Эр Төштүк
Автор: Gghahi6 • Январь 2, 2022 • Реферат • 1,116 Слов (5 Страниц) • 1,147 Просмотры
Түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири «Эр Төштүк» Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп варианттуу, версиялуу чыгарма. «Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү элдердин бир катарында (түмөндүк татарларда, казактарда) жолугат. Булардын ичинен С. Каралаев айткан баатырдык архаикалык эпос «Сырттан Төштүк» классикалык үлгүсү болуп саналып, орус француз сыяктуу дүйнөлүк чоң тилдерге которулуп, жер жүзүндөгү көптөгөн элдерге белгилүү боло баштады.
«Төштүктүн» ар кыл варианттарынын, версияларынын негизги сюжеттик линиясы, борбордук каармандарынын атынын окшош болушу, ал турсун айрым учурда бири-бири менен тексттик дал келиши алардын генетикалык бир негизге жатарын көрсөтөт. Дегинкисин айтканда, Борбордук Азия, Түштүк Сибирдеги түрк-монгол элдеринин көптөгөн эпосторунун сюжеттери, мотивдери жана образдары окшош, типтеш келишип, баяндама фольклордун бирдиктүү ареалын түзүшөт. Кыргыздын «Эр Төштүк» эпосу жеке аталган ареалдагы эпикалык чыгармалар менен жакын турбастан, өзүнүн тарыхый өсүп-өнүгүш жолунда Орто-Азия, Иран элдеринин фольклордук чыгармаларынын көптөгөн элементтерин өз боюна сиңирген. «Төштүк» чыгармасынын эл арасында популярдуу болуп түрк тилдүү, тектеш элдерде кеңири тарашы өткөн кылымда эле окумуштуулардын көңүлүн өзүнө буруп, алар тарабынан тексти кагаз бетине түшүрүлүп, илимий көз караштар айтыла баштаган. Европалык окумуштуулардын ичинен «Төштүккө» биринчи болуп назар салган академик В. В. Радлов өзүнүн «Образцы народной литературы тюркских племен» — деген көп томдуу, атактуу эмгегинин IV томуна Батыш Сибирдик татарлардын «Йир Тошлык» жөө жомогун, V томуна Кыргыздын баатырдык архаикалык эпосун жарыялап жана ушул томдун кириш сөзүндө эки чыгарманын сюжеттик системасын салыштырып карап, жалпылыгын белгилеген. «Төштүктү» андан ары изилдөө, жыйноо Г. Н. Потаниндин фольклористтик ишмердиги менен байланышкан. Ал «Төштүк» жомогун англо-франктын, Кавказдын, Монголдун, славяндын фольклордук чыгармаларынын сюжеттери менен салыштырып: «...бул жомоктун варианттары (типтеш мотивдери — Р. С.) Монголиядан тартып Батыш Европага чейинки бүткүл аралыкка тараган»4 — деп белгилеген. Бул изилдөөлөргө бурят окумуштуусу М. Н. Хангаловдун «Балаганский сборник» деген эмгегин кошсок болот. Анда буряттардын «Гесер» эпосунун айрым эпизоддору «Төштүккө» салыштырылган. Эпостун чыгыш теги, жанрдык мүнөзү жөнүндө айрым байкоолор советтик доордо П. А. Фалев6 В. М. Жирмунскийдин эмгектеринде жолугат X. Г. Короглы эпостун мотивдеринин семантикасын, образдарын Иран мифологиясы менен байланыштуу караган . Советтик доордо Бул ишти алгалоодо улуттук интеллигенциянын өз элинин көркөм маданиятын изилдөөдө кадимкидей илимий деңгээлге өсүп жетиле келиши да өз салымын кошкон. Азыркы учурда эпостун улуттук (кыргыз, казак, татар) варианттарынын түрдүү эпикалык версияларына, түрдүү проблемаларына арналган көптөгөн эмгектер жаралган. Казактардын «Ер Төстик» жомогу М. Ауэзов, А. Маргулан, М. Габдулин, А. Коңратбаев, Р. Бердибаев, С. Саырбаев ж.б. эмгектеринде каралса, татарлардын «Йир Тошлик» Ф. А. Ахметованын, Ф. И. Урманчеевдин ар түрдүү эмгектеринде анализге алынган. Аталган окумуштуулардын эмгектерин жалпылай келгенде эпостун негизинен генезиси, жанрдык өзгөчөлүгү жана ар түрдүү улуттук версияларынын сюжеттик параллели изилденгенин көрөбүз. «Эр Төштүктү» кыргыздар өздөрү ушул кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып кагаз бетине түшүрө башташкан. Чогултулган материалдарга таянганда чыгарма эл арасында кара сөз менен айтылган жомок жана чылк ыр менен айтылган баатырдык архаикалык эпос түрүндө параллель жашап келгенин көрөбүз. Булардын ичинен Ж. Жамгырчы уулу , Ы. Шамен уулу , Ж. Казакбай уулу тапшырган материалдар кара сөз түрүндө айтылган жомоктор. Булардын бардыгы Кыргызстандын түндүк регионунда жашаган өкүлдөрдөн жазылып алынган. Ошондуктан К. Мифтаковдун түштүктө «Эр Дөштүк» эң көлөмдүү эпос болуп айтылып келгени жөнүндөгү маалыматы өзгөчө кызыкчылык туудурат. Чыгарманын чылк ырдан турган баатырдык архаикалык вариантын 1937-жылы улуу манасчы Саякбай Карала уулунан кыргыздын чоң фольклорист – жыйноочусу Ыбрай Абдрахман уулу жазып алган. Эпосту изилдөөчү С. Кайыповдун так эсептөөсү боюнча бул варианттын толук тексти 16559 сап ырдан турат, б.а. кыргыздын башка кенже эпосторунун эч бирин көлөм жагынан астына салбайт, дегинкисин айтканда, жалпы эле түрк элдеринин эпосторун көлөм жагынан эң ирдүүсү «Төштүк». «Төштүктүн» башка элдерде жомок түрүндө ал эми бизде эң көлөмдүү эпос болуп айтылышы кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыкка өтө ыкташып кеткенин дагы бир жолу ырастап турат. Ырас, кыргыздын башка кенже эпосторуна жана «Төштүктүн» өзүнүн жомоктук варианттарына салыштырганда ыр менен айтылган эпостук варианты азыр сейрек учурайт, болгону революцияга чейинки В. В. Радлов жазып алган жана С. Каралаев айткан эки вариант гана илим дүйнөсүнө белгилүү. С. Каралаевдин айткан варианты боюнча «Төштүк» мындан мурда төрт сапар жарык көргөн. Аларда тексти жарыялоонун деңгээли ар кандай. Муну мындай жөнөкөй фактыдан да абайласа болот. Айтуучунун оозунан жазып алынган толук текстти 16559 сап ырдан турса, 1938-жылкы жарыяланышы 16017 сап ырдан, 1956-жылкы жарыяланышы 12311 сап ырдан, 3-4-басылыштары (1969, 1981-ж.) 14154 сап ырдан турат.
...