Касым Тыныстановдун «Жаңы Мырза» аттуу тарыхый лирикалык поэмасы жана андагы образдар
Автор: Emilyab • Апрель 16, 2023 • Курсовая работа • 4,226 Слов (17 Страниц) • 156 Просмотры
План:
1. Киришүү
2. Образ жөнүндө түшүнүк.
3. Касым Тыныстановдун «Жаңы Мырза» аттуу тарыхый лирикалык поэмасы жана андагы образдар:
• Жаңыл Мырзанын образы.
• Түлкүнүн баатырдын образы.
• Үчүкө баатыр.
• «Махабат» темасы жана башка образдар.
4. Корутунду.
5. Пайдаланылган адабияттар.
Киришүү.
Кыргыз совет адабиятынын жаралышы оозеки поэзиянын үлгүлөрүнө, элдик эстетиканын негиздерине барып такалат. Чындыгында мурда жазмасы өнүкпөй калган улуттук көркөм өнүгүш фольклордон чыгып, реалисттик адабияттын мурда тааныш эмес дүйнөсүнө келип кошулушу, жаңыдан жаралып, пайда болгон жазма адабияттын профессионалдык адабиятка тагыраак айтканда, байыркы эпостон түз эле реалисттик романга өтүшү татаал да, кызыктуу да, таң калыштуу да болгон.
Мына ушул татаал көркөм процесстеги фольклор менен жаш жазма адабияттын ортосундагы мыйзамченемдүү байланыштарды, көркөм катыштарды, ошондой эле жаш профессионалдык авторлордун келип чыгышын, пайда болушун, калыптаныш өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүүдө кыргыз адабиятчылары бир кыйла ийгиликтүү эмгектерди жаратышкан, окумуштуу - адабиятчылар К.Асаналиев, К.Артыкбаев, М.Борбугулов, К.Бобулов, С.Жигитов, Б.Керимжанова, Ш.Үмөталиев, А.Садыков, ж.б. олуттуу эмгектенишип, адабияттагы фольклоризм маселеси бир кыйла кең-кесири каралган жана бүгүнкү күндө да изилдөөгө болгон кызыгуучулук тарай элек, ал гана эмес бул эки көркөмдүк формациянын ички байланыштарын ачуу проблемасы азыркы мезгилде ого бетер курчуп, ого бетер маанилүү боло баштады. Мына ошондуктан элдик көркөм мурас менен жаңыдан жарала баштаган жазма адабияттын ортосундагы карым-катыш маселесин изилдөө мурда, совет доорунда кандай актуалдуу болсо, азыр да ошондой эле күн тартибиндеги маселе болуп эсептелет.
Адабият таануу илиминин алдындагы мына ушундай маселени эске алып, «Фольклор жана адабият» проблемасын изилдөө максатында биз кыргыз элинин бай мурастарынын бири болгон “Жаңыл Мырза” эпосунун кыргыз профессионал адабиятындагы кайрадан жаңырышын, белгилүү акын-жазуулардын бул элдик мураска болгон мамилесин изилдеп көрсөтүүнү алдыбызга максат кылып койдук. Бул теманы тандап алганыбыздын себеби, кыргыз эл оозеки поэзиясы жазуучуларга дайыма идея берип, демөөр болуп келгендиги баарыбызга маалым эмеспи. Анткени кыргыз жазуучулары кандай мазмунда болсо да фольклордук эстетикага кайрылбай койбойт.
Ушул ыңгайдан алып караганда, «көп улуттуу совет адабиятынын» калыптанышында жана андан ары өнүгүшүндө фольклордун мааниси өтө зор кыргыз совет адабияты калыптанышынан баштап, дээрлик жетилген азыркы учуруна чейин фольклордон «азыктанып» фольклордук булактардын негизинде өнүгүп келди. К.Маликов. Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбековдун «Айчүрөк» драмасынан тартып, К.Баялиновдун “Түлкү менен суур”, “Чабалекей менен жылан”,Т.Үмөталиевдин “Күч бирдикте”, “Малга тойбос”, Ж.Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек”, А.Токомбаевдин «Жетим», “Даат”, “Күүнүн сыры” чыгармаларынан тартып, Т.Сыдыкбековдун «Көк асаба» романынан чейин, Ж.Садыковдун «Манас» трилогиясына чейин элдик сюжеттерди, мотивдерди пайдалануу натыйжасында, же элдик поэзиянын духунда жазуу жагдайында кыргыз совет адабиятында олуттуу чыгармачылык ийгиликтер жаралганы талашсыз. Демек, кыргыз жазучуларынын бүтүндөй бардык муундарынын фольклорго кандайдыр бир даражада чыгармачылык мамилеси болгону, ал турмак белгилүү мааниде фольклордук эстетика алардын басып өткөн «мектеби» болгону чындык. Мына ушундан улам,
...