Essays.club - Получите бесплатные рефераты, курсовые работы и научные статьи
Поиск

Эркек кишинин жыныс мүчөлөрүнүн анатомиясы

Автор:   •  Сентябрь 11, 2023  •  Реферат  •  3,280 Слов (14 Страниц)  •  111 Просмотры

Страница 1 из 14

Тема: «Эркек кишинин жыныс мүчөлөрүнүн анатомиясы».

План:

1. Эркек кишинин жыныс органдары жалпы мүнөздөмө;

2. Эркек кишинин ички жыныс органдары;

3. Эркек кишинин сырткы жыныс органдары;

Эркек кишинин жыныс органдары - көбөйүү кызматын аткаруучу органдар болуп эсептелет. Алар жайланышына (топографиясына) карата эки топко бөлүнөт:  ички жана сырткы.

 Эркек кишинин ички жыныс мүчөлөрү, эн безинен башкасы, кичине жамбаш чарасынын көңдөйүндө жайгашат. Ал эми эн бези калтада жайгашат. Аларга төмөнкү органдар кирет:

1. Жумуркалар (аталык бези) – testis;

2. Эн безинин кошумчасы – epididymis;

3. Урук өткөрүүчү өткөөл - ductus deferens;

4. Урук ыйлакчасы - vesicula seminalis;

5. Урук чыгаруучу түтүк -  ductus ejaculatorius;

6. Бульбо уретральдык без (Куперов бези) – glandula bulbouretralis;

7. Табарсыктын жанындагы без (Простата бези) – glandula  prostatatica;

8. Урук жипчеси -  funiculus spermaticus;

 Эркек кишинин сырткы жыныс тобуна кирген мүчөлөрү, чаткаяктын сырткы бетинде жайгашат:

1. Эркектин жыныс мүчөсү  - рenis;

2. Калта - scrotum;

3. Эркектин сийдик аккан каналы  - urethra masculina;[pic 1]

[pic 2][pic 3]

Эн бези (аталык без) латынча testis, грекче orchis, s.didymis.

Эн бези (аталык без) башка эркек кишинин ички жыныс органдарынан айырмаланып чаткаяктын заара-жыныс  аймагында, калтанын көңдөйүнүн төмөнкү бөлүгүндө жайгашат. Оң жана сол эн бездери, бири-биринен тутумдаштыргыч  ткандарынан турган калтанын тосмосу менен бөлүнүп турат. Эн бези жуп, сүйрү формада болот, анткен и  ал каптал жактарынан бир аз жалпайган.

Салмагы-20-30г.

Узундугу-4см

Туурасы-3см

Калыңдыгы-2см.

Эн безинин эки бети бар: ички бети -  facies medialis, сырткы бети -  facies lateralis. Эн безинин эки кыры бар: алдынкы кыры -  margo anterior, арткы кыры - margо posterior.

Эн безинин эки үчү бар: жогорку үчү -  extremitas superior, төмөнкү үчү  - extremitas inferior.

Эн бези сыртынан агыш түстөгү бекем фиброздук кабык менен капталган, аны агыш түстөгү кабык - tunica albuginea деп аташат. Агыш түстөгү кабык эн безинин арткы кырында калыңдап, эн безинин паренхимасына кирет, ал эн безинин ортолугу деп аталат. Күндүн чачыраган  нурлары сыяктуу эн безинин ортолугунан чыккан тоскучтар -  septula testis эн безинин паренхимасын аралап, аны белүкчөлөргө (үлүшчөлөргө) бөлөт. Ар бир эн бези 250-300 бөлүкчөлөрдөн (үлүшчөлөрдөн) турат. Эн безинин үлүшчөлөрү бири-биринен  тутумдаштыргыч ткандардан турган тоскучтар аркылуу бөлүнөт. Эн безинин бөлүкчөлөрү  конус формасында болот, анын негизи эн безинин бетине, ал эми чокусу эн безинин ортолугуна багытталган. Ар бир эн безинин бөлүкчөлөрүнүн(үлүшчөлөрүнүн) ичинде 2-3 уруктук ийри каналчалар tubuli seminiferi contorti бар. Анын ар биринин узундугу 70-100 , ал эми диаметри 140 . Аталган уруктук ийри каналчалар эн безинин ортолугун көздөй  багыт алат. Эн безинин бөлүкчөлөрүнүн (үлүшчөлөрүнүн) чокусуна жакын бири-бири менен кошулуп кыска уруктук түз каналчаларды tubuli seminiferirecti пайда кылат. Эн безинин ар бир бөлүкчөлөрүнөн(үлүшчөлөрүнөн) чыккан уруктук түз каналчалар эн безинин ортолугуна  чыгып, бул жерде алар бири-бири менен кошулуп эн безинин торчосун rete testis түзөт. Эн безинин торчосунан 12-15 уруктук чыгаруучу  каналчалар ductuli efferentes testis башталып, алар эн безинин агыш түстөгү кабыгын тешип, эн безинин кошумчасынын башын көздөй багыт алат. Эн безинин агыш түстөгү  кабыгы сыртынан, ич челинин мүчөлөрдөгү кабыгы менен бардык жагынан капталган, ал эн безинин арткы кыры аркылуу аны бардык жактан курчап турган, ич челинин капталындагы кабыгына өтөт. Эн безин каптаган ич челинин мүчөлөрдөгү кабыгы аны бардык жагынан  каптайт, анан эн безинин арткы  кыры аркылуу, эн безинин кошумчасына өтүп, аны  каптайт. Мына ушул жерде ал кичинекей орун калтырат, ал аркылуу эн безине кан-тамырлар, нервдер кирет. Эн бези урук жипчесине funiculus spermaticus илинип турат, ошол себептен анын жогорку учу алдыга карай, ал эми каптал бети бир аз артка карай багытталган. Эн безинин устунку учунда, кепчулук учурда анчалык чоң эмес өсунду кездешет. Ал эн безинин өсундусу appendix testis деп аталат. Ал парамезонефроздук өткөөлдун жогорку белугунун рудиментардык калдыгы. Эн бези аралаш без, ал сперматозоиддерди (урук клеткаларын) уруктук ийри каналчаларда пайда кылат, калган баардык уруктук каналчалар, өткөөлдөр бир гана транспорттук кызматты аткарат. Андан башка эн бези эркектин жыныс гормондорун (тестестерон) канга белүп чыгарат, ал эркектин экинчи сырткы жыныс белгилерин пайда кылып, эркектин организмине таасир этет.

...

Скачать:   txt (42.7 Kb)   pdf (1.5 Mb)   docx (1.3 Mb)  
Продолжить читать еще 13 страниц(ы) »
Доступно только на Essays.club