Айтыш ырлары жана токтогулдун акындык чеберчилиги
Автор: AselBorisovna • Февраль 14, 2019 • Анализ книги • 7,685 Слов (31 Страниц) • 1,233 Просмотры
АЙТЫШ ЫРЛАРЫ ЖАНА ТОКТОГУЛДУН АКЫНДЫК ЧЕБЕРЧИЛИГИ
Кайсы гана улуу акын, же жазуучу болбосун, анын улуулугу ал жактаган, же ал көтөргөн идея менен идеалдардын улуулугунда, прогрессивдүүлүгүндө жана да аны өзүнө тете кылдат чеберчиликке ширей билгендигинде.
Демек, акын жөнүндө айтуу деген сөз – анын чеберчилигин, өнөрүн, устаттыгын айтуу деген сөз. Сөз искусствосунун купуялуу сыры колдон келишинче максатка жараша эмнеде экендигин ачуу деген сөз.
Анткени, Токтогул өңдүү ар бир чоң акындардын чыгармачылык устаканасы бар. Ар бир Токтогул өңдөнгөн зор акындар турмуштун күүлдөгөн стихиясын өзүнүн гана кулагы менен угуп, өзүнүн гана көзү менен көрө билишет. Алардын чыгармаларын окуганда өзүнчө бир жаңы дүйнөгө киргендей болосуң.
Биз бул макалада Токтогулдун поэтикалык дүйнөсүнүн кээ бир көрүнүктүү, же мүнөздүү гана жактарына экскурс жасамакпыз. Ушу күнгө чейин Токтогулдун айтыш ырлары туурасында алгылыктуу сөз боло элек. Чындыгында Токтогул чоң айтышчыл акын болгон. Дегеле ал убакта ар бир чоң акын айтыш өнөрүнөн сыналгандан кийин гана акындык атакка жетишкен.
Кыргыздын оозеки чыгармалары өтө бай экендиги белгилүү. Андан эпикалык, лирикалык үлгүлөрүнүн бардыгы тең биздин күндөргө оозеки калыбында жетип олтурат. Кыргыз турмушунда ырчы-акындар ар дайым чоң роль ойноп келишкен. Акынсыз эч бир чоң шаан-шөкөт болгон эмес. Андай жыйындарда сөөлөтүнө мас болгон каадалуу бай-манаптар менен кабыргалуу бийлер өз ырчы-акындарын ээрчите келишип, өзүлөрүн мактатып ырдатышып, кадырын арттырып, каршылашкан жакты паанайын бастырышкан.
Кыргыздын атагы чыккан бардык акындары айтыш өнөрүнө жетик болушкан жана алардын ичиндеги биз билгендеринин көпчүлүгү өзүлөрүнө чейинки айтышка байланыштуу адат-салттардан чыга алышмак турушсун, кайта аны сактык менен улаштырып, жаңыртышып кийиики акындарга эстафета беришкен. Айтыш искусствосу ошол кездеги коомдук турмушта өтө чоң роль ойногон.
Ал эми Токтогулдун айтыштары болсо, өзүлөрүнө чейинки жана өзүлөрүнө тушташ акындардын айтыштарынан көп жагынан айырмаланып тургандыгын көрөбүз. Мына ушуга токтололу.
Эң алды менен айтып кете турган нерсе, Токтогул кыргыздын бардык акындарындай эле, айтыш өнөрүнө да жетик чыккан. Токтогул туурасында Калык минтип жазган: «Токтогул өз ою менен кандай ырдаймын десе, ошондой ырдай берет эле. Ал элге кадырлуу, сүйүктүү акын эле. Жалаң гана ырчы эмес, эл жомокторун бүт билет. Анан комузду артык чертчү. Жалаң кууланып, күлкүгө салса да, адамдын боорун катырчу». («Токтогулдун замандаштарынын эскермелери»).
Өзүнүн Токтогул жөнүндөгү ошол эле китептеги эскермесинде Алымкул да[1] мындай дейт: «Током чар тарабы тең жорго болучу. Током бир айтканын экинчи айтчу эмес. Током жалаң акын, комузчу гана эмес, ашкан өнөрпоз да болучу». Шекербек Шеркулов мындай дейт:
«Токтогулдай акын кыргыз элинде аз эмес. Нечендер өткөн. Бирок, Токтогулдай болгон эмес. Токомдун жалаң акындыгы мындай турсун, эл үчүн, кары-жаштар үчүн адилетчил, туура сөздү бетке айткан киши болучу».
Ушул мүнөздөөчөлөрдөн эле Токтогулдун таланты, адамгерчилиги, чынчылдыгы көрүнүп турат.
Өз убагында Маркс менен Энгельс: «Буржуазия табы окумуштууларды, акындарды жана башкаларды өзүлөрүнүн жалданма кызматкерлерине айландырат» – деп, жазышкан эле.
Марксизм-ленинизм классиктеринин ушул айткандары бизге революцияга чейинки кыргыз акындарынын бүткүл трагедиясын түшүнүүгө жардам берет.
Феодалдар үстөмдүк кылып турган чакта кыргыздын көрүнүктүү акындарынын чыгармаларынын ичиндеги айтыш үлгүсүндөгүлөрү уруучулдук-таптык мүнөздө өнүккөндүгүн байкоого болот. Кээ бир айтыштар болсо, жалаң субьективдүү, коомдук мааниси тайызыраак маселелерден ары өтө алган эмес.
Ар бир чоң манаптын кол алдында жалданма сыяктуу акындары болгондугу жалпыга белгилүү. Ошол кездеги жалданма акындардын бири Арзымат эле. Ал Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү букараларды каалаган жагына бир камчы менен айдап, былк эттирбей бийлеген Дыйканбай манаптын ырчысы болгон. Токтогул эл алдында биринчи жолу ушул ырчы менен беттешет.
...