Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Практикалык тапшырма - "ак" концепти

Автор:   •  Декабрь 7, 2023  •  Реферат  •  806 Слов (4 Страниц)  •  44 Просмотры

Страница 1 из 4

Практикалык тапшырма - "ак" концепти

Шень Сяодун

Салттуу маданияттын руханий бөлүгү хроматикалык түскө бай. Адамдардын моралдык, этикалык, эстетикалык түшүнүктөрү жана психологиялык стереотиптери түстөр менен байланышкан. Түстөр ар кайсы тилде ар кандай мааниге ээ. Бардык түстөр кандайдыр бир жол менен адамга физиологиялык, эмоционалдык жана маданий таасирин тийгизет. Менин бүгүн айткым келгени – бул “ак” концепти.

Ак - эң өкүл түстөрдүн бири. Актын түпкү мааниси - Кардын, сүттүн түшүндөй түш.Мисалы, Ак булут.Ак кагаз.

Бул анын негизги мааниси жана дүйнөнүн бардык тилдеринде "ак" концептинде бул бирдей негизги маани бар. Оптикалык көз караштан алганда, ак - объекттин бети жарык менен жарыктанганда бардык жарыкты чагылдыргандан кийин пайда болгон түс. Анын антоними кара. Ак эң ачык жана түс деп айтууга болот. Тескерисинче, кара - бул эң караңгы түс. Демек, ак менен кара бул эки карама-каршы түсү көбүрөөк эмоционалдык мааниге ээ.

Кыргыз тилинде ак түс «жок(эч нерсе жок), таза, жарык, ачык» деген маани менен тыгыз байланыштуу. Кар таза ак, булганбаган деп эсептелет. Ал көп учурда жакшы сөз катары колдонулат. мисалы, Ак жолтой — жолдуу, жолу ачык, ойлогону орундалуучу.

Бирок кээде ак да жаман мааниси бар. Мисалы, Ак кол — бекер жүрүүнү жакшы көргөн, эмгекти сүйбөгөн, иштебеген, оор ишке кол тийгизбеген адамдар жөнүндө. Анткени ак кол - таза колду, эч нерсе кармабаган колдорду билдирет, ал эми иштеген адамдарда андай колдор болбойт.

«Ак» деген түшүнүк адегенде зат, буюмдардын, кубулуш, көрүнүштөрдүн өңү-түсүн сыпаттоо менен гана эмес, адамдарга кандайдыр бир түрдө ырайым кылуучу, колдоочу, пайда келтирүүчү фетиштик мазмундагы кереметтүү рухтарга, сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу болгон. Кыргыз салттуу килемдеринде - шырдакта ак жана кара түстөр бар. Ак асманды, ак карлуу тоолорду билдирет. Ал эми кыргыз маданиятында асман ыйык. Алтайлыктардын баатырдык эпосоторунда «ак» деген эпитет ырайымдуулук мааниде колдонулган: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш (ак арча), ак мылтык, ак үлдү (ак кылыч), ак жыра (ак найза), ак бөрү, ак бичик (ак китеп) жана башкалар Кыргыз элинде теңир жалга, кудай жалга деген синонимдик туюнтмалар менен катар ак жалга деп да айтылат. Демек А. деген сөз «теңир», «кудай» сыяктуу сөздөрдүн синоними болуп ырайымдуу рухту билдирип турат. Мисалы, Кудайдын бир аты — ак (макал). Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак ниеттүү, айкөл сыяктуу сөз айкаштарында А. өң-түсү эмес, адамдын эң жогорку оң сапаттарын мүнөздөйт. «Манас» эпосунда Манас баатырга таандык болгон буюм, курал-жарактар, аттар, айбанаттар жана башкалар «ак» деген туруктуу эпитет аркылуу аталат. Алсак: Аккула, ак өргөө, аколпок, аккелте, акболот, ак ордо, акалбарс, ак шумкар, ак каңкы, ак тинте, ак инген (куу инген), ак кисе жана башкалар. «Манас» эпосундагы Манаска таандык болгон зат, буюм-терим, курал-жарак, кийим - кечектердин А. деген эпитет менен тутумдашып айтылышы коомдун алгачкы өнүгүш этаптарында пайда болгон фетиштик, магиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуулугун көрсөтөт.

...

Скачать:   txt (10.3 Kb)   pdf (68.4 Kb)   docx (10.4 Kb)  
Продолжить читать еще 3 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club