Байыркы Египеттин мамлекети жана укугу
Автор: bekjan.. • Март 8, 2018 • Доклад • 1,352 Слов (6 Страниц) • 3,061 Просмотры
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети
Юридикалык факултет
[pic 1]
СТУДЕНТТИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТӨӨСҮ
Темасы:Египет
Аткарган:Исакова Толгонай
1- курстун студенти
ЮПБ - 1 - 15 группа
Текшерген:Жакыпбеков Рамис
Бишкек 2015
План
- Байыркы Египеттин мамлекети жана укугу
- Байыркы Египет мамлекетинин бир канча мезгилге бөлүнүүсү: башталгыч, байыркы, ортонку, кийинки падышачылыгы.
- Коомдук түзүлүш
- Мамлекеттик курулуш
- Куралдуу күчтөр
- Байыркы Египет укугу
- Мүлктүк укук
- Үй бүлөө укук
- Кылмыш укук
- Процесуалдык укук
- Жыйынтыгы
- Колдонулган адабияттар
Байыркы Египеттин мамлекети жана укугу
Дүйнөдө башка мамлекеттерге караганда эң биринчилерден болуп Египетте класстык кул элөөчүлүк жана Мамлекет пайда болгон. Бул Египет мамлекети кайсыл жылы жана кайсыл кылымда пайда болгону толук белгисиз, бирок б.з.ч. III миң. Кылым мурун эле бар экендиги мааалым.
Ошондой эле Биздин заманга чейин 4 -5 миң. Кылымдары Египетте өз алдынча калыптанып калган “номдор” уруулардын саны 40 чукул областтары болгон, башкача айтканда бири бириси тыгыз байланышта болбогон коомдор арасында ар бирөө жетишээрлик территорияга ээ болуп өз алдынча ирригациялык чарбалык иш менен байланышкан. Ар бир номдор өздөрүнүн кудайы, табынуу чиркөөлөрү, кулдары болгон. Тарыхтын укуктук булактарында акыркы каралган чиркөөлөр алдындагы жумушчулардын үйлөрүн “кулдар чиркөөсү” деп аташкан.
Түндүктөгү номдордун соода жана дениздердеги талап – тоноочулуктун себебинен Бусирас, Буто, Метелис аттуу соода борборлору салыштырмалуу дээрлик көбөйгөн. Бир аз убакыттан кийин түндүктөгү номдор биригип кийинки Египетти түзгөн. Андан кийин туштук номдор жогорку Египетти курган.
Байыркы Египет мамлекети бир канча мезгилге бөлунгөн: башталгыч, байыркы, ортонку жана кийинки падышалык.
Башталгыч падышачылык мезгилдери кыйноочулук менен баардык Египетти бириктирүүсү (болжолу 3200 ж .б.з.ч.) Нармером (Менесом) фараондун күчү менен бириккен Египеттердин борбору Тенис шаары болгон.
Б.з.ч. 3200 – 2800 жылдары өлкөнү биринчиден болуп эки династиясындагы падышалары бийликте болгон (1-2 династиясы 48 падышадан турган), бирок 3 – династиясы баштаган түндүк жана түштүк биригүүсү башкарууга келген мезгилден баштап катуу өзгөрүүлөр болго.
Б.з.ч. 2700 – 2400 ж. кездеги 3 – династиясын байыркы падышачылык деп атоого кабыл алынган. Бул курулган мезгилдери борбордоштуруу бюрократиялык монархия кошуна өлкөлөрүнө согуш баштаган. Ошондон улам жалпы Египеттик ирригациондук тутуму пайда болуп, чиркөөлөр жана пирамидалар курулган. Кийинки 1-6 династиясынан баштап Египеттин кулашы күтүлгөн.
Б.з.ч. (2160-1750 жж) Фиван династиясындагы орто кылымдын падышачылыгы башталып, кайрадан жаңы борбордук мамлекети куралган. 17 к. Ортосунда б.з.ч. Египеттин үрөйүн учурган крестьяндар, кулдар арасындагы көтөрүлүш падышачылык бийликти толугу менен башкарууну жокко чыгарган.
Б.з.ч. 1730 ж. чамасында Египетти түндүк уруусу Гиксон – күчтүү аскерлери менен басып алышып, үстөмдүк кылуу 150 жылдар чамасына созулган.
Гиксондорду куугунтукка алган учурдан кийин жаңы падышачылыгы (18-20 династиясы) 1580 – 1100 ж.б.з.ч. туруктуу бийликте болуп, күчтүү Египет кайрадан курулуп калыбына келтирилген. Бирок ички келишпестиктин кесепетинен 532 ж. Египет мамлекетин Перстер баскынчылык менен ээлеп турушкан. 322 ж. б.з.ч. ал А. Македонскийдин монархиялык курамында болгон. Ал эми 30 ж. б.з.ч. Римге өзүнчө бир провинция катыры кошулган. Айрым мезгилдеринде б.з.ч. 322 жылын Грек-Римдик эрасы деп аташкан. Падышачылык X династиясынан баштап тукумдан тукумга өтүүчү мезгили башталат.
...