Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Улуу Кыргыз дөөлөтү. Бойла Кутлук Жаркан, Ажо

Автор:   •  Январь 5, 2024  •  Практическая работа  •  595 Слов (3 Страниц)  •  148 Просмотры

Страница 1 из 3

Тема: Улуу Кыргыз дөөлөтү. Бойла Кутлук Жаркан, Ажо.

Тапу  Алп Сол.

Бойла Кутлук Жаркан (822-847-жж.).

Бойла Кутлук Жаркан өзүнүн керээзин ташка чектирген. Ал керээз «Сужи эстелиги» деген ат менен бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү.

Бойла Кутлук Жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда Кытайдын Тан падышалыгы жана анын императору менен өтө тыгыз байланыш орноткону, ал Эне-Сайдан баштап, Тянь-Шан-Памирге чейинки аймакты ээлегендиги тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-847-жж. Кытай императору менен 15 жолу кат алышкан. Ал каттар азыр да сакталуу. Каттарда ушул жылдардын ичинде падышачылыкка үч жолу элчи жибергендиги, эӊэле атактуусу 843-ж. Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилик Чаү-Анга келгенде император өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада кыргыз элчиликтин бул жолку тобу куш, тайганы менен келгендиги жөнүндө баян жазылган.

Император вазирине келген кыргыз элчилигин сүрөткө чийдирип,  баянын жаздырып, “Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары” аттуу китеп жазууну буйруган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Ли шу атту киши жазып бүткөн. Китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Китеп бүгүнкү күндө императордун кыргыз каганы Яглакарга жазган каттары “Ли дийү чыгармалар жыйнагы” деген ат менен сакталуу. Анда кыргыздардын элчилигинин сүрөттөрү да тартылган. Сүрөттө  Бойла Кутлук Жаркан атап айтканда Яглакар ханга 847-ж. Тан императору өтө салтанат менен атайын элчи жиберип “акылман, баатыр хан” деген атакты тапшырган. Бирок ошол жылы каган кайтыш болгон.  

Алп Сол.

        Алп Сол IX к. кыргыз кол башчысы жана элчиси. Кыргыздар анын жетекчилигиде 100 миӊ жоокерден турган аскер түзө алышкан. Аскердин бир бөлүгүн оор куралданган атчан жоокерлер түзсө, экинчи бөлүгүн жеӊил куралданган жоокерлер түзгөн. Уйгурлардын үстөмдүгүнө каршы 20 жылдык күрөш кыргыздардын аскерлеринин чыӊдалышына, согуштук тажрыйба топтошуна, жоо-жарактарынын жакшырышына алып келген. Аскеринин күч кубатына жана чыгаан кол башчысы Ала Солго таянган Кыргыз каганы Уйгур каганына - “Сенин тагдырыӊ бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоӊду аламын, анын алдына атымды байлап, өзүмдүн туумду илемин. Эгер мени менен алышкыӊ келсе, анда дароо келгин. Эгер алыша албасаӊ, тезинен жогол.” - деген билдирүү жиберет. Ошентип 840-жылы Уйгур кагандыгынын борбору Ордо-Балыкка 100 миӊ аскери менен чабуул коюп, уйгур аскерин талкалап, борборун жер менен жексен кылат. Бул казатта Алп Сол кыргыз колунун сол канатын жетектеген. Кыргыз жоокерлери уйгурларды куугунтуктап Чыгыш Түркстанга, Теӊир-Тоо менен Жети-Сууга чейин жетишкен. Алардын согуштук аракеттери Чыгыш Монголияда, Жуӊгарияда жана Байкал аймагында ийгиликтүү жүргөн. Уйгурлар менен согушта кыргыздар зор империя түзүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Кыргыз мамлекетинин бийлиги чыгыштан батышты карай – Чыгыш Монголиядан тартып, Ысык-Көл менен Жети-Сууга чейинки, түндүктөн түштүктү карай – Сибирден тартып Улуу Кытай дубалына чейинки эбегейсиз зор мейкиндикке тараган. Кыргыздардын Борбордук Азия мейкиндигин багындырып бирден-бир күчтүү дөөлөткө айланышын Кытай императору да саясий жактан тааныган.  Кытайдын “Син таншу” (Тан династиясынын жаӊы тарыхы) аттуу эмгекте “Хыхас” (кыргыз) күчтүү мамлекет болгон: аянты боюнча түрк элдеринин ээликтерине теӊелген (Экинчи Түрк кагандыгынын чеги эске алынып жатат). Чыгышта Гүлиганиге (Байкал бою) чейин, түштүктө Тибетке, Чыгыш Түркстанга түштүк-батышта Гэлоллуга (Жети-Сууга) чейин созулуп жаткан” – деп жазылган.

...

Скачать:   txt (8 Kb)   pdf (146 Kb)   docx (605.6 Kb)  
Продолжить читать еще 2 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club