Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Информатика боюнча класстан тышкаркы иштерде логикалык маселелерди колдонуунун артыкчылыктары

Автор:   •  Январь 14, 2019  •  Статья  •  1,758 Слов (8 Страниц)  •  804 Просмотры

Страница 1 из 8

Информатика боюнча класстан тышкаркы иштерде логикалык маселелерди колдонуунун артыкчылыктары

БатМУ СПИ Бекмурзаева Б. А.

Аннотация

Макала информатика боюнча класстан тышкаркы иштерде логикалык маселелерди колдонуунун артыкчылыктары арналат. Информатиканы окутууда  логикалык маселелерди колдонуу эки ролду ойношун көрсөтөт: логикалык түшүнүктөрүн калыптандырат же болбосо өз алдынчалуулугун, изденүүчүлүк, тапкычтык ой жүгүртүүсүн өстүрөт. ХХІ кылымда билим берүү өз алдынча иштер боюнча өнүгүүсү керек, алардын бири бул класстан тышкаркы иштер аркылуу жүргүзүлөт. Класстан тышкаркы иштерде логикалык маселелерди колдонуунун негизги жетишкендиги

Статья посвящена преимуществу использованию логических задач в внеклассной работе по информатике. Показано, что логические задачи играют в обучении информатики двоякую роль: могут формировать логическое сознание или же развивать самостоятельность, поисковое, навигаторское мышление. Образование в XXI веке должно развиваться по самостоятельной работе, которой одно из них образуются в внеклассной работе. Главное достоинство использование логических задач в внеклассной работе - стимул, активация ученика, развивает возможности и укрепляет знания и возможность самоорганизации.

        The article is devoted to the advantages of using logical problems in extra-curricular activities in computer science. It is shown that the logical problem of playing a dual role of informatics training: can form a logical mind or develop independently, search, navigators thinking. Education in the XXI century to be developed by independent work, which one of them is formed in the extra-curricular activities. The main advantage of the use of logical tasks in extracurricular activities - the stimulus, activation of the student, developing opportunities and strengthens the knowledge and the ability to self-organization.

Билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу окутуунун жаңы формаларын түзүүсүз кыйын. Ага байланыштуу азыркы күндө окуучулардын класстан тышкаркы иштерине өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө. Мында окуучулардын компьютерде өз алдынча иштөөсү, маалыматтык обьекттилер үстүнөн иштөөсү чоң роль ойнойт.

Окуучулар информатика сабактарына кызыгуусун арттыруу үчүн сабакка сүйүүсүн ойготуу зарыл, анын бир жолу болуп маалымат технологияларын колдонуу мене сабактан тышкаркы иштерди уюштуруу аркылуу жетишүүгө мүмкүн.

Сабактан тышкаркы иш сабактын табыйгый уландысы катары окуу процессинин бир бөлүгү болуп саналат. Анын негизги маселеси болуп төмөнкүлөр эсептелет: окуучулардын билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүү жана кеңейтүү; логикалык ой-жүгүртүүсүн жана  тапкычтыгын өстүрүү, жөндөмдүү жана шыктуу балдарды алып чыгуу, алардын мындан ары жөндөмдүүлүгүн арттыруу, предметке болгон сүйүүсүн өстүрүү, балдарды кызыктуу тапшырмаларга, сабактарга менен алектендирүү, жана башка ушул сыяктуу аракеттер менен дисциплинаны, уюшумдуулукту жана коллективдүүлүктү бекемдөө болуп саналат. Класстан тышкаркы иштер класстык иштерден айырмасы ыктыярдуу, өз алдынча принципте уюштурулат. Мында окуучуларга баа коюлбайт, бирок ой жүгүртүүнүн, тапкычтыктын, эсептөөнүн тездигине, чечимдерди издөөнүн рационалдуу ыкмаларын колдонуу, ээлерин мактоо, белгилөө жүргүзүлүшү керек. Класстан тышкаркы иштерге мугалим жогорулатылган татаалдыктагы жеткиликтүү материалды, информатика курсунун негизин толуктоочу болуп, бирок   класстан тышкаркы иштердин дагы бир айырмачылыгы көңүл ачуу, оюн жана мелдеш ж.б. мүнөзгө ээ болот.

Заманбап мектептерде маалыматтык кылымга адаптациялануудан башка тандоонун болушу да мүмкүн болбой калды. Окуучуларды жалпы компьютердик сабаттуулукка жетишүүсү, коомдо гүлдөп өсүү, анткени өнүгүү маалыматтык технологиялардын негизинде  жүрүп жатат эмеспи.

Сабакта өткөрүлгөн окуу- тарбия иштери жана класстан тышкаркы иштер арасында тыгыз байланыш жатат:  окуу сабактары окуучуларды билимдерге кызыгуусун арттырат, класстан тышкаркы иштерди жайылтууга көмөктөшөт, жана тескерисинче класстан тышкаркы иштер алган билимдерин бекемдөөгө мүмкүндүк берет, окууга кызыгуусун арттырат жана окуучулардын жетишүүсүн жогорулатат. Бирок класстан тышкаркы иш эч качан класстагы окуу ишин туурабоосу керек, антпесе адаттагы кошумча сабакка айланып калышы мүмкүн.

...

Скачать:   txt (23.9 Kb)   pdf (379.3 Kb)   docx (456.5 Kb)  
Продолжить читать еще 7 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club