Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Результаты исследования влияния английской массовой литературы в романе "Архат"

Автор:   •  Сентябрь 26, 2025  •  Статья  •  1,085 Слов (5 Страниц)  •  333 Просмотры

Страница 1 из 5

ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИ

УДК: 821.512.154

Адилбеков М., Мамбеталиева А.

Адилбеков Максат – магистрант, Ж. Баласагын атындагы КУУ; Мамбеталиева Айзада – улук окутуучу, С. Нааматов атындагы НМУ

«АРХАТ» РОМАНЫНДАГЫ АНГЛИС МАССАЛЫК АДАБИЯТЫНЫН ТААСИРИН ИЗИЛДӨӨНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ

РЕЗУЛЬТАТЫ ИССЛЕДОВАНИЯ ВЛИЯНИЯ АНГЛИЙСКОЙ МАССОВОЙ ЛИТЕРАТУРЫ В РОМАНЕ «АРХАТ»

RESULTS OF RESEARCH IN ENGLISH POPULAR LITERATURE IN THE NOVEL “ARHAT”

Аннотация. Бул макалада кыргыз калемгери Казат Акматовдун «Архат» романындагы англис массалык адабиятынын, атап айтканда, англис жазуучусу Сирил Генри Хоскиндин

«Үчүнчү көз» чыгармасынын таасирин изилдөөдөн алынган натыйжалар кыскача баяндалат. Авторлор жогоруда аталган эки чыгармадан учураган окшоштуктарга басымдуу көңүл бурушат. Аягында кыргыз калемгери өз чыгармасын жазууда англис жазуучусунун көркөм туундусунун катуу таасирине кабылганын белгилешет.

Аннотация. В данной статье кратко излагаются результаты, полученные при изучении влияния английской массовой литературы, в частности произведения «Третий глаз» английского писателя Сирила Генри Хоскина на роман «Архат» кыргызского писателя Казата Акматова. Авторы акцентируют внимание на сходстве двух упомянутых выше произведений. В конце отмечается, что кыргызский писатель находился под сильным влиянием художественного творчества английского писателя при написании своего произведения.

Abstract. In this article, the results obtained during the study of the influence of English mass literature, in particular the work «The Third Eye» by the English writer Cyril Henry Hoskin on the novel «Arhat» by the Kyrgyz writer Kazat Akmatova, are briefly described. The authors emphasize the similarity of the two works mentioned above. In the end, it is noted that the Kyrgyz writer was strongly influenced by the artistic creativity of the English writer when writing his work.

Түйүндүү сөздөр: адабий таасир, англис массалык адабияты, «Архат» романы, К. Акматов, С. Г. Хоскин, «Үчүнчү көз» чыгармасы.

Ключевые слова: литературное влияние, английская массовая литература, роман

«Архат», К. Акматов, С. Г. Хоскин «Третий глаз».

Key words: literary influence, English mass literature, novel «Arhat», K. Akmatov, S. G. Hoskin

«The Third Eye».

Эки чыгармадан алынган үзүндүлөрдү жөнөкөй салыштыруу усулун колдонуу менен биз аткарган изилдөө кыргыз калемгери Казат Акматовдун «Архат» аттуу романында англис массалык адабиятынын үлгүсү болуп саналган, көпчүлүк калкка өзүн тибет кечили Лобсанг Рампанын реинкарнациясы деп көрсөткөн англиялык Сирил Генри Хоскин деген адам тарабынан жазылган «Үчүнчү көз» чыгармасынын адабий таасири орун алгандыгын, ал таасир эки көркөм туундуда учураган окшоштуктардан өтө даана байкаларын аныктоого өбөлгө түздү.

Биз эки чыгарманы окуп чыгып, алардагы окшош эпизоддорду аныктап, анан аларды жөн гана катар коюп салыштыруулар жасап көрдүк. Ошол салыштыруулардан төмөнкүдөй натыйжалар алынды:

  1. Лобсанг Рампанын жана Адилеттин окуу үчүн тибеттик ибадатканага келүү эпизоду окшош. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 72-73-беттерде, «Архатта» 39-бетте берилген.
  2. Лобсанг Рампанын жана Адилеттин ибадаткананын алдында алгачкы күнү малдаш

токунуп отуруу эпизоду, мына ошондогу кейипкерлердин баштан кечирген сезим-туйгулары окшош. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 73-74-беттерде, «Архатта» 39-40-беттерде берилген.

  1. Лобсанг Рампага жана Адилетке кечилдин алгачкы түнү тамак-аш алып келүүсү жана кеӊеш айтуусу анча-мынча айырмасын эске албаганда окшош. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 74-бетте, «Архатта» 40-41-беттерде берилген.
  2. Кейипкерлер ибадаткананын алдында түнөгөндөгү алгачкы таӊдын атуусу окшош. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 75-бетте, «Архатта» 41-бетте берилет.
  3. Кейипкерлердин ибадатканын алдында экинчи күнү малдаш токунуп отуруулары окшош. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 75-76-беттерде, «Архатта» 41-бетте берилет.
  4. Экинчи күнү кечтин кирүүсү, кайрадан кечилдин тамак-аш алып келүүсү, анын балага айткан кеӊеши окшош. Бул көрүнүш «Үчүнчү көздө» 76-бетте, «Архатта» 42-бетте берилет.
  5. Үчүнчү күнү ибадаткананын алдында лотос порумунда отуруу, ошондо кейипкерлердин башына келген жаман ойлор окшош. Бул көрүнүш «Үчүнчү көздө» 77-бетте,

«Архатта» 43-бетте берилет.

  1. Лобсанг Рампа менен Адилеттин базардан окууга керектүү буюм-тайым алуусу анча-мынча айырмасын эске албаганда жалпы жонунан окшош. Бул көрүнүш «Үчүнчү көздө» 61-62-беттерде, «Архатта» 50-бетте берилет.
  2. Кечилканага кабыл алынган кейипкерлердин чачын алуу процесси абдан окшош. Болгону ал окуяга катышкандардын ысымдары башкача. Бул эпизод «Үчүнчү көздө» 83-84-беттерде, «Архатта» 52-бетте берилген.
  3. Таӊкы, түшкү, кечки тамактануу учурларын сүрөттөөдө окшоштуктар бар. Бул көрүнүш «Үчүнчү көздө» 87-88-беттерде, «Архатта» 54-бетте берилет. Болгону кыргыз жазуучусу аны кыскартып жазган.
  4. Эки чыгармада теӊ жаӊы келген кичинекей окуучуга башка окуучулар ыдык көрсөткөн эпизод бар. «Үчүнчү көздө» зомбулукка Лобсанг Рампа өзү туш болот, «Архатта» Адилет кичинекей окуучуга чоӊураак балдар ыдык көрсөтүп жатканына күбө болот. Биринчи чыгармада бул 78-80-беттерде, экинчисинде 57-бетте баяндалат.
  5. Ибадаткананын жашоо ишмердүүлүк ритминин сүрөттөлүшүндө жалпы окшоштуктар бар. «Үчүнчү көздө» андагы регламент, режим 91-94-беттерде майда-чүйдөсүнө чейин кенен сыпатталат. Ал эми «Архатта» бул 53-55-беттерде азыраак кыскартуулар менен баяндалат.
  6. Ашканадагы тсампа даярдоо иш процессин сүрөттөгөн эпизоддордо окшоштуктар бар. «Үчүнчү көздө» бул 98-99-беттерде Лобсанг Рампага байланыштуу драмалуу мүнөздө, ал эми 100-110-беттерде процессти кадыресе сүрөттөө түрүндө берилет. «Архатта» 84-85-беттерде Мани Ясо ысымын алган Адилетке карата бир аз күлкүлүү баяндалат.
  7. Ашканада чай кайнатуу процессин сыпаттаган көрүнүштөрдө окшоштуктар бар.

«Үчүнчү көздө» бул көрүнүш 110-111-беттерде кенен сүрөттөлөт, «Архатта» болсо 85-бетте кыскача баяндалат.

  1. Класста окуучуларды окутуу процесси да окшош эле баяндалат. «Үчүнчү көздө» бул 111-112-беттерде, «Архатта» 85-86-беттерде баяндалат.
  2. Жыгач бут менен басуу эпизоду анча-мынча айырмасын эске албаганда окшош.

«Үчүнчү көздө» бул 117-бетте, «Архатта» 86-87-беттерде баяндалат.

...

Скачать:   txt (15.4 Kb)   pdf (190.5 Kb)   docx (25 Kb)  
Продолжить читать еще 4 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club