Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Библеотерапия-китеп менен дарылоо

Автор:   •  Октябрь 11, 2018  •  Сочинение  •  557 Слов (3 Страниц)  •  5,652 Просмотры

Страница 1 из 3

Библеотерапия-китеп менен дарылоо

Алгачкы китеп биздин заманга чейинки 1-кылымда пайда болгон, байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. Андан кийин тактачаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай тактачалардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Бактан кичинекей тактайчаларды жасап, анын бетине мом куюшкан. Мом жумшак кезинде текшиленип, катыгандан кийин анын бетине курч металл таякча менен жазышкан.

 Китеп даярдоо биздин заманга чейинки 7-кылымда Египеттен Грекияга, андан Римге өткөн. 105-жылы кытай чебери Цой Лунь кагазды ойлоп тапкан. Алгачкы китеп 11-кылымда Кытайда пайда болгон. 13-кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, 15-кылымдан китеп басылып чыга баштаган.

Эң алгачкы кыргыз китеби 1911-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ал Молдо Кылычтын "Кыса-и-Зилзала" деген китеби болгон. Китепте 1909-жылы Чүй өрөөнүндөгү катуу жер титирөө тууралуу айтылган. Акын өзүнүн адам жана табият, руханий турмуш менен диний асылдыктардын ич ара карым-катнашы тууралуу ой жүгүртүүсүн камтыган. Китепти алгачкы кыргыз "Алиппесин" жазган окумуштуу жана коомдук ишмер, кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев демилгеге алып, баш сөзүн өзү жазып жарыкка чыгарган.

Библиотерапия (лат biblio-китеп жана грек therapia – дарылоо) – психотерапиянын ыкмасы, адабиятты колдонуп, соз менен дарылоо.

Байыркы китеп сакталуучу жай фараон Рамзес II китепканасынын киреберишинде «Ички дуйнонун дарыканасы» аттуу жазуу илинген.

Китептерди дарылоо максатында колдонуу 1272-жылы байкалган, Каирдеги ооруканада Куранды окуу сунушталган, XVIIIк ушундай терапия Европанын психотриялык ооруканаларында терен таркалган, ал эми Россияда  XIX-XXкк.

«Библиотерапия» терминин 1916-жылы америкалык изилдоочу С.Крозерс киргизген.

Адамды сайкатууда китептер, корком адабият абдан чон таасир берген. Мисалы беттеги жараларды дарылоодо кулкулуу китептерди окуу сунушталган.

Китеп окуу стрести азайтат. Кунуно эн эле аз дегенде 20-30мунот китеп окуу керек. Сейилдоо, музыка угуу да стрестен арылтат.Башты чынылткан оорчулукту жоюу китеп окуу менен анданда женил болорун америкалык окумушталары анакташкан. Китеп окуу стрестен чыгуунун эн натыйжалуу жолу. Китеп окуу- уйкусуздуктан арылтат. Уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетууго шарт тузот. Коп китеп окуу-депрессияны айыктырат. Эс тутумду жана ой жугуртууну жакшыртат.

...

Скачать:   txt (8 Kb)   pdf (247.2 Kb)   docx (122.6 Kb)  
Продолжить читать еще 2 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club