Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Адабий норма жана тилдик норма

Автор:   •  Апрель 7, 2022  •  Реферат  •  18,969 Слов (76 Страниц)  •  774 Просмотры

Страница 1 из 76

К.КАРАСАЕВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

КЫРГЫЗ ТИЛ ИЛИМИ КАФЕДРАСЫ

 

 

 

БҮТҮРҮҮЧҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ИШ

 

 

Адабий норма жана тилдик норма 

 

 

Аткарган: IV курстун студенти

Алтымбек к Альбина

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                               Коргоого сунуш кылынды                                                                Кафедранын жыйынынын

                                                               № __ протоколу “__” ___ 2021-ж.                                                                Кафедра башчысы ________

                                     

 

 

2021-жыл

                                             Мазмуну

Киришүү........................................................................................................ 3-6-б.

I бап. Норманы изилдөөнүн ал-абалы

1.1. Норма жөнүндө түшүнүк ................................................................... 7-19-б.

1.2. Норма жана варианттуулук .............................................................. 20-36-б.

I бап боюнча жыйынтык...........................................................................37-38-б.

II бап. Тилдик норма жана адабий норма

2.1. Тилдик норма жана анын түрлөрү .................................................. 39-61-б.

2.2. Адабий норма жөнүндө түшүнүк ................................................... 62-69-б.

II бап боюнча жыйынтык.............................................................................. 70-б.

Корутунду ................................................................................................. 71-77-б.

Пайдаланылган адабияттар ..................................................................... 78-80-б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Киришүү

 1. Иштин актуалдуулугу. Тилдин өнүгүү, өзгөрүү, калыптануу, коомдук милдет аткаруусундагы илимий-теориялык жана практикалык маселелеринин эң орчундуусу, негизгиси жана эң татаалы да – норма. Бул тарыхый, объективдүү, тилдик жана маданий-социалдык факторлор менен шартталат. Ал эми норманын маанилүү экендиги тилдин               табият-жаратылышын, маани-маңызын аныктоодогу, тил жана кеп концепциясынын андан ары өнүгүшүндөгү, кеп маданиятын арттыруудагы ролу, орду менен шартталат. 

 Тигил же бул изилдөөчүнүн норманын маңызын түшүнө билүүсүнө, кандай аспектиде, кандай теориялык-илимий негизде карагандыгына жараша бул маселе тил илиминде түрдүүчө чечмеленип, түрдүүчө түшүндүрүлүп келе жатат, ар түрдүү аныктамалар, эрежелер жана принциптер бар.

         Норма         маселеси         А.А.Шахматовдун,         А.М.Пешковскийдин,

Л.В.Щербанын,         Г.О.Винокурдун,         С.И.Ожеговдун,         В.В.Виноградовдун, Ф.П.Филиндин,         В.Г.Костомаровдун,         А.А.Леоньевдин,         кыргыз окумуштууларынын         ичинен         С.Ж.Мусаевдин,         Т.К.Ахматовдун,

А.Биялиевдин  эмгектеринде чагылдырылган.

 Тилдик норма барынан мурда туура жазуу, так сүйлөө, тыныш белгилерин өз ордуна коюу, сөздөрдү тике маанисинде колдонуу, сүйлөм тутумунда орун тартибине ылайык сөздөрдү жайгаштыруу, сөздөрдүн аткарган милдетине карай ишке аша тургандыгын негизге алуу менен чечиле турган лингвистикалык мыйзамченемдүүлүк болуп саналат.

Тилдик норма тилдин бардык түзүмдүк деӊгээлдери менен бирдей байланыштуу. Бул пикир алышууда тилдик деӊгээлдерин бардыгы бирдей катышкандыгы менен шартталган: тыбыштан сөз куралат, сѳзгѳ мүчѳ жалганат, сѳздѳрдѳн сүйлѳм түзүлѳт. Ар бир тилдик деӊгээлдин өзүнѳ гана тиешелүү эрежелери, нормалары бар. Ушуга байланыштуу тилдик норманы тѳмѳндѳгүдѳй структуралык типтерге ажыратуу орун алган:

...

Скачать:   txt (241.1 Kb)   pdf (470.5 Kb)   docx (72.7 Kb)  
Продолжить читать еще 75 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club