Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Ферменттердин негизги касиеттери

Автор:   •  Октябрь 14, 2018  •  Курсовая работа  •  4,971 Слов (20 Страниц)  •  1,022 Просмотры

Страница 1 из 20

                                              Мазмуну

   Киришуу.............................................................................................................3

1.Ферменттер......................................................................................................4

1.1. Ферменттердин тузулушу..........................................................................5

1.2. Ферменттердин активдуу борбору............................................................7

2. Изоферменттер...............................................................................................9

3. Мультимолекулалык системалар...............................................................10

4. Ферменттердин таасир этуу механизми....................................................10

4.1. Ферменттик реакциянын кинетикасы.....................................................12

4.2. Ферменттик активдуулуктун бирдиги....................................................15

4.3. Реакциянын ылдамдыгынын убакытка коз карандылыгы....................16

5. Ферменттердин негизги касиеттери...........................................................16

5.1. Ферменттердин спецификалык касиети.................................................18

5.2. Ферменттерди активдештируу................................................................19

5.3. Ферменттердин активдуулугуно таасир этуучу факторлор.................20

6. Ферменттердин аталышы жана эл аралык классификация.....................22

    Корутунду.....................................................................................................25

    Колдонулган адабияттар………………………………………………….27

                                       

                                               

                                                      Киришуу

        Ферменттер организмде зат алмашуудагы химиялык реакциялардын жүрүшүн тездетет, бирок акыркы продуктунун составына кирбейт. Ферменттер катышпаган бир дагы тиричилик процесси жок. Дем алуу, жүрөк иши, өсүү жана клетканын бөлүнүшү, булчуң иши, тамак-аштын майдаланышы жана сиңирилиши, көптөгөн организмге пайдалуу биологиялык заттардын, ошондой эле ферменттердин өзүнүн синтезделиши жана ажырашы тез жана тынымсыз жүрүүчү фермент системаларга жараша болот, клеткалардагы жана органдардагы жалпы ферменттик реакциялар организмдин тиричилик аракетинин молекулалык негизин түзөт. Химиялык катализаторлордон алар ар бири белгилүү заттарга же белгилүү химиялык байланышка гана таасир этиши менен айырмаланат. Мисалы, лактоза сүт канты — лактозаны гана ажыратып, глюкоза менен галактозага айландырат, ал эми амилаза болсо полисахариддерге таасир этет. Ферменттердин тийгизген таасиринен татаал заттар жөнөкөй заттарга ажырап, ичегилерде сиңет. Мисалы, тамак белоктору алгач пепсин, трипсин жана химотрипсин ферменттеринин таасири менен полипептидге айланат. Ал полипептиддер ичке ичегилерде пептидаз ферментинин жардамы менен аминокислоталарга чейин ажырап, канга сиңет; кан аркылуу бардык органдарга жеткирилип, организмге керек белоктордун синтезделишине катышат.

        1814-ж. орус илимпозу академик К. С. Кирхгоф биринчи жолу угуттан фермент препаратын (крахмалды кантка айландыруучу экстракт) алган. Кийинчерээк аны диастаза же амилаза деп аташкан.

                                         

                                                            1.Ферменттер

       Ферменттер же энзимдер - организмде биологиялык катализаторлордун (ылдамдатуучу, тездетүүчү) милдетин аткаруучу өзгөчө белоктор. Ошондой эле ферменттердин эң негизги касиети болуп, алардын жогорку спецификалуулугу саналат.

Тирүү организмдин негизи болуп, зат алмашуу процесстери эсептелет. Бул процесстердеги синтез, ажыроо, кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары, гидролиз ж.б. көптөгөн химиялык процесстер ферменттердин жардамы менен иш жүзүнө ашырылат. Ошондой эле ферменттер жашоодогу негизги процесстерди, мисалы, генетикалык информацияны берүү жана биоэнергетика сыяктуу процесстерди дагы камсыз кылышат.

Ферменттер организмдеги процесстерге катышкандыктан, аларды “биокатализаторлор” деп да аташат. Ферменттер таасир этүүчү бирикмелерди субстрат (S) деп айтабыз.

...

Скачать:   txt (65.1 Kb)   pdf (863.9 Kb)   docx (2 Mb)  
Продолжить читать еще 19 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club