Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Мүнөз жана анын калыптануу өзгөчөлүктөрү

Автор:   •  Январь 14, 2022  •  Реферат  •  1,827 Слов (8 Страниц)  •  390 Просмотры

Страница 1 из 8

Лек. 13. Мүнөз жана анын калыптануу өзгөчөлүктөрү.

Мүнөз жөнүндөгү түшүнүктү нлнмге биздин доорго чейин 4-3 кылымда грек философу Теофраст киргизген. Грекче «характер» деген сөз «белги, өзгөчөлүк» деген маани берет. Орусча «характер», кыргызча мүнөз терминдерине дал келет.

Мүнөз башка психикалык процесстерге караганда бир жактуу чектелген психикалык сфераны тейлебегендиги менен өзгөчөлөнгөн, көрүнүш катары каралат. Дээрлик окумуштуулардын көбү мүнөзгө төмөнкүдөй аныктама берип жүрүшөт.

Адамдын эрктик нравалык сапаттарында негизги орунду ээлеп, анын коомго, коллективге (башка кишилерге), эмгекке жана өзүнө инсан катары жасаган мамилесинде байкалуучу жекече психикалык өзгөчөлүк мүнөз деп аталат.

Аныктамада көрүнгөндөй, мүнөз инсандык нравалык (патриоттуулук, эмгекчилдик, чынчылдык, ак ниеттүүлүк) эрктик, (чечкиндүүлүк, тырышчаактык, өзүн-өзү кармай билүүчүлүк, эр жүрөктүүлүк) касиеттеринен, эмгекке, башка адамдарга, өзүнө болгон мамилесинен ачык байкалат.

Мүнөз жалаӊ гана айлана-чөйрөнүн таасиринен калыптанат деп бир жактуу бүтүм чыгаруу-илимий негизден алыстагандык. Мүнөз эч качан баш мээсиз, дене түзүлүш физиологиялык обочолонгон боштукта пайда болот. Мээ башка бардык психикалык процесстердин негизги элементи болгондой эле, мүнөздүн калыптанышьшда да базалык элемент болуп кала берет. Мындай көз карашты көпчүлүк окумуштуулар (Э.Кречмер, У.Шелдон, И.П.Павлов, А.Е.Личко) колдошот. Кречмердин, Шелдондун, Личконун ж.б. окумуштуулардын изилдөөлөрүндө мүнөздүн генетикалык негизине ашкере бир жактуу маани берилет. Бирок бир түйүлдүктөн төрөлүп, бири-биринен ажыратылып, ар түрдүү чөйрөдө жана бири-биринен ажыратылбай бирге тарбияланган эгиз балдарга жүргүзүлгөн (таблицадагы) эксперементтердин жыйынтыгынан мүнөздүн табияты тууралуу генетикалык көз карашты төгүндөйт.

Мүнөз - инсандын туруктуу, бекем касиети. Бирок анын сферасын түзүүчү инсандык касиеттер өзгөрбөй, стериотиптик деӊгээлде турат деген ой туура эмес. Мүнөз муундан-муунга, тукумдан-тукумга мураска өтпөйт, адамды курчап турган чөйрөнүн таасиринде өзгөрүп турат. Ал айлана-чөйрөнүн таасиринде калыптанат, түзүлөт. Мүнөздүн калыптанышында чөйрөнүн таасиринин ролу да чоӊ, кыскасы, мүнөздүн табиятын түшүнүү үчүн калыптаныш механизмин тандаган оӊ.

Мүнөздүн калыптаныш механизмин байкап көрөлү. Инсандын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышы өтө жаш чагынан бапггалып, аӊ-сезимдүү турмушунда стериотиптик, системалуу касиеттердин тобу болуп чыга келет. Мүнөздү көрсөтүүчү касиеттердин пайда болушу адамга билинбей, төрөлгөндөн тарта берилгендей сезилет. Чынында, андай эмес. Наристе жаӊы төрөлгөндөн баштап туруктуу дүүлүктүргүчтөрдүн таасирине кабылып, ар дайым аларга жооп берүүгө туура келет. Дүүлүктүргүчтөрдүн айрымдары баланын иш-тажрыйбасында негизги орунду ээлеп, бекемделип, күн өткөн сайын, стериотиптик абалга өтө баштайт. Мындай каситеттер улам такталып, анын жүрүм- турумун башкаруучу кудуретке айланып отурат. Натыйжада, балада өзүн курчап турган дүйнөгө карата туруктуу мамиле, көз караш, жүрүм-турумдун, типтери, ой жүгүртүүнүн аракеттери акырындап калыптана берет. Коомго, коллективге, эмгекке анын маанисине карата мамиледе психологиялык өзгөчөлүктөр түзүлөт. Ушундай өзгөчөлүктөрдүн туруктуу букети ар бир инсандын мүнөзүн белгилейт.

Мүнөз чөйрөнүн таасиринде өзгөрүп жана кайрадан тарбияланышы толук мүмкүн. Буга орус жазуучу А.П.Чеховдун эмгектеринен мисалдарды кездештиребиз. «Сен менин мүнөзүмө суктанганыӊ жөнүндө жазыпсын. Айтып коюуга тийишмин, мурда мүнөзүм орой кескин, чогоол болчу», - деп жазыптыр ал өзү жөнүндө.

Адамдын жашаган чөйрөсүнүн байлыгы, көп кырдылуугу, мазмундуулугу анын мүнөзүндө сөзсүз чагылат.

Жогоруда белгиленгендей, мүнөздө тукум куучулук касиет болбойт. Мисалга эгиз балдарды алсак, темпераменттеринин өтө жакын экендигине карабастан, эки башка чөйрөдө тарбияланса, мүнөздөрүнүн окшобой калышы белгилүү. Адам чынчыл, жалганчы, арамза, алдамчы, ак көӊүл касиеттери менен төрөлбөйт. Булардын баары- жашаган, тарбияланган чөйрөсүнүн издери. Бирок мүнөздүн калыптануусунда инсандын жаратылышынан өткөн белгилерди такыр жокко чыгарууга жарабайт. Биринчи кезекте нерв системасынын теӊ салмактуулугу, күчү, кыймылдуулугу сыяктуу өзгөчөлүктөрү мүнөздөн байкалат. Чындыктагы бир эле көрүнүшкө эки адамдын мамилеси эки башка. Нерв системасынын өзгөчөлүгүнөн улам бири ага активдүү, ачык темпераменттүү мамиледе болсо, экинчиси ойчул, токтоо карайт.

...

Скачать:   txt (28.7 Kb)   pdf (90.2 Kb)   docx (15.9 Kb)  
Продолжить читать еще 7 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club