Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Совет бийлигин коргоо

Автор:   •  Ноябрь 2, 2018  •  Лекция  •  359 Слов (2 Страниц)  •  1,287 Просмотры

Страница 1 из 2

Лекция №2

Тема: Совет бийлигин коргоо.

1. Совет бийлигин коргоо

2. Фрунзе Михаил Васьилевич (1885-1925-жж.)

I. Түркстанда анын ичинде Кыргызстанда Совет бийлигин коргоо үчүн Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу комитети 1918-ж. 10-июльда атайын кеңири чечим кабыл алып, Түркстанды коргоо үчүн штаб түзүлгөн. Коргоо ишине жергиликтүү калкты тартууга өзгөчө көңүл бурулган да Кызыл Армияга ыктыярдуу түрдө жергиликтүү калк өтө баштаган. Кыргызстандан алгачкылардан болуп Ю.Абдрахманов, К.Баялинов, С.Каралаев, Ж. Садаев, И.Токбаев өңдүү кыргыз жигиттери Кызыл Армига кызмат кылган. Граждандык согуштун жүрүшүндө Я.Н. Логвиненко, А.Осмонбеков, Ж.Садаев, С.Күчүков, М. Мисанчин сыяктуу мыкты командирлер чыккан.

1918-ж. сентябрында Пишпекте 250 адамдан турган отряд түзүлүп, Жети-Суу фронтуна жөнөтүлгөн. Ага большевик Я.Н.Логвиненко командирлик кылган.

Конкреттүү чараларга карабастан Кыргызстандын түштүгүндө басмачылар күч алып тынч жаткан кыштактарды талап тоноп, бир нече орус кыштактарын өрттөп жок кылышкан. Басмачыларга каршы күрөшүү үчүн Анжиян менен Ош уездиндеги дыйкандардан Дыйкандар армиясы түзүлгөн.

1919-ж. 7-декабрда солчул эсерлердин жетекчилиги менен Беловодск кыштагында козголоң башталып, ал жердеги Совет бийлигин жоюп, анын өкүлдөрүн асып өлтүрүшкөн. Аны басуу үчүн кызыл аскерлер чогулуп аларды токтотушкан.

Түркстанда Совет бийлигин чыщдоо үчүн 1919-ж. 14-августта Совет өкмөтү Түркстан фронтун уюштурган. Анын башкы командычылыгына жердешибиз М.В.Фрунзе дайындалган.

Кызыл аскерлер менен козголоңчулардын

...

Скачать:   txt (5.2 Kb)   pdf (42.1 Kb)   docx (11.9 Kb)  
Продолжить читать еще 1 страницу »
Доступно только на Essays.club