Философия тарыхынын онтологиялык маңызы
Автор: Adelll • Июнь 7, 2023 • Творческая работа • 2,407 Слов (10 Страниц) • 138 Просмотры
О.Тогусаков, академик
А.Бекбоев, профессор
Философия тарыхынын онтологиялык маңызы.
O. Togusakov, academician,
Vice President of the National Academy of Sciences of the Kyrgyz Republic,
A. Bekboev, professor,
Leading researcher of IP of the National Academy of Sciences of the Kyrgyz Republic.
Эгерде философия кандайдыр бир бүтүндүктү туюндурган илимий-теориялык система боло турган болсо, анда анын ажырагыс, метафизиканын (постклассикалык эмес маанисинде), эпистемологиянын, аксиологиянын, эстетиканын, эткиканын негизин түзгөн бөлүгү – онтология болуп эсептелери шексиз. Байыркы “антикалык” философиядан азыркы учурга чейин акыл-ойдун чабытын дүрбөткөн бул аталган парадигмалык концепциянын “предметтик” жагдайы дагы эле өзүнүн “мазмундук талаасына” толуккандуу ээ боло элек. Ошондон улам ал ар кандай интерпретацияга эгедер: болум, дүйнөтүзүлүш, дүйнө субстанциясы жөнүндөгү окуу, тил онтологиясы, аңсезим онтологиясы, инсан онтологиясы, «Dasein» онтологиясы.
Аталган түшүнүктүн (онтологиянын) классикалык үлгүсү (генезиси) Милет философиясы менен Прамениддин окуусунун синтезинен жаралып, белгилүү конуептуалдык үчилтик – “болум – маңыз - атрибут” менен байланыштуу деген бүтүм жасоого толук негиз бар. Аталган үчилтиктин түпкү мааниси “негизи эмнеде”, “тигил же бул нерсенин негизинде эмне жатат” деген суроо иретиндеги ойжорум менен байланыштуу. Классикалык онтологияны кескин сынга алган соңку мезгилде, айрыкча батышта күч алган классикалык эмес онтология “маңыз” түшүнүгүн конкреттештирүүгө багыт алып, аны адам болуму менен тыгыз байланыштырып кароого ык алды. Ошентсе да, классикалык эмес, азыркы батыш философторунун концепциясы “болум” түшүнүгүнө басым жасаганы менен, универсалдуу метафизикага (философияга) айланган жок. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Н. Гартмандын “жаңы онтологиясы”да, М.Хайдеггердин “фундаменталдуу онтологиясы” да классикалык метафизиканын алтернативдүү парадигмасын толук алмаштыра алган жок.
***
Концептуалдык иликтөөгө алынган проблеманын (онтологиянын) актуалдуулугу, тарыхый-философиялык мазмуну анын карама-каршы пикирлердин «кагылышы» менен чечилип келген ички табияты менен шартталган. Ошондуктан объективдүү тарыхый процесстин эвристикалык чыныгы маанисин, анын баскычтан баскычка көтөрүлгөн жандуу табиятын, бүтүндөй оош-кыйыш драматизмин аӊдабай туруп, теориялык ой жүгүртүүнү, тааным процессин ылдамдап илгерилеген практиканын талабына ылайык өнүктүрүү, концептуалдык мазмуну тереӊ, масштабдуу түшүнүктөрдү объективдүү логиканын алкагында абстрактуулуктан конкреттүүлүккө карай ийкемдүү колдоно билүү мүмкүн эмес.
Ал эми тарых өзүнүн диалектикалык табиятына ылайык, мейкиндик менен мезгилдин чектелген алкагы койгон кедерги чен-өлчөмдү, тааным процессинин «тар жол, тайгак кечүүсүн» ички имманенттүү мыйзамченемдүүлүктөрүнүн негизинде – коомдук эстутум аркылуу, артка таштап, акырындык менен кетенчиктеп-илгерилеп, адашып-адашпай өнүгүп келет. Демек, теориялык ой жүгүртүүнүн сыналган мектеби – философия тарыхын өздөштүрүү жана ушундай жол менен диалектикалык логиканы учурдун олуттуу талабына ылайык өнүктүрүү - жандуу ой жүгүртүүнүн ийкемдүү «категориялык сеткасын» адекваттуу аӊдоо, иликтөө менен коштолоору табигый иш. Объективдүү диалектика, гносеология жана логиканын төп келишин кылдат туюндурган философиялык түшүнүк - категориялардын диалектикалык мүнөздөгү субъект-объектилик маӊыз-мазмунун адекваттуу «аӊ-сезимдин фактысына» айландыруу, өздөштүрүү, колдоно билүү орчундуу практикалык мааниге ээ; болмуштун улам чиеленишкен сырларын таанып-аңдоо жандуу, ийкемдүү логико-гносеологиялык каражаттары - категорияларсыз жүзөгө ашпайт.
Абстракциялык мүнөздөгү конкреттүү-тарыхый
...