Кислота, негиз жана туздардын диссоциациясы
Автор: zhanar01 • Февраль 4, 2020 • Лекция • 699 Слов (3 Страниц) • 2,384 Просмотры
Мѳѳнѳтү: __________
Классы: __________
Сабактын темасы: Кислота, негиз жана туздардын диссоциациясы.
Сабактын тиби: Жаны билимдерди ѳздѳштүрүү сабагы.
Сабактын формасы: Аралаш сабак.
Усулдук ыкмалар: жалпы топто иштѳѳ, биргелешип аракеттенүү.
Предметтик байланыш: Биология, физика.
Сабактын методу: Изденүүчүлүк, кѳрсѳтмѳлүүлүк, жаны ыкмаларды колдонуу.
Сабактын жабдылышы: доска, бор, кѳрсѳтмѳ куралдар сүрѳттѳр, таблица.
Сабактын максаты. Күтүлүүчү жыйынтык. | Кѳрсѳкүчтѳр. Сабак максатына жетет эгер тѳмѳнкүлѳр аткарылса. |
Билим берүүчүлүк: кислота, негиз, туздар, алардын диссоциацияга учурашы жѳнүндѳгү теориясын түшүнүп, маалымат алышат. | Окуучулар тема боюнча жеткиликтүү маалымат алышса. Кислота, негиз, туздардан диссоциация тендемесин жаза алышса. |
Ѳнүктүрүүчүлүк: окуучулардын ой – жугуртуусун, кабыл алуусун, ѳтүлгѳн тема боюнча алган маалыматтары менен кошо кислота, негиз, туздардын диссоциациясы боюнча мисалдарды чыгара алышат. | Эгер теманы кунт коюп угуп, ѳүлгѳн тема боюнча алган маалыматтарын, ѳздѳрүнүн ойлорун тартынбай эркин айта алышса, үйгѳ берилген тапшырманы ѳз алдынча аткара алышса. |
Тарбия берүүчүлүк: алган билимин турмуш – тиричиликте туура колдонууга тарбияланышат. | Берилген тапшырмаларды так, туура жазып, кошумча адабияттарды пайдаланып окушса. |
Сабактын жүрүшү: уюштуруу ( саламдашуу, жоктоо, психологиялык жагдай түзүү). Ѳтүлгѳн теманы кайталоо, ѳтүлгѳн тема боюнча суроолор.
1-суроо. Электролиттик диссоциация деп эмнени айтабыз?
Электролиттик диссоциация деп электролиттин суудагы эритмесинде же балкып эриген абалында иондорго ажыроо процесси аталат.
2-суроо. Электролиттик диссоциация теоиясынын негизги жоболорун ким түзгѳн?
Электролиттик диссоциация теоиясынын негизги жоболорун1887-жылы швед окумуштуусу Сванте Аррениусс сунуштаган.
3-суроо. Электролиттер кандай байланыштарды алып жүрѳт?
Туздар жана гидроксиддерде иондук, уюлдуу коваленттик байланыштарды алып журот.
Кислота, негиз жана туздардын диссоциация теориясы
Жогоруда аталган органикалык эмес бирикмелерге, электролиттик дисоциация процессинин негизинде толукталган аныктамаларды берүүгѳ болот.
Кислоталар диссоциация учурунда эритмеде суутек ионун пайда кылуучу татаал заттар. Суутек ионунун саны кислотанын негиздүүлүгү деп аталат. Мисалы азот кислотасынын дисоциациясы.
Эки жана үч негиздүү кислоталар баскычтуу диссоциацияга дуушар болушат.
Алгач суутек ионунун бир катиону, андан кийин экинчи жана үчүнчү иондору диссоциацияланат.
Фосфор кислотасы үч баскычта диссоциацияланат:
- Дигидрофосфат иону;
- Гидрофосфат иону;
- Фосфат иону;
Үч баскычты кошуп жазсак тѳмѳнкү тендеме алынат:
- Фосфат иону;
Жогоруда кѳрүнүп тургандай кислоталардын негизги касиетин суутек катиону Н+ аныктайт. Ионду чарчы кашага алып кѳрсѳтсѳк, [Н+] – суутек ионунун концентрациясы деген чондук келип чыгат, аны колдонуу ынгайлуу болот.
Негиздер диссоциация учурунда эритмеде гидроксил ионун пайда кылуучу татаал заттар. Мисалы щелочь деп аталган негиздердин диссоциациясы тѳмѳнкүдѳй жазылат:
Гидроксил ионунун саны – негиздин кислоталуулугу деп аталат. Кѳп кислоталуу негиздер баскычтуу диссоциацияга дуушар болушат. Мисалы алюминий гироксидин карап кѳрѳлү:
- Дигидроксоалюминий катиону
- гидроксоалюминий катиону
- алюминий катиону
үч баскычты бириктирип жазууга да болот:
негиздердин касиетин гидроксил иону ОН – же [ОН – ] гидроксил ионунун концетрациясы аныктайт.
Эриткич катары алынган таза суу начар электролит катары Н+ жана ОН – иондоруна диссоциацияланат.
Начар электролит болгондо сууну кислота [Н+] жана негиз катары [ОН – ] кароого болот. Чындыгында таза сууда [Н+] = [ОН – ] – чѳйрѳ нейтралдуу.
...