Кыргыздын алп акыны Б.Сарногоевдун 10 өзгөчөлүгү
Автор: Shumaliev • Март 9, 2024 • Доклад • 1,454 Слов (6 Страниц) • 85 Просмотры
Жумалиев С.
Кыргыздын алп акыны Б.Сарногоевдун 10 өзгөчөлүгү
Кыргыздын алп акыны Байдылда Сарногоев ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган нукура тубаса таланттардын бири. Мындай табиятынан тубаса таланттар кылымда бир жаралат. Бирок анын өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан маселелер арбын. Ала турган болсок, акындан төрөлгөн жылы менен жери ар түрдүүчө берилип жүрөт. Мисалы: “Байдылда Сарногоев Талас жергесинде Кулдамбес кыштоосунда 1932-жылы туулган”, “1932-жылы Талас облусундагы Буденовка кыштагында туулган”, “1932–жылы Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген”, “1932-жылы 14-январда Талас районунун Чоң-Чычкан (азыркы Бекмолдо) айылында туулган”, “Шумкар-Уя деген жеринде жарыкка келген” деген сыяктуу акындын төрөлгөн жылы менен жери жөнүндө так бирдей маалыматтар көрсөтүлбөйт. Андыктан бул маселе тактоого муктаж.
Акындын айылдаш аксакалдарынан, туугандарынан такталган маалыматтар боюнча Б.Сарногоев 1928-жылы Талас облусунун Талас районундагы азыркы Кара-Ой айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы 4 чакырым жерде жайгашкан Кулун-Эмбес кыштоосунда төрөлгөн. Эл аны Кулмамбес, Кулдамбес деп кыскартып айтышат. Кезинде бул жерде чакан айыл (Чоң-Чычкан) болгон. Бүгүнкү күндө аталган айылдын айрым эски коргондору сакталып калган. “Сарногойдун сазы” жана “Сарногойдун коргонунун” урандылары да бар. Бирок акын паспортуна өзү болжоп 1932-жыл деп жаздырып койгон, ал тууралуу ырында минтип эскерет:
Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө,
Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө.
Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө,
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.
Не болсо да, жашсыз адам болобу…
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын,
Же төмөндүр, же кеткендир жогору.
Биз эми Б.Сарногоевге гана мүнөздүү болгон 10 өзгөчөлүгүн баса белгилей кетмекчибиз.
- Анын 1-өзгөчөлүгү Макс Вебер айткандай, улуу инсандар өткөөл, кыйың кезеңде жаралат экен. Б.Сарногоев дагы кыргыз эли үчүн кыйын мезгилде отузунчу жылдары төрөлгөн.
Таластын Кулмамбес деген жеринен Кара-Ой айылындагы Көк-Арык орто мектебине өзү теңдүү курдаштары менен жөө-жалаңдап келип-кетип билим алган. Ал жөнүндө акын “Көк-Арык” деген поэмасында таамай жазат:
Ойдо жок «окуу» деген сөз,
Айылдан алыс капталда
Субанкул, Жусуп үчөөбүз
«Таш-казан» ойноп жатканда,
Бизди айдап алып жөнөдү,
Биялы деген башкарма.
Ата-энесинен эрте ажырап, согуш учурундагы оор турмуштун айынан өзү теңдүү балдар менен өз убагында окуй албай калат. Колхоздун жумушун кылып, эл арасында жамактап ырдай коюп жүргөн. Акындын жан дүйнөсүндө төкмө ырчылыктын уюткусу түптөнүп, эл оозуна төкмө акын катары алынып өзөк байлап калган кезинде Фрунзе шаарына келет. 1948-жылы №5 орто мектепке кирип, аны 1952-жылы аяктаган соң Москва шаарындагы адабият институтуна өтөт.
- Чыгармачыл чөйрөдө калыптануусу. Б.Сарногоевдун алгач “Осмонкулдай ырчы, артист болсом” деген тилеги бар экен. Бирок Фрунзеге келип белгилүү жазуучу, акындардын чөйрөсүнө аралашып калат. Айрыкча Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбековдор менен жакындан аралашып, ошолор жараткан профессионал поэзияны жата калып окуп, ошолордой акын болууга бел байлайт. 1952-жылы Москванын адабий чөйрөсү менен орус жана дүйнөлүк классиканын эстетикалык таалимине кирип, ага айылдан эне сүтү менен кошо сиңирип ала келген нукура элдик жандуу кепке, ырчылар менен эпостон алган бай тилге өзүнүн өзгөчө керемет түс-боёкторун кошуп, профессионал поэзия менен жуурулуштуруп-синтезделген улуттук нуктагы өзүнчө бир көркөм поэзиялык ыкманы жарата алды.
- Кыргыз элинин улуттук аң-сезимин көркөм формада бере алгандыгы. Тээ бала күнүнөн ыр жамактай баштагандан тартып элдик идеяны канына терең сиңирип, кыргыз деген улуу атак-даңкты каны-жаны менен жүрөк түпкүрүнөн өткөрүп, улуттук патриоттуулукту туудай желбиретип келди.
Бийикти жайлайт кыргыздар,
Бийикте бийик турмуш бар.
Көйкөлүп жатсаң бийикте,
Көрүүгө болбойт ким куштар?!
Койлоруң менен кошулуп,
Корооңдо жуушайт жылдыздар.
Өз улутун даңктап ырдаган акындарга “улутчул” деген айып тагылып, бийликтин сынына кабылып, запкысын тарткан советтик заманда да “кыргыз” деген арымынан эч жанбастан, өмүрү өткөнчө ырдап келди. Кээде анысынын азабын да тартты, “ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей акындык таланты менен чыгармачылыгы эл тарабынан өтө жогору бааланды. Анын айкын далили катары Б.Сарногоевдин ырлар жыйнагы чыгып-чыкпай туруп эле башка акын-жазуучулардын китептери сыңары дүкөн текчелеринде чаң басып жатпастан бири калбай сатылып кетишин айтууга болот.
...