Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Тарых илим катары

Автор:   •  Сентябрь 17, 2023  •  Лекция  •  1,534 Слов (7 Страниц)  •  257 Просмотры

Страница 1 из 7

Лекция №1.  

                       Тарых илим катары.

                                План:

  1. Тарых сабагы эмнени окутат?
  2. Тарыхты изилдөөдө ага көмөктөш илимдер.
  3. Тарыхый таанып билүүнүн функциялары. 

 

                1. Тарых сабагы эмнени окутат? 

     Гуманитардык билим берүү адистерди мезгил талабына ылайык даярдоонун маанилүү милдеттеринин бири. Анткени ал жеке адамдын интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө түрткү берип, анын чыгармачыл ой жүгүртүүгө жөндөмдүүлүгүн арттырат. Байыртадан эле тарых илими гуманитардык илимдердин маанилүү тармагы катары эсептелет.

     Тарых - адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтердеги жана булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, мамлекеттердин чарбасын, ички жана тышкы коомдук турмушун, тарыхый инсандардын ишмердиктерин билебиз.

     Тарыхый процесстин татаалдыгына байланыштуу тарых илими да көп тармактуу. Ал социалдык, граждандык, согуштук тарых, экономиканын, саясаттын, диндин, укуктун ж.б. тарыхы деген өз алдынча тармактарга жиктелет. Адамдардын өткөн турмушунан калган заттык эстеликтер - эмгек куралдарынын, үй-тиричилигинин калдыктары, кооздук жасалгалар, ошондой эле турак жайлар, көрүстөндөр, казыналар ж.б. аркылуу тарыхты изилдеген археология жана элдердин турмуш-тиричилигин жана маданиятын изилдөөчү этнография да тарых илимдерине кирет.

     Тарых өзү окута турган объекттин көлөмү боюнча дүйнө тарыхы (бүткүл дүйнөлүк же жалпы тарых), континенттердин (мисалы, Азия жана Африка тарыхы), айрым бир өлкөлөрдүн, элдердин же элдердин тобунун тарыхы (мисалы, Кыргызстан тарыхы) болуп бөлүнөт.

 

                 2. Тарыхты изилдөөдө ага көмөктөш илимдер. 

  1. Хронология – убакытты эсептөөчү система
  2. Палеография – жазуу эстеликтерин жана жазуунун тарыхын изилдейт
  3. Нумизматика – соода  тарыхы жана акча системасын аныктоочу илим
  4. Эпиграфия – таштагы, чоподогу, металлдагы жазууларды иликтейт
  5. Генеалогия(санжыра) – элдердин, уруулардын, жеке адамдардын келип чыгышын тастыктоочу илим.
  6. Геральдика - өлкөлөрдүн, шаарлардын, жеке инсандардын гербдерин изилдөөчү атайын система.
  7. Сфрагистика – мөөрлөрдү(печать) изилдейт
  8. Топонимика – географиялык аталыштардын келип чыгышын аныктайт.
  9. Булактаануу(источниковедение) – тарыхый булактарды изилдөөчү илим
  10. Тарыхнаама(историография) – тарых илиминин өнүгүшүндөгү тарыхчылардын көз караштарын, идеяларын жана концепцияларын талдап изилдейт.
  11. Археология – буюм булактарын изилдеген илим ж.б.  

Тарых азыркы адамзатка кызмат кылып жаткан дуйнөдөгү эки миңдей илимдин тармактарынын ичинен эң байыркысы, нарктуусу жана барктуусу. Тарых илимдин башка тармактары өзгөчө философия, социология, саясат таануу, психология, укук таануу, адабият, экономика теориясы, ал тургай физика, математика, астрономия, биология өңдөнгөн табигый илимдер менен да тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок алардан айырмаланып тарых коомдун өнүгүү процесстеринин ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын (экономиканы, саясатты, маданиятты, турмуш-тиричиликти ж.б.) бири-бири менен байланышта талдайт. Азыркы кездеги илимдин тармактары адам коомунун өнүгүшүндө өздөрүнүн тарыхына ээ.

...

Скачать:   txt (17.2 Kb)   pdf (202.6 Kb)   docx (28.1 Kb)  
Продолжить читать еще 6 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club