Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Эрк жана эрктик сапаттар

Автор:   •  Январь 14, 2022  •  Лекция  •  1,160 Слов (5 Страниц)  •  477 Просмотры

Страница 1 из 5

Лек. 11. Эрк жана эрктик сапаттар.

Адам өзүн курчап турган дүйнөнү пассивдүү кабыл алып, анын таасирине дуушар болуу менен чектелип калбайт. Ал-активдуу инсан. Реалдуу дүйнө менен белгилүү мамиле түзүп, ага таасир этет, аны өзүнүн керектөө максатына ылайыкташтырылат. Адамдын мындай аракеттери эрктүү жана эрксиз аракет түрүндө өтөт.

Адамдын эрксиз аракеттери аӊ-сезимсиз, автоматташкан түрдө жүрөт. Күндөлүк турмушта алар чоӊ орунда ээлейт. Көнүмүшкө айланган аракеттер эч ойлонууну талап кылбай, эркин аткарылып, адамдын күндөлүк керектөөсүн канаттандырууга мүмкүндүк берет. Мисалы, адам үстү-башын кийүүдө, эшикти ачууда, зарыл аракеттерди ойлонуп олтурбайт, өзүнөн-өзү аткарылат. Мындан тышкары жазып жаткандыгы, тепкич менен басып бараткандыгы аракеттерди кошууга болот.

Адамдын эрксиз кыймылдарына эмоциялык абалдар, мисалы, жөтөлүү, кирпик, ирмөө, ысыктан колду тартып алуу да кирет. Бул автоматтык кыймылдар инсанды андан ары калыптандырууга, алдына койгон оор максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Жогоруда келтирилген адамдын кыймыл-аракеттери аӊ-сезимсиз, көзөмөлдөөсүз ишке ашкандыктан эрксиз кыймылдар деп аталат.

Ал эми айрым жүрүм-турум, иш-аракет, психикалык процесстер адамзаттын атайын чымыркануусу, нервдик аракет жумшоону талап кылып, аньш керектөөсүн канааттандырууга мүмкүндүк берет. Психологдор адамдардагы ушундай өзгөчө абалды «эрк» деген түшүнүк аркылуу туюндурушат.

Эрк адамдын жүрүм-турумун, аӊ-сезимдүүлүк менен башкара билүү жана активдештирүү жөндөмдүүлүгүн билдирет.

Адамдын турмушунда конкреттүү ипгги аткарууда андан өзгөчө жөндөмдүүлүктү талап кыла турган кырдаалдар көп эле кездешет. 1961- жылы Арктиканын «Новолазеревка» станциясында кыштоочулардан врач Леонид Рогозов сокур ичеги менен ооруп калат. Врачтын алдында өлүм же өзүнө-өзү операция жасоо маселеси туулат. Станцияда жашоочулардын эч бири ага жардам бере албайт эле. Розогов оор абалды түшүнүп. аӊ-сезимдүү түрдө өзүн мажбурлап, өзүнө-өзү операция жасоо чечимине келет. Жолдошторунун жардамы менен операция ийгиликтүү аяктайт. Дагы бир мисал. Биздин эранын 508-жылы Этрус ханы Порино Римди кепке чейин курчап турган. Шаар калкы оор кыйынчылыкка туш келет. өз элин азап-тозоктон куткаруу үчүн Муций деген жаш жигит Порино ханды өлтүрмөк болот, бирок колго түшүп калат. Порино жигиттен керектүү маалымат алуу үчүн өтө кыйнайт суракка алат. Отту жактырып Муцийдин колун кара көк болгонго чейин күйгүзсө да, эсинен танбай, кандын көзүнө тик карап эч сыр ачпайт. Баланын чыдамдуулугуна таӊ калган хан аны бошотуп, шаарды курчоону токтоткон экен. Мындай кыйын кырдаалдарды жеӊүү үчүч адамдан өзгөчө эрк талап кылынат.

Эрк адамдъш активдүүлүгүн - бир формасы. Эрк - бул керек болгон учурда өзүнөн-өзү бийлик жасоо, өзүнүн эрксиз импульстарына көзөмөл кылуу, тоскоолдуктары толук жеӊүү. Чоӊ эрк кызыктыруучу башка нерселерден адамды баш тарттырат.

Эрк жана ойлоо. Адамда жогорку касиеттерди калыптандыруунун негизги шарттарынын бири эрк менен ойлоонун жарыш, бирдикте жашашына аракеттенишине байланыштуу. Тигил же бул эркттик аракеттерди жүргүзүү үчүн алгач аны аткаруунун оптималдуу жолунун ойлонулуп тандалганы оӊ. Бирок практикада көбүнчө, иш-аракетти аткарууга керек болуучу эрктин, ойлоонун мыйзам ченемдери жарыш, эриш-аркак иштебейт. Мисалы, адамдар көп энергия жумшап, тырышып, өзүн-өзү, канчалык мажбурлабасын, максатына жетпейт. Мында аткарылуучу иштин натыйжалуу жолдору алдын-ала ойлоо мыйзамдары толукталган эмес. Тескерисинче, кээ бир кишилер белгилүү жумуштун ийне- жибине чейин ойлоп тактайт, бирок ийгилик чыкпайт. Демек, ички мүмкүнчүлүктөрү сарпталган эмес.

Эрк башка психикалык процесстер менен ар дайым карым-катнашта турат жана өзүнүн спецификалык бөтөнчөлүктөрү бар. Эрк менен ойлоонун байланышын карап көрөлү. Тигил же бул эрктик аракетти жүргүзүү үчүн алгач аны аткаруунун оптималдуу жолу ойлонулат, тандалат. Эрк ойлоосуз жүрбөйт. Бирок бул процесстер бири-биринен айырмаланат. Адамда эрк, ойлоо жеткиликтүү иштелбесе же тескерисинче, кээ бир адамдарга керектүү пландар максаттар эӊ тыкан ойлонулганы менен бирок эрк жетишпесе, максаты орундалбайт. Эрк менен сезимди алалы. Сезим эки функция аткарат. Биринчиси - иш-аракетти аткаруудагы негиги мотив. Экинчиси, адамда пайда болуучу тескери эмоциялык абалды кармап турууга аракеттенет. Бирок сезим ар качан эрктин көзөмөлүндө турат. Адам эркти топтош үчүн көп учурда сезимге каршы күрөшөт. Мисалы, бийиктен сууга секирүүдө коркуу сезимин жеӊүүгө туура келет.

...

Скачать:   txt (15.7 Kb)   pdf (74.9 Kb)   docx (12.1 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club