Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Эне-Сайда кыргыз мамлекетинин калыптанышы

Автор:   •  Декабрь 9, 2021  •  Реферат  •  6,110 Слов (25 Страниц)  •  2,112 Просмотры

Страница 1 из 25

                                                        Планы:

1. Киришүү

2. Эне-Сайда кыргыз мамлекетинин калыптанышы.

3. Кыргыз каганы Барсбек.

4. Улуу кыргыз дөөлөтү.

5. Кыргыз мамлекетинин башкаруу түзумү.

6. Эне-Сай аймагынын географияык чөйрөсү

8. Кыргыздардын чарбасы.

9.Маданияты

10. Корутунду

11.  Колдонулган адабияттар.

                                       1. Киришүү


             Тарыхый маалыматтарга караганда кыргыздар V - кылымдан баштап Енисей аймагын туруктуу мекендеген. Бул жерге көчүп келген чыгыш кыргыздары жергиликтүү уруулар — динлиндер менен аралашкан. Динлиндер европеоид тибиндеги ак жуумал, көк көз адамдар болгон. Натыйжада чыгыш кыргыздары өздөрүнүн элдик белгилерин бир өлчөмдө жоготуп жиберишкен. Бирок жергиликтүү түрк тилдеринде сүйлөгөн уруулар (угор, кет, самоед, динлиндер) кыргыздарга толук баш ийген. Булар тышкы душмандарга,  түрктөргө каршы көз карандысыздык үчүн айыгышкан  кыргыздардын куралдуу күчүнүн негизин түзгөн.
Ортоңку Енисейдин Минусин аймагында чыгыш кыргыздардын мамлекети түзүлүп, мамлекетти ажо башкарган. Ажонун туусу кызыл түстө болгон. Байыркы кыргыздар кызыл түстү оттун түсү катары ыйык тутушкан. Алар металлдан кооздук асем жасалгаларды, эмгек куралдарын жасашып, жер иштетип, аңчылык жана балыкчылык менен кесип кылган.
Алардын жетишкендиктери чыгыш кыргыздарына таасирин тийгизип, ар тараптан өнүгүп өсүшүнө негиз болгон.
VI кылымдын 2-жарымында ал жакка теле-кыргыздары (төөлөс) же алтайлык кыргыздар көчүп барып, енисейлик кыргыздардын кагандыгынын түзүлүшүнө өбөлгө болгон. Алтайлык (төөлөс) кыргыздардын өлүк көмүү салты енисейлик кыргыздардан айырмалангандыктан, алардын көрүстөндөрү өзүнчө болгон. Енисейлик (кегмендик) кыргыздар маркумдарды өрттөсө, теле-кыргыздары (төөлөстөр) аты менен кошо койгон.


  2. Эне-Сайда  кыргыз мамлекетинин   калыптанышы. 

             Эне Сайлык кыргыздар VI кылымдын орто ченинде олуттуу саясий күчкө айланып, өз алдынча мамлекет түзгөн. Түрк кагандыгынын үчүнчү каганы Мукан 556—557 - жылдары кыргыздарга атайын жортуул уюштурган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар турктөрдөн катуу сокку жеп, алардын бийлигине аргасыздан моюн сунган. Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыздар көз карандысыздык үчүн күрөшүн токтоткон эмес. Узакка созулган ич ара чыр-чатактардын натыйжасында Түрк кагандыгы начарлап отуруп, 603-жылы экиге бөлүнөт.
VII кылымдым орто ченинен кыргыздар Борбордук Азиянын саясий иштерине жигердуулук менен катыша баштайт. Бул учурда кыргыздардын мамлекеттик башкаруу түзүмү калыптана баштаган. Кыргыз мамлекетин үч министр (Гйеси-бей, Гюйшабо-бей, Ами-бей) башкарып, элтебери Шибокуй (Шибоцюй) Ачжан болгон. Кыргыздар ошол мезгилде Борбордук Азиядагы бийлик үчүн айыгышкан атаандаштык күрөштөн оолак болуп, Кытай менен саясий мамиле түзүүгө  жетишкен. Кытайлардын кыргыздарды расмий таанып, саясий мамиле түзүшү кыргыздардын борбордук Азияда саясий күч катары таанылганынан кабар берет. 632-жылы Кыргыз Мамлекетине Ван Хун жетектеген Тан императорунун элчилиги келген. 648-жылы кыргыздар Кытай Мамлекетине  өз алдынча элчилик жиберишкен. Кыргыздардын элчилиги Кытай ордосуна суусар тондор менен суусар терилерди алып келгендиги кытай жазмаларында баяндалат.
Кыргыз-кытай отосунда элчилик мамилелердин башталышына Түрк кагандыгынын кулашы түрткү болгон. Анткени,түрк кагандыгы кулагандан кийин бул аймактагы уруулардын ортосунда Борбордук Ааиядагы үстөмдүк үчүн күрөш башталат. Мындай кырдаалды өз пайдасына колдонуу учун кытай өлкөсү Борбордук Азияда бири-бирине каршы турган күчтөрдүн армиясынан өзүнө ыңгайлуусу менен саясий карым-катнаш түзүүгө аракеттенет. Бул максатта 632-жылы Кытай императору Ван Йи Хун деген элчисин кыргыздарга жөнөткөн. Мунун натыйжасында кыргыздар Борбордук Азиядагы негизги саясий окуяларга аралаша баштаган. Кытай менен мамилени бекемдөө учун кыргыз мамлекети биринчи элчилигин Кытай мамлекетине 643-жылы жөнөткөн.
Кыргыздардын кезектеги элчилиги Кытайга 648-жылы барган. Элчиликтин саясий максаты — борбордук Азиядагы Түрк, Уйгуp кагандыктарына каршы биргелешип күрөшүү болгон. Аны ошол кездеги кыргыз мамлекетинин башчысы ШибокуЙ Ачжан өзү жетектеген. Кытай императору мартабалуу меймандарынын  урматына сый тамак уюштуруп, ага сол канат гвардиясынын ардактуу генералы аскер чинин жана Кыргыз (Цзянь-кунь) облусунун генерал-губернатору (духу) деген кызмат наамын ыйгарган.Кыргыз-кытай мамилелеринин кытай булактарында кыргыздардын кийинки элчиси атайын миссия менен 653-жылы келгендиги баяндалган. Кымбат баалуу мол белектер менен барган бул элчилик Кытайдагы мекендештерин бошотуп алуу үчүн келгендиги айтылат. Тарыхый маалыматтар кыргыздар менен Тан империясынын ортосунда саясий жана экономикалык байланыштар жөнгө салынып калгандыгынан кабар берет. Кызыктуусу кыргыз-кытай мамилелеринин жакшырышынын натыйжасында кыргыздардын жөндөмдүү жаштары Кытайга барып, билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Кыргыздардын Кытайда окушу мамлекет аралык келишим аркылуу жүргүзгөн. Келишимге ыйык Кытайга окууга жөнөтүлгөн жаштарга эки өлкө тарабынан тең кам көрүлгөн. Окуусун бүткөн адистерди кыргыз өлкөсүнөн барган элчилер алып келип турган. Кытай чет элдик жаштарды окутуута кызыктар болгон. Бул саясат  Кытайдын ал аралык мамилелерин чыңдамак болчу. Кытайдан билим алган чет элдиктер өз өлкөсүнө барганда Кытайдын кызыкчылыктарын колдойт деген ишеним болгон. Кытайда билим тарбия алган кыргыз жаштары кыргыз-кытай мамилелеринин чыңалышына чоң салым кошкон.
Тарыхый булактарда кийинки жылдары да кыргыздар кытай менен экономикалык мамилелерди улантканы баяндалат. Кытай императору Сао Цзун өзүнүн Фань Цян деген элчисин баалуу белектери менен кыргыздарга жөнөткөн. 676-жылы кыргыздар кытайга жылкыларын айдап барып, аларды жибек кездемелерге,фарфор идиштерге, темир соколорго, ат жабдыктарына алмаштырып келген. Кытай тарыхый булактарында кыргыз элчилеринин бир нече жолу Кытайга баргандыгы тууралуу маалыматтар кездешег. Археологиялык изилдөөлөр да енисейлик кыргыздардын Кытай товарларын кеңири пайдалангандыгын айгинелейт.

...

Скачать:   txt (88 Kb)   pdf (266.8 Kb)   docx (235.2 Kb)  
Продолжить читать еще 24 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club