Кайра жаралуу доорундагы философия. Жаңы мезгилдин философиясы
Автор: baktybekova144 • Ноябрь 25, 2024 • Лекция • 4,480 Слов (18 Страниц) • 19 Просмотры
Лекция №4 Тема: Кайра жаралуу доорундагы философия. Жаңы мезгилдин философиясы.
План:
1. Кайра жаралуу доорундагы философиянын пайда болушу
2. Жаңы мезгилдин философиясы.
Негизги адабияттар:
- Аалиева Г. К., Аалиева Н. К., Аалиева Ш. К. Философиянын тарыхы. Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу китеби. - Бишкек: КМУУ, 2002.
- Асмус В. С. Античная философия – М. 1976
- Ведение в философию. Учебник для вузов.ч1. М. 1989.
- Антология мировой философии. в 4 – х т. М. 1969 – 1972.
- Ойзерман Т. М. Краткий очерк истории философии. – М.1981.
- Спиркин А. Г. Философия М. 2000.
- Общественно – философская мысл народов в средней Азии. Бишкек.
- Философия. Энциклопедия. Бишкек 2003.
Кайра жаралуу доору деп орто кылымдардан жа ң ы мезгилге карай бир нече кылымдарга созулган (Италияда XIV-XVI кылымдар, башка европалык өлкөлөрдө XV- XVI кылымдар) өтмө мезгил аталат. Бул мезгилде орто кылымдардын экономикасы,социалдык шарттары, саясаты рухий дөөлөттөрү жа ң ы шарттарга ылайык келбей, тап-такыр эскирип бүткөн. Ал эми жа ң ы буржуазиялык түзүлүш али орной элек болчу.
Кайра жаралуу доору орто кылымдардагы коомдук турмуштун феодалдык механизмдерин жана чиркөөнүн үстөмдүгүн четке каккан. Ренессанс (Италия тилинен rinascita, француз тилинен renaissance – кайра жаралуу) доору деп 1250-1550-жылдар эмес XV- XVI кылымдардын аралыгындагы феодализмден капитализмге өтүү мезгили аталат.
Айтылып өткөндөй, Кайра жаралуу доору орто кылымдарда унутта калтырылган антикалык маданиятты, маданиятты, жашоо образын кайра жаратууга умтулган. Бул доордун борбору болуп Италия эсептелет. Байыркы Гректердин жана Римдиктердин жетишкендиктерине таянуу менен италиялыктар жаратылыштын гармониялуу мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга аракет кылышкан. Ошол себептен кайра жаралуу доорунун негизги максаты болуп эчак унутулган антикалык маданиятты, илимди жана философияны кайрадан жандандыруу эсептелген.
Николай Коперник жер ааламдын борбору эмес, күн системасынын кичинекей планетасы экендигин ачкан. Галилео Галилей телескоп жасап, күндүн бетиндеги тактарды көргөн. Барометрдин пайда болушу менен аба ырайын алдын ала айтууга мүмкүндүктөр ачылган. Компас Христофор Колумбка жердин шар формасында экендигин далилдөөгө жана Америка континентин ачууга жардам берген. Микроскоп биологиянын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Испан ойчулу жана дарыгери Мигель Сервет кандын айланышын ачкан жана адамдын физиологиясы тууралуу жаңы окуну иштеп чыккан. XIV кылымда жа ң ы жерлердин ачылышы, улуу саякаттар жердин территориясы тууралуу мурдагы түшүмдөрдү алты эссе көбөйткөн. Улуу географиялык ачылыштардын учурунда зоология, метеорология, ботаника, астрономия, антропология боюнча мурда болуп көрбөгөн бай материалдар чогултулган.
Ренессанс философиясынын мүнөздүү белгилери жана негизги багыттары. Реннесанс философиянын мүнөздүү белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелишет:
1. Антропоцентризм жана гуманизм. Эгер христиандык антропоцентризм адамды Кудайдын жаратуусунун натыйжасы жана күнөөлүү жандык катары караса, Кайра жаралуу доорундагы антропоцентризм аны бүтүндөй жаратылыштын жана өзүнүн өкүмдары, өзүн-өзү жаратуучу жандык катары караган. Реннесанс доорундагы гуманизм адамдын инсан катары баалуулугун, анын эркиндикке, бакытка, өз жөндөмдүктөрүн өнүктүрүүгө жана аларды турмушка ашырууга, татыктуу өмүр сүрүүгө болгон укуктарын даңазалаган.
Гуманизм
« Гуманизм » ( латынчадан humanitas – адамгерчилик) термини илимге биздин заманга чейин I кылымда эле атактуу римдик оратор Цицерон (б.з.ч. 106 – 43) тарабынан киргизилген.
« Гуманизм » деп ал адамды жогорулатууга мүмкүндүк берген тарбия менен билимди түшүнгөн.
Бүгүнкү күндө бул термин төмөндөгүдөй эки мааниде пайдаланат:
Кеңири мааниде «гуманизм» термини адамгерчиликти, адамдын татыктуу турмушу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү түшүндүрөт. Качан гана адам өзү, өзүнүн дүйнөдөн алган орду жана ролу, өзүнүн ма ң ызы жана жашоосу, жашоонун маңызы жана максаты тууралуу ой толгой баштаганда гуманизм башталат. Мындай ой толгоолор дайыма конкреттүү тарыхый жана социалдык негизге ээ, өз маани маңызы боюнча гуманизм кандайдыр бир социалдык жана таптык кызыкчылыктарды көздөп келген.
...