Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Мегаком Компаниясы

Автор:   •  Декабрь 21, 2018  •  Реферат  •  2,347 Слов (10 Страниц)  •  443 Просмотры

Страница 1 из 10

           Мегаком Компаниясы

     MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармагында GSM (2G) стандартартында 900/1800 МГц жыштыктар диапазондорунда, WCDMA/UMTS (3G) стандартында 2100/900 МГц жыштыктар диапазондорунда жана LTE (4G) стандартында 800/1800/2100 МГц жыштыктар диапазондорунда уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүүчү ири мобилдик компания.    MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке киргизилген. 

   Бүгүнкү күндө 2G/3G/4G түйүнү менен камтуу боюнча алдыңкы орунда келе жаткан компания өлкөбүздүн калк жайгашкан аймагын мобилдик байланыш менен 99 пайызга камсыздап, 3 миллиондон ашуун абоненттерди тейлөөдө. 2016-жылы жогорку ылдамдыктагы 4G технологиясы толук масштабда ишке киргизилгендигин баса белгилей кетүүгө болот.  Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар MegaComдун корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн жана калкты жумуш менен камсыз кылуучу ишканаларынын тизмесинин алдыңкы сабында.

  • MegaCom ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн бирден-бир уюлдук байланыш оператору; •  Сапат жаатындагы  жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык сыйлыгынын дипломунун ээси (2014-2016);

  • БУУнун Эл аралык электр байланыш союзунун мүчөсү

   MegaCom тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, туруктуу байланышты, ачык - айкын  жана ыңгайлуу тарифтөөнү сунуштайт.

 MegaCom бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш ишмердик жүргүзөт. Компания тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Уюлдук оператордун дистрибьютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.   Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom компаниясына түшкөн ар бир сомдун эсебинен казынаны толуктоого каражат жумшала тургандыгын MegaCom сыймыктануу менен билдирет. Мекендештерибиз MegaComду өз мобилдик оператору катары тандоо менен,  сапаттуу жана заманбап байланышты гана тандабастан, өлкөсүнүн келечегине өз салымын кошуп жаткандыгын да белгилей кетүүбүз абзел.

MegaCom, ар түрдүү спорттук турнирлердин жана Олимпиада-2016да Кыргызстандын курама командасынын башкы өнөктөшү болуу менен, Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө активдүү салымын кошуп келет. Компаниянын системалык мүнөздөгү кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү  компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана анын баалуулуктарын чагылдырат.Республика аймагын технологиялык түйүнү менен байланыштырган  MegaCom абоненттерине жакындары менен баарлашуу кубанычын тартуулайт, ийгиликтерге жетүүгө  көмөк көрсөтөт жана жаңы ачылыштарга дем берет десек жаңылышпайбыз.

        Учурда MegaCom компаниясы курулушту долбоорлоо жана электр байланыш тармактарына байланыштуу төмөндөгүдөй лицензияларга ээ:

№04816 лицензиясы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген:Шаар курулуш жана долбоорлоо-изилдөө жумуштары.

№ 14-1133-КР лицензиясы – Электрбайланыш тармагында ишмердүүлүк

жүргүзүүгө  КРӨ МБА тарабынан берилген;

№15-1446-КР КРӨ МБА лицензиясы –  01.10.2015-ж. №98-1/1 Токтомунда

 көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат

кабыл алуу/ жиберүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн

радиожыштык спектрин колдонуу боюнча ишмердүүлүгүнө.

                 Миссия жана Баалуулуктар

...

Скачать:   txt (34.5 Kb)   pdf (289.9 Kb)   docx (24.1 Kb)  
Продолжить читать еще 9 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club