Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Ишкананын өнүгүү стратегиясын түзүү методикасы

Автор:   •  Май 5, 2019  •  Дипломная работа  •  15,435 Слов (62 Страниц)  •  369 Просмотры

Страница 1 из 62

Киришүү

Дипломдук иш үчүн тандалып алынган теманын актуалдуулугу ишкананын кризистик өнүгүүсүнүн профилактика жана прогноздоонун, жетишээрлик эмес иштелип чыккан теориялык суроолор жана практикалык мониторингди жүзөгө ашыруу, диагностикалоо методологиясы ж.б. менен бекемделет. Кыргызстанда практикалык колдонуу муктаждыгы байкалат. Бүгүнкү шарттарда  чет элдик, россиялык жана кыргызстандын окумуштуулары өз эмгектеринде ишкананын ишкердик аракеттеринде мониторинг өткөрүүнүн зарылдыгы идеясын далилдешүүдө.

Ишкананы антикризистик башкаруу, ишкананын финансылык акыбалын баалоо жана анализдөө жолдору, өнүгүү жолдорун көргөзүүдө. Бирок, Кыргызстанда азыркыга чейин мониторинг негизинде ишкананы антикризистик башкаруу (финансылык көрсөткүчтөрүн) толук каралып чыккан эмес.

Жогоруда айтылгандардан улам ишкананын башкаруу стратегияларын түзүлүшү боюнча инструменталдык ыкма жана методдордун иштелип чыгуу зарылдыгы келип чыгат. Кризистик жагдайга уруксат бербөө жана ишкананын кирешелүүлүгүн  жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, б.а. ишкананы башкаруунун антикризистик стратегияларын иштеп чыгуу маселеси келип чыгат. Изилдөөнүн обьектиси болуп, Бишкектеги өнөр-жай ишканалары эсептелинет.

Дипломдук иштин максаты ишкананын финансылык көрсөткүчтөрүнүн  мазмунун жөнгө салуунун негизинде башкаруу системасын түзүү боюнча теория – методикалык сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат. Коюлган максаттарга жетүү төмөнкү маселелерди чечүүнү талап кылат.

  1. Ишкананын антикризистик башкаруу проблемасын анын ийри жашоо циклиндеги абалына ылайыктуу аныктоо.
  2. Ишкананын кризистик өнүгүүсүнүн стадияларын ачып көргөзүү жана мүмкүн болгон кризистик профилактикаларды ар кандай стадияларда карап чыгуу.
  3. Чет элдик жана жергиликтүү адабиятта мониторинг түшүнүгүнүн маани жана мазмунун анализдөө жана ишкананын кризистик өнүгүүсүн эрте билдирүү жана методика профилактикаларды иштеп чыгуу зарылдыгын далилдөө, ишканадагы мониторинг системасынын жаралуу этаптарын анализдеп алардын маңызын орнотуу.
  4. Ишкананын өнүгүү стратегияларынын  варианттарын карап чыгуу жана кризистин пайда болуу стадиясында кризистик өнүгүүнү алдын ала көрө билүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу аркылуу ишкананын өнүгүү стратегиясынын түзүлүшүн жана анализ методикасын иштеп чыгуу.
  5. Берилген дипломдук иштеги жыйынтыктар аркылуу алынып сунушталган натыйжаларды анализдөө, ылайык келүүчү тыянактарды чыгаруу жана ишкананын өнүгүү багыты боюнча рекомендацияларды берүү.

Дипломдук иштин өз алдынча практикалык мааниси.

  1. Ар бир анализделип жаткан ишкана үчүн кирешенин өсүү багытын аныктоо менен рентабелдүүлүк– ликвиддүүлүк координат системасында ийри сызыкты түзүү.
  2.  Мамлекеттик ишканаларда (өлкөдөгү) мониторинг системасын түзүү технологиясы.
  3. Ишкананын өсүү багытынан фактылык айырмачылыктардын өлчөмүн аныктоо.
  4. Кризистин курчушун эрте стадияларда божомолдоо алгоритми.
  5. Ишкананын өнүгүү стратегиясын түзүү жана анализдөө методикасы

Иштин максаты ишканаларга бүгүнкү шарттарда ортого чыккан оор экономикалык шарттарда комплекстүү багыт берүү. Банкроттуулукту азайтууга түрткү берүү болуп саналат.

1-БӨЛҮМ. МОНИТОРИНГДИН ИШКАНАНЫ БАШКАРУУДАГЫ МААНИСИ

1.1. Ишкананын жашоо цикли жана кризистин пайда болушу.

Ишкананын жашоо циклинин теориясы ишкананы башкаруу боюнча изилдөө жүргүзгөн бардык эле авторлор тарабынан каралган. Алардын ичинен кандайдыр бир продуктунун өндүрүшүндө иштик активдүүлүктү жогорулатууда ырааттуу анализдөө үчүн колдонулган продукциянын жашоо циклинин модели өтө таралган модель болуп эсептелет. Көбүнчө бул модель буюмду өндүргөндөн тартып сатылгынга чейинки сатуу ийриси түрүндө каралат. Көптөгөн авторлор продукциянын жашоо циклинин беш этабын бөлүп көрсөтөт. 1.кирүү 2.баштапкы өсүү 3.ырааттуу өсүү 4.жетилүү 5.түшүү. Практикада ишкананын дагы башка аналогиялык цикл менен өнүгүшү кездешет.

...

Скачать:   txt (217.5 Kb)   pdf (760.9 Kb)   docx (125.4 Kb)  
Продолжить читать еще 61 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club