Психометрдеши термометрдин шарикчеси сууга малынбастан, ал оролгон батисттин учу гана сууга тийип турушу керек
Автор: fotomillion • Март 12, 2020 • Реферат • 1,341 Слов (6 Страниц) • 512 Просмотры
АБАНЫН САЛЫШТЫРМА НЫМДУУЛУГУН АНЫКТОО
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КУРАЛДАР: Августун, асмандын психометрлери.
КООПСУЗ ИШТӨӨНҮН ТАЛАПТАРЫ
Психометрдеши термометрдин шарикчеси сууга малынбастан, ал оролгон батисттин учу гана сууга тийип турушу керек.
ИШТИН КЫСКАЧА ТЕОРИЯСЫ
Абанын составында дайыма суу буусу болот. Анан аз же көп санда болушу атмосферадагы көптөгөгн кубулуштарга, мисалы өсүмдүктөрдүн өсүшүнө, жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Ошондуктан бизди курчап турган атмосферадагы абанын нымдуулугун аныктоо зарылдыгы келип чыгат. Абанын нымдуулугу аккан сууларда, көлдөрдөн, деңиздерден, жаан чачындардан буулануу аркылуу пайда болот.
Абанын нымдуулугу нымдын абсолюттук чондугу жана абаны каныктыруу деңгээли менен мүнөздөлөт. Ошонун негизинде абанын абсолюттук жана салыштырма нымдуулугу деген түшүнүктөр киргизилет.
1м³ абадагы грамм менен туюнтулган суу буусунун салмагын абсолюттук нымдуулук деп айтабыз. Нормалдык шартта б.а. басымы 760мм.сым.мамычасына жана температура 0°С учурунда, кургак абанын салмагы 1.293=1.293•9,8=12,67 Н го барабар.
Температурасы t°C жана басымы Р болгон 1м³ абанын салмагы Клайперондун теңдемеси
га барабар[pic 1]
Мында а- абанын көлөмдүк кеңейүү коэффициенти. Берилген температурада жана басымда абадагы нымдын тыгыздыгынын, кургак абанын тыгыздыгына болгон катышы турактуу жана 0,622ге барабар. Суу буусу каныгуу абадынан алыс болгон учурда Клайперондун теңдемесине баш ийет деп эсептеп, 1м³ абадагы суу буусунун салмагы теңдеме менен аныктоого болот:
q= (1)[pic 2]
Мындагы t° температурадагы атмосфералык басым (парциалдуу) белгилүү болсо, (1) теңдемеден берилген t° температурасында абанын абсолюттук нымдуулугу Р ны аныктоого болот.
(1)Теңдемеден абсолюттук нымдуулук б.а. берилген температурадагы 1м³ абадагы суу буусунун салмагы, суу буусунун парциалдык басымдан анча деле айырмаланбай тургандыгы көрүнүп турат. Ошондуктан абадагы суу буусунун парциалдык басымы абсолюттук нымдуулук деп атап коюга болот. Абадагы нымдын парциалдык басымы сым.мамычасынан бийиктиги менен, ал эми бирдиктерин СИ системасында Иа менен өлчөйбүз.
Берилген t° да 1м³ абанын каныктыруу үчүн талап кылынган, суу буусунун салмагын же анын парциалдык басымы q менен белгилесек, абсолюттук нымдуулукту Р менен белгилейбиз. Анда абанын салыштырма нымдуулугу, сан жагынан берилген температурадагы абсолюттук нымдуулуктун, ошол температура абаны каныктыруу үчүн талап кылынуучу суунун санына (басымына) болгон катышы болот. Ал көбүнчө процент менен аныкталат.
F =100% (2)[pic 3]
Абанын абсолюттук жана салыштырма нымдуулуктарын гигрометрдин жана психрометрдин жардамы менен аныктоого болот.
ПСИХРОМЕТРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АБАНЫН НЫМДУУЛУГУН АНЫКТОО
1а-сүрөтүндө бир шитке бекитилген эки термометрден турган Августун психрометри көрсөтүлгөн. Термометрдин бирөөнүн шарчасы батист менен оролуп, ал батисттин учу атайын шиттин аркасына бекитилген айнек идишине куюлган сууга тийип турат. Батист боюнча суу көтөрүлүп термометрдин шарчасын нымдап турат. Батисттеги ным айлана чөйрөдөгү абанын нымдуулугуна жараша, ным аз болсо тез, ным көп болсо жай бууланып турат. Буулануу тез жүрсө, нымдалган термометр менен кургак термометрдин көрсөтүүлөрүнөн айырмасы чоң болот. Жай бууланганда айырма кичине болот. Кургак термометр менен нымдалган термометрдин көрсөтүүлөрүнүн айырмасы психрометрдик таблицанын эки түрү бар. Биринде вертикалык столбанын жогорку башында нымдалган термометрдин көрсөтүүсү, экинчисинде кургак термометрдин көрсөтүүсү жазылып коюлган. Салыштырма нымдуулукту f-ти психрометрдик айырма боюнча таблицадагы термометрдин көрсөтүүсүн кесилишинен аныктайбыз. Андан кийин гигрометрдик таблицадан бөлмө температурасынын тушунан каныктыруучу нымдын салмагын же басымын q-ну табабыз. (2)-теңдемеден абсолюттук нымдуулукту Р аныктайбыз. Анда:
...