Адабият, китеп жана сүйүү проблемасы
Автор: aitbek2003 • Апрель 13, 2022 • Реферат • 1,672 Слов (7 Страниц) • 642 Просмотры
План:
- Киришүү.... 1 – 2
- Мугалим проблемасы ...... 3 – 5
- Устат жана шакирт поблемасы ..... 6 – 8
- Адабият, китеп жана сүйүү проблемасы ...... 9 – 11
- Корутунду...
Колдонулган адабияттар......
Киришүү
Чыгарма кат формасында жазылган. Эпистолярдык форма дүйнөлүк адабиятта кеңири кездешкен менен, кыргыз адабиятында анча көп эмес. Эң негизгиси мына ушул кат формасынын табылышы авторго кыйла утуш алып келген, б. а. Ал шакиртине турмуштук, адабий, моралдык-этикалык, дидактикалык-насааттык нерселерин кеңири айтууга мүмкүн-чүлүк ачкан. Деги эле орто кылымдагы Чыгыш адабиятында, мисалы,, силер окуган “Кабус-наамеде” улуу муундун кийинки муунга, тажрыйба топтоп, акыл токтоткон билермандардын али калыпка түшө элек, жолун таба албай жүргөн балдарга жана жаштарга айткан акыл-насааттары, дил-наамалары кылымдан кылымга окуулук катары, жарыкты көрсөткөн чырак катары, жаштардын үлгү алар күгүсү катары кабыл алынып келгендиги тарыхтан маалым.
“Шакиртиме кат” ошол салтты улантат. Анда XX кылымдын II жарымындагы мектептин абалын, мугалим жана окуучу байланышын, устат алдындагы шакирттин жана шакирт алдындагы устаттын парзын, сабакты окутуунун жана балдарды тарбиялоонун ийгилик-кемчилдиктерин, алардан чыгуунун жолдорун, б. а. Учурдун педагогикалык проблемаларын көрсөткөн менен, ушул публицистикалык ойлорунда түбөлүктүү темаларды – ыйман-ысап, жакшылык-жамандык, актын-каралык ж. б. чагылдырып өтөт.
Публицистикалык маанайдагы мындай сүлөмдөр менен китептин “Бет ачары” окурмандарга тартууланат:
“Адам болуу! Адамды тарбиялоо! Бул эки ооз улуу сөз эзелтен бери эчендердин жүрөгүң ойүп келет. Демейде анчалык деле элес алыбаган мына ушул карапайым кептер менен бирге устат жана анын шакиртинин жаркын келдети улам кайталанып көз алдыңа тартыла берет. Баланы тарбиялап адам кылып чыгарууда устаттын парз-милдети ары эбегейсиз зор, ары татаал. Чыныгы устат кандай шартта болсо да келечектин ээси боло турган инсанды тарбиялайм деген улуу максаттан танбайт. Ал ушул ыйык нерсеге бүт жан-дили менен умтулса гана, өз кесибине ыйманы таза болсо гана Ата-Журт менен эл алдындагы озуйпасын аткарган болот. Андай талапты баарыбыз эле аткара алабызбы, албайбызбы, ким билсин... Гёте айткандай: “бала окутканды окутуучу деёбиз, бирок алардын баары эле устат деген улуу наамды алууга акысы жок”. Ошондуктан бүгүн мен бүүн шакирттерим менен сыр катышпай эл алдында ачык сүйлөшүп алсамбы деп отурам” (аталган китеп, 5-6 беттер). Мына ушундай ниет-тилек менен дил сөзүн сууруп чыккан публицист чынында бир кыйла кымыс доорунда турган, тоталитардык бийлик, компартиянын тиешелүү бөлүмдөрү чындыкты сөөмөй менен сайып көрсөтүүгө маал-маалы менен каршылык көрсөтүп турган. Ошого карабай советтик публицистикалык мугалимдин жана мектептин абалы боюнча өкмөткө коңгуроо кагышын токтоткон эмес. Анын башкы себеби, ошол мезгилде мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын кетиши менен байланыштуу эле, мугалим мурдагы баркын жоготуп койгон. Ошон үчүн да адам тагдыры үчүн жооптуу мугалимдин зоболосун канткенде көтөрөбүз, мугалим өзүнүн коомдогу ордун канткенде табат, канткенде “мугалим чоңдор үчүн да, кичинелер үчүн да мугалим болуп кала бериш керек” (Ч. Айтматов) деген маселелер биринчи орунга көтөрүлөт.
Мугалим проблемасы
Жалпы китептин өзөгүн кызыл сызык менен сызып өткөн идея бүгүнкү мектептин ээси, автордун да пешенеси менен тагдырына түбөлүк жазылган кесип – мугалимдик кесип жөнүндөгү ой толгоолор менен байланышат. Мугалим жөнүндө автор “ал – адамдардын жан дүйнөсүнүн жаратын өзүнө билгизбей айыктыруучу дарыгер” дейт. “... Ойлоном... Атаганат, акын болсом, анда устат жөнүндө укмуштуу бир дастан жазар элем. Болбосо, скультор болсом... Анда насили каухар да, мрамор да, алтын да эмес, башка бир белгисиз асыл заттан тээ алда кандай көрүнө тургандай кылып, мугалимдин эстелигин орнотор элем, эч качан эскирбес элесин аскага чегер элем.... Болбосо мукам үндүү обончу болсом, анда устаттын укмуштуу улуу ишин не бир мукам, не бир азем кайрыкка салар элем.... Бирок бул өнөрдүн бири да мага буюрбаптыр, табият ыраа көрбөптүр. Арга канча, бир шиңгил ыр, кичинекей каыйрык, бир сүртүр боёк менен берчү устаттын залкар келбетин чубалжыган сөз менен берүүгө туура келет”, - деп автор андан ары адамзат тарыхынан не бир арбын мисалдарды алып, мугалимдин кандай болгондугун, анын кесибинин баа-баркы канча экендигин, кимдер тарабынан кандайча улуктангандыгын кеңири айтып отурат. Публицист асман-жер ортосунда чабыттаган эркин куш сымал бирде байыркы дүйнөгө өтсө, бирде уламышка кайрылат, бирде кылымдарга келет, бирде этнопедагогикага “кол салса”, бирде “педагогиканы” мисалдатып кирет. Мына ушулардын баарында автордун эрудициясынын кенендиги, билиминин терендиги, анализден синтезге келиши, мисалдарынын арбындыгы жана маанилүулүгү кашкайып көрүнөт. Дөң үстүндө балдарга насаат айткан айыл аксакалдарынын да, өлкө башчысынын увазиркеңешчисинин да милдетин өз мойнуна алгандай. Мугалим жөнүндө сан мисалдарды саймедиреп келип, “алар педагог болуудан мурда Адам болушкан тура, алар өздөрүнүн кудуретине ишенипшип, адамдык абийир алдында тизе бүгө алышкан тура”, - деп ошол касиет бүгүнкү мугалимге таадыкпы, же жокпу, мугалим жөн гана мугалимби, же ал адамбы деген маселе коёт. Тилеке каршы, мугалимдик кесип алгандардын, дипломдуулардын баары эле устат жана адам деген даражага татыктуу эместигин айтат. Адам татаал, табышмактуу нерсе болгондук тан, аны менен иштеген, аны тарбиялаган кесиптин миң кыры, миң сыры болорун эскертип, “балага билим менен тарбия берип жаткан киши – бул чыгармачыл инсан-личность, алдынкы идеалар менен ойлорду жайылтуучу генератор, чебер психолог, таланттуу тарбиячы ...” болбосо, анын ишинин майнабы чыкпасын каңкуулайт. Мугалимдин алдында күнөөсүз бала олтурганын, алардын жаманы, жакшысы болбошун, эгер кимдир бүрөөнүн тагдыры тайкы кетсе ошонун чоң үлүшү мугалимге жүктөлөрүн, калктын, өлкөнүн тагдыры анын колуна ишенилип берилгендигин жандуу тил менен келиштире айтып, мугалимдик кесипке таланттуу жаштардын өтө эле аз келип жаткандыгына жан кейитет, анын тамыларын социалдык-экономикалык турмушубуздан издөөгө аракет кылат. Сенин ишинде генералдар жана катадагылар болбойт деп шакиртине кайрылат, класска кирдиңби ошол класстын тагдыры сенин колуңда, бала сенин эмгек синирген мугалими деген наамың бар экени менен да, бул кесипти жаңы баштаганынды да билбейт, “биздин арабызда генералдар жок, баарыбыз катардагы гана жоокерлербиз”. Таалимтарбия берүүдө оңунан чыкпай калган ишибиз үчүн сага жаш деп мунапыс берилбейт да, нече жыл иштепсиз деп мени эч ким башымдан сылабайт”, - деп мугалимдик кесиптин дагы бир өзгөчөлүгүн, жооптуулугун шакиртине айтып жатат.
...