Укук тармактары боюнча жалпы тушунук
Автор: Курманбек • Октябрь 24, 2022 • Реферат • 1,804 Слов (8 Страниц) • 432 Просмотры
[pic 1]
УКУК ТАРМАКТАРЫ БОЮНЧА ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Укук коомдогу боло турган бардык мамилелерди, башкача айтканда жарандардын, мамлекеттик органдардын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин бири-бири менен болгон же өз ара мамилелерин жөнгө салып турарын билдик. Ал мамилелердин түрлөрү көп болгондуктан, өзгөчөлүктөрү боюнча тармактарга бөлүнүп, тартипке келтирилип, укук тармактары түзүлөт.
Укук тармагы деп — коомдук мамилелердин кандайдыр бир ири бөлүгүн жөнгө салып турган укуктук ченемдердин өзгөчөлөнгөн, жыйналган тобун айтабыз. Бул ченемдердин биримдиги алар жөнгө салуучу коомдук мамилелердин жалпылыгына, окшоштугуна жараша түзүлөт.
Кыргыз Республикасында укуктун тармактары бир топ, алар 20дан ашат. Алардын негизгилерин келтирүү менөн кыскача мүнөздөмө берели.
Конституциялык укук же мамлекеттик укук деп да аталат. Бул тармак мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негиздерин, адамдардын укугу менен эркиндиктерин, жарандардын укуктарын жана милдеттерин, мамлекеттик органдардын тутумун бекемдеген мамлекеттин укуктук ченемдеринин жыйындысы.
Конституциялык укуктун негизги булагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы болуп эсептелет. Биз Конституцияга жана мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын функцияларына кеңири токтолгонбуз. Конституциялык укук ошол органдардын, жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тутумунун түзүлүш тартибин, иштөө принциптерин, шайлоо түзүмүн бекемдейт, ошондой эле мамлекет менен жарандардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат. Бул укук тармагы башка укук тармактарына караганда жетектөөчү тармак катары мааниси бар, анткени өлкөнү мамлекеттик жана коомдук жактан уюмдаштыруунун, анын түзүлүшүнүн негизин бекемдейт. Мыйзамдуулук принцибин жүзөгө ашырууну камсыз кылып, укуктун башка тармактарына тиешелүү ченемдерди белгилөө, аларды өзгөртүү боюнча укуктарды аныктайт.
Конституциялык укуктан кийин эле эң маанилүү укук тармагы жарандык уку* болуп эсептелет. Жарандык укук жарандык мамиле түзгөндөрдүн укуктук абалын, менчиктөө укугун, интеллектуалдык иш-аракеттердин жыйынтыгына укукту аныктайт, келишимдик жана башка милдеттенмелерди жөнгө салат, бөлөк мүлктүк эмес мамилелерди тууралайт. Бул укуктун тармагы өтө кеңири жана ар бир жарандын билүүсү маанилүү болгондуктан, аны өзүнчө окуйбуз.
Шайлоо укугу шайлануучу мамлекеттик органдарды түзүү тартибин, жарандардын ал органдарды шайлоого жана өздөрү шайланууга болгон укуктарын жөнгө салуучу укук тармагы болуп эсептелет.
Бул укук тармагы өзүнчө укук булагына ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндөгү кодекси кабыл алынган. Шайлоо укугу жарандын коомдогу маанилүү укук тармактарынын бири болгондуктан жана силер жакын арада бул укуктан пайдалана баштай тургандыктан, ага өзүнчө сабакта кеңири токтолобуз.
Жер укугу. Жер, суу, токой жана жердин ички казынасы (кендер) жалпы элге тиешелүү. Бул байлыктарды туура пайдалануу өзгөчө маанилүү, анткени алар мамлекеттин жана элибиздин жашоо мүмкүнчүлүгүнүн негизин түзөт. Ошондуктан жерге, сууга, токойго жана кен байлыкка болгон мамилелерди жөнгө салуу үчүн ар бири өзүнчө укуктун тармагы болуп бөлүнгөн.
Жер укугу жерге карата келип чыккан мамилелерди жөнгө салат. Кыргыз Республикасында жерге жеке менчик укугу белгиленген. Жарандар, ошондой эле пайдаланууга жер тилкелерин ала алышат. Калктуу конуштарда үй салуу, ишкердик жүргүзүү үчүн, айыл жерлеринде дыйкан чарбасын жүргүзүү үчүн жерлер бөлүнүп берилет.
Жерди биротоло же убактылуу пайдаланууга болот, ошондой эле жерди ижарага алууга, сатып алууга мүмкүн. Дыйкандарга жер узак мөөнөткө берилет, эгерде дыйкан жерди өзү иштете албай калса, ал жерди башка бирөөгө ижарага бере алат же сата алат.
...