Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Электрондук таблица

Автор:   •  Апрель 28, 2018  •  Контрольная работа  •  749 Слов (3 Страниц)  •  1,791 Просмотры

Страница 1 из 3

Сабактын планы

Класс:   9

Предмет:     Информатика

Сабактын темасы: Электрондук таблица.

Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк багыты.

                        Окуучулар компьютердик эсептөөлөрдү электрондук  

таблицада жүргүзүүнү, эсептөөлөрдүн түрлөрү жөнүндө

маалымат алышат.

б) Өнүктүрүүчүлүк багыты.

Окуучулар информатика сабагынан компьютерде иштөөнү

жана электрондук таблицада формуланы туура киргизүүнү

үйрөнүшөт.

в) Тарбиялык багыты

техникалык каражаттарды өз алдынча колдоно билүүгө,

техникалык каражаттарга аяр мамиле жасоого, техникалык

коопсуздук эрежесин сактоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабакта колдонулган ыкма: Интерактивдүү ыкма, жекече иштөө

Убакытты бөлүштөрү: а) чакыруу этабы    5мин

  1. Муз жаргыч
  2. Мээ чабуулу

б) түшүүнү этабы      10мин

1. теманы түшүнүү

2. план боюнча иштөө     10 мин

в) ойлонуу этабы

1. жекече иштөө

2. жыйынтыктоо

Сабактын жабдылышы: Информатика базалык курс окуу китеби,

                                интерактивдүү доска, ноутбук, жумушчу дептер,

карточкалар.

Сабактын жүрүшү: төмөндөгүдөй этаптарды камтыйт.

1. Чакыруу этабы

А) муз жаргыч: сабакты көңүлдүү өтүү үчүн бири-бирибизге жакшы каалоолорду айтып көңүлдөрдү көтөрүп алалы.

Б) 2013-жыл кандай жыл деп белгиленди. Иштермандар жылы чогуу.

2. Мээ чабуулу

Окуучулар келгиле сабакта тынч, жакшы отуруу үчүн алтын эрежени кабыл алалы, бирок аны кабыл алаардан мурда төмөндөгүдөй табышмакты табышыңар керек.

                Дисплей мен боломун.

                (.......) атка кономун.

                Клавиатура берсе команда.

                Көрсөтүп аны коёмун.  Демек, МОНИТОР туура азаматсыңар.

        М – маанилүү жооп берүү

        О – оюн так айта билүү

        Н – нукура информатика тилинде сүйлөө

        И – илимге карай умтулуу

        Т – тынч олтуруу

        О – ойлонуп жооп берүү

        Р – регламентти туура пайдалануу

Демек, окуучулар алтын эрежени кабыл алдык, алтын эрежени бай ийип сабакты баштайлы.

Окуучулар үйгө берилген тапшырманы суроо иретинде төмөндөгүдөй тесттик суроолорду түзүп келдим.

Доскага көңүл бургула

  1. Графикадагы негизги түстөр кайсылар?

А. Кара, ак, боз.

Б. Жашыл, кызыл, көк.

В. Күрөң, сары.

 2. Чыгарылган сүрөттөрдү кайсыл түзүлүштүн жардамы менен киргизебиз?

А. Принтер

Б. Монитор

В. Сканер

Г. Ноутбук

Мына балдар үй тапшырманы кайталап алдык.

Бүгүнкү жаңы теманы баштаардан мурда жумушчу дептер таратылат. Жаңы темадан алган билимиңерди жумушчу дептерге ошол убакытта толтуруп барасыңар, аткарган ишиңерге жараша өзүңөрдү өзүңөр баалайсыңар.

Балдар бүгүнкү өтүлө турган сабагыбыздын темасы: Электрондук таблица.

Сабактын алдында темага байланыштуу болгон терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар жазылган баракчаларды таратамын. Баракчаларга карап мен берген суроолорго жооп берип жана жумушчу дептерди толтура бересиңер.

...

Скачать:   txt (8.6 Kb)   pdf (640.4 Kb)   docx (402.1 Kb)  
Продолжить читать еще 2 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club