Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Өспурум курактын психофизиологиялык , социалдык өнүгүү өзгөчөлүкторү

Автор:   •  Октябрь 13, 2021  •  Сочинение  •  3,278 Слов (14 Страниц)  •  488 Просмотры

Страница 1 из 14

⁷КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ.                                                    Э.Ж.МААНАЕВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ.

ТЕМА: Өспурум курактын психофизиологиялык , социалдык өнүгүү өзгөчөлүкторү.

     

Тайпа:СЭО(б) 11-19

Текшерген: Рахманбердиева Бермет Рахманбердиевна

Аткарган: Аалиева Умтул Мирбековна

           План:

Киришүү.

1.Өспүрүм курак тууралуу маалымат.

2.Өспүрүм курактын психофизиологиялык өнүгүү өзгөчөлүктөрү.

3.Өспүрүм курактын социалдык өнүгүү өзгөчөлүктөрү.

Корутунду.

Колдонулган адабияттар.

                 Киришүү.

Балалык мезгилден өспүрүм куракка өткөн мезгилде балдар үчүн көп нерселер түшүнүксүз болушу мүмкүн. Ушул себептен балдарга тийиштүү маалыматтарды берүү, камкордук жана колдоо көрсөтүү маанилүү. Жашы жете элек балдар зарыл жана тийиштүү маалыматка ээ болбогондуктан, текшерилбеген булактардан маалымат алышат да, жыныстык жетилүү жана айыз жөнүндө туура эмес ойго, жаман адаттарга жана жүрүм-турумга кептелет.Балакатка жетүү эмне экенин өспүрүмдөргө үйрөтүү ата-энелердин жана мугалимдердин  милдети болуп саналат.                  Мугалимдер мектептеп окуучулардын сырткы келбетине,окуудагы жетишкендиктерине,мектептеги жүрүм турумуна гана көз салбастан,мектепте кыздар менен иштешкен мугалим эжейлер балакатка жете элек,жана ошондой эле чоң класстын кыздары менен жыйын уюштурганда,ушул сыяктуу эркек балдар менен иштешкен агайлар дагы, сөзсүз уялбастан,жашырбаштан балакатка жеткенде организмдеги айрым өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилиши керек.                                Ата-энелер болсо, өспүрүм курак мезгилинде балдарына туура, этияттап  мамиле жасап,катуу урушпай,бир нерсени туура эмес жасаган учурда түшүндүрүп айтуу кажет.Албетте,жогорудагы мугалим берген маалыматты дагы кайталап, билбеген суроолоруна жооп бериши керек.                                                         Бул темада биз өспүрүм курактын профииологиялык жана социалдык өнүгүү өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беребиз.

       1.Өспүрүм курак.

Өспүрүм деген сөз - грек тилинен алынып кыргызчага которгондо өсүү, чоңойуу, жетилүү, алдыга жылуу, умтулуу, чектөөдөн чыгуу, бой жеткен деген маанилерди билдирет. Өспүрүмдөрдүн проблемасы психологдордун, педагогдордун, өкмөттүн алдында турган негизги, татаал проблемалардын бири. Бекеринен өспүрүм курак азыркы учурда өткөөл, чукул өзгөргөн, кыйын, кризистүү деген сөздөр менен мүнөздөлбөйт.Өспүрүм куракта жаңы ар түрдүү фономендер, ар түрдүү жаңы белгисиз фактылар кездешет. «15 жашымда атамдын акылсыздыгына таң калсам, ал эми 20 жашымда атамдын өтө акылдуу болгонуна таң калгам: - деп жазган Марк Твен». Ал эми “Өспүрүмдөрдүн инсандык структурасында бир дагы туруктуу, толук кыймылсыз эч нерсе жок. Анда бардыгы өзгөрөт, өтүп турат” - деп жазат, Л.С. Выготский.Өспүрүм куракта көп сандаган аномалдуу касиеттер: кежирденүү, өз эркинчелик, бирөөлөрдү сындоо, өзүн коомчулукка карама-каршы коюусу,натыйжаларынын кескин өзгөрүп кетерин турмуш өзү көрсөттү. Өспүрүмдөрдүн өздөрүн коомчулукка карама-каршы коюусун үй-бүлөдө, эмгек коллективинде тарбия иштеринин деңгээли аркылуу түшүндүрүүгө болот.Чоң кишилерге болгон ички карама-каршылык, алыстоо аракеттери өз алдынча жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ дегендик эмес. Өспүрүмдөрдө жарым балалык, жарым чоң кишилик сезим жашайт.                                 Өспүрүмдөр коомдогу, коллективдеги, үй-бүлөдөгү жетишпегендиктерди ашкерелөөчү объект.                                    Өспүрүмдөр коомдо өз ордун табууга, өзүнүн психикалык, физиологиялык касиеттерин өз колу менен көрүп, аны талдоого аракеттенүүчү инсан катары эсептелет. Ошентип, өспүрүм коомчулукка, үй-бүлөгө ар түрдүү чечилгис проблемаларды коет. Өспүрүмдөрдүн мындай аракеттери үй-бүлөдөгү тарбияданбы? же алардын анатомо-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө да көз карандыбы? - деген суроолор өзүнөн-өзү пайда болот. Андыктан өспүрүмдөрдүн проблемасын өзгөчө үйрөнүү талап кылынат.                                       Өспүрүм курак - балалык менен өспүрүм курактын ортосунда пайда болгон өнүгүү,бойго жетүү баскычы. Дал ушул мезгилде адеп-ахлактык баалуулуктар калыптанат:перспективалар, өзү жөнүндө, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билет,жөндөмдөрүн, кызыкчылыктарын, сезип жана бойго жетүүнү каалоо, умтулуу,теңтуштары менен баарлашуу, жашоого болгон жалпы көз караштар,элдердин ортосундагы мамилелер, алардын келечеги, жалпылап  айтканда жашоонун жеке маанилери калыптанат.Өспүрүм мезгилде балдардын ички секреция бездеринин функциясы тез өсөт. Бул мезгил балдардын нерв системасынын туруксуздугу менен айырмаланат, эс-акылы, түшүнүгү, ой жүгүртүүсү татаалданат. Айрым психикалык оорулар көбүрөөк кездешет. Ошондуктан ушул мезгилде балдарга бөтөнчө жумшак, этият мамиле жасоо зарыл.     Баланын жашына жараша анатомиялык, физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү жана үйрөнүү окуу-тарбия ишин туура жолго коюуга, алардын дене түзүлүшүнүн, акыл-сезиминин туура өсүшүнө көмөк берет.

...

Скачать:   txt (41.2 Kb)   pdf (153.8 Kb)   docx (18.5 Kb)  
Продолжить читать еще 13 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club