Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Падышачылык бийликтин кулашы. Совет бийлигинин орношу

Автор:   •  Ноябрь 2, 2018  •  Лекция  •  717 Слов (3 Страниц)  •  10,920 Просмотры

Страница 1 из 3

Лекция №1

Тема: Падышачылык бийликтин кулашы. Совет бийлигинин орношу.

1. Февраль революциясы Кыргызстанда .

2. Кыргызстанда саясий уюмдардын түзүлүшү.

3. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу.

Адабияттар: 1) Осмонов Ɵ.Ж, Асанканов А.А. Кыргызстан тарыхы Б-2001 2) Кыргыз тарыхы. Энциклопедия Б-2003 ж.

3) А.А. Асанканов. История Кыргызстана.

I. Россиядагы 1917-ж. буржуазиялык-демократиялык февраль революциясы Россияда жашаган бардык элдердин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Анткени бул революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген. Революциянын демократиялык республиканы орнотуу, жерди мамлекеттештирүү, сегиз саатык жумуш күнүн киргизүү жөнүндөгү идеялары Кыргызстандын элинин да мүдөөсүнө толук туура келген.

Февраль революциясынын жеңгендиги тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында гана жеткен. Пишпек, Ош сыяктуу уездик борборлордо көмүр кендеринде, Чүй сугат тармагында жана башка жумушчулар топтолгон жерлерде массалык митингдер, демократиялык болуп, аларда падыша бийликтерин жоюу, сегиз саааттык жумуш күнүн киргизүү, согушту токтотуу, саясий камактагыларды бошотуу жөнүндөгү талаптар коюлган.

11- мартта Пишпекте түрмөнүн алдында өткөн митингден кийин 130 саясий камактагылар, Кара-Колдо 34 адам, Ош шаарында 300 адам камактан бошотулган. Алардын ичинде 1916-ж. улуттук – боштондук кыймылга катышты деген күнөө менен камалган адамдар да болгон.

1917-ж. 6-мартта Кызыл-Кыяда, 16-мартта Сүлүктүдө шахтерлордун Советтери түзүлгөн. 6-7-мартта Пишпекте, 14-мартта Ошто солдат депутаттарынын Советтери түзүлгөн, кийнчерээк Советтер Токмокто, Нарында, Прежевальскийде пайда болгон.

Убактылуу өкмөттү колдогон буржуазия менен феодалдар Советтер менен катар Аткаруучу комитеттер, Коомдук коопсуздук комитеттери деп аталган, өздөрүнүн бийлик органдарын түзө башташкан жана алар мурдагы падышачылык администрациянын саясатын улантышкан.

Улуттук башка региондор сыяктуу эле Орто Азияда, анын ичинен

Кыргызстанда падышачылыктын улуттук-колониялык эзүүсү жоюлган эмес. Февраль революциясы жумушчулар менен дыйкандар эңсеген жер, тынчтык,

жана сегиз саатык жумуш күнү жөнүндөгү негизги маселерди жене алган эмес. Россиядагы падыша бийлигинин кулагандыгын уккан качкын кыргыздар Кытайдан өз мекенине кайта башташкан. Кыргыздардын бир бөлүгү кайтып келе жатып жолдо кырылган. 1917-ж. майына карата 64 миңдей адам өз мекенине кайтып келген.

II. 1917-ж. жайында Пишпекте Абдыкерим Сыдыковдун жетекчилиги астында «Алаш» улуттук партиясынын жергиликтүү бөлүмү түзүлгөн. Улуттук «Алаш» партисынын негизги максаты казак жана кыргыз элинин өз алдынча мамлекетин түзүү болгон. Буга кыргыз интелигенттеринин

...

Скачать:   txt (9.7 Kb)   pdf (67.8 Kb)   docx (13.5 Kb)  
Продолжить читать еще 2 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club