгышына алып келген. Бул согушта Афина жеңилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда Афинанын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Биздин заманга чейинки 146-жылы Афинада Рим үстөмдүгү орногон. 88-жылы Афина Римге каршы кыймылга кошулган, 86-жылы римдик кол башчы Корнелий Сулла Афинаны каратып алат.


  1. Афина укугунун калыптанышы

Адамзаттын жашоосунун мамлекеттик-укуктук уюштурулушу менен цивилизациянын тарыхы Байыркы Чыгыштан башталат.

Анын жаңы жана жогорку баскычы Европанын түштүгүндө, Жер Ортолук деңизинин алабында калыптанган байыркы грек-рим коомунун өнүгүшү менен байланышкан. Байыркы цивилизация биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта, биздин замандын биринчи миң жылдыгынын башында өзүнүн апогейине жана эң чоң динамизмине жеткен. Адамдардын ишинин бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясий жана укуктук жактан да гректердин таасирдүү ийгиликтери дал ушул мезгилге таандык.

...

Скачать:   txt (30.5 Kb)   pdf (247.3 Kb)   docx (280.9 Kb)  
Продолжить читать еще 8 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club